Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

"Жапония Кыргызстандагы ресурстарга кызыкдар"


Кыргызстан менен Жапониянын желектери. Киото. 19-ноябрь, 2023-жыл
Кыргызстан менен Жапониянын желектери. Киото. 19-ноябрь, 2023-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-августта Астанага барды. Ал жакта 9-августта боло турган Борбор-Азия+Жапония форматындагы саммитине катышмакчы. Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан Жапония менен алакада кайсы багыттарга артыкчылык бериши керек?

Орусия-Украина согушунун фонунда өзгөргөн геосаясий шартта Жапониянын бул аймак менен кызматташуусунда кандай өзгөрүүлөр бар? Саясат талдоочу Чынара Эсенгул менен маектештик.

- Чынара айым, Астанадагы саммитти утурлай, Борбор Азия менен Жапониянын алакасы тууралуу сөз кылсак. Азыркы шартта алардын кызматташтыгына кандай баа берүүгө болот жана кайсы багыттарды камтыйт?

Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

- Борбор Азия менен Жапониянын ортосундагы саясий жана экономикалык мамилелер бир топ өнүккөн, бирок стратегиялык деңгээлде деп айта албайм. Соңку учурда Украинадагы согуштан улам бул алака Батышка ыктаган Жапонияны да, Борбор Азияны да ойлондуруп койду. Жапония биздеги ресурстарга кызыкдар, анын ичинде уранды айтсак болот. Учурда ушул жаатта сүйлөшүп жатышат. Азыр энергетикалык ресурстар жетишсиз болуп жатканы үчүн Жапония буга маани берип жатат.

Адам ресурстарын даярдоо боюнча Жапония мурун эле көп квота берген. Билим берүү жагынан мамлекеттик кызматкерлерге бөлүнгөн квотаны да көбөйтүп жатат. Алар келечекте Жапонияны жакындан билип, жакшы мамиледе болсун деген максаттагы геосаясий жактан маанилүү иш-чара.

Жапониядагы дагы бир маселе – иммиграция. Өлкөнүн улгайган жаштагы адамдар көп, элдин саны бара-бара азайып жатат. Балдар аз төрөлүп жатат. Ушул себептүү аргасыздан жумушчу күч үчүн квоталарды көбөйтүп, анын ичинен Борбор Азия үчүн да орундар бөлүнгөн. Завод же башка өндүрүштө иштөө үчүн даядалып, анан жөнөтүлүп жүрөт. Бирок бул багытта бизден барган адамдар азыраак, көбүнчө Түштүк-Чыгыш Азиядан баргандар көп. Жапония мурдагы премьер-министри Синдзо Абэден кийин саясий Батыш деп айтылган АКШ, Европа мамлекеттеринин айткандарынан же негизги саясатынан чыкпайт. Мындан улам Борбор Азия менен да өзүнчө саясат жүргүзөт деп айта албайбыз.

- Украинадагы согуштан улам дүйнөдөгү геосаясий кырдаал өзгөрүп атат. “Чоң жетинин” башкы дипломаттарынын жыйынында Жапониянын тышкы иштер министри Ёко Камикава Борбор Азияны “Чоң жетинин маанилүү өнөктөшү” деп сыпаттаган. Мындай риторика жана соңку учурдагы дипломатиялык аракеттердин активдешкени Батыштын Борбор Азияга Жапония аркылуу таасир этүү аракети болуп калабы?

- Муну эки тараптуу караса болот. Жапония Азияда жайгашканы жана окшош баалуулуктарга басым жасап, Борбор Азияга сунуштаган окуу-маданий программалары оң кабыл алынат. Жапондорго карата да элдин көз карашы жылуу. Ошол эле учурда бул аймакта Кытайга атаандаш боло ала тургандай атмосфераны түзүү зарыл болуп тургандай. Тарыхый жагынан келгенде Жапония менен Кытай коңшу өлкөлөр. Кытай Кыргызстан менен да жанаша жайгашып, экономикалык жана башка жактардан бизге анын таасири кыйла күч. Ошол таасирди азайтуу үчүн жогоруда сөз капуста Батыш, коалициялар Жапониянын потенциалын колдонууга аракет кылып жатат. Бул маселени саясатташтыргым келген жок, бирок чыныгы көрүнүш ушундай. Азыр Батыш менен Жапония, экинчи жактан Кытай менен Орусия Борбор Азияны ынандыруу аракетин көрүп жатат.

- Ушундай шартта Борбор Азия Жапония менен кызматташууда күткөн негизги жыйынтыгы эмне болушу керек? Ортодогу алака кайсы баалуулуктарга, артыкчылыктарга негизделгени туура?

- Жапониянын практикалык негиздеги өнүгүү моделдерин кароого болот. Мисалы, IT жана санарип технологиясын алсак болот, эгерде ал тарап бөлүшө турган болсо... Анткени бул аябай маанилүү нерсе да. Маалыматтык коопсуздук жаатында 5G чыкканы, Кытай 10G дегенин иштеп чыкканы айтылган. Бул маалыматтык коммуникацияны көзөмөлдөө эмес, бул толугу менен саясат менен байланыштуу болуп жатат. “Коопсуз шаар”, “Акылдуу шаар” деген долбоорлор, жарандарды жүзүнөн тааныган камералар жалпысынан коопсуздук маселесин түзөт. Ушул жааттан Кытайга көз каранды болбойбуз десек, Жапониянын бизге сунуштай ала турган долбоорлору бар. Бирок Кытай менен Орусия Борбор Азияга бул технологияны алып келүүгө канчалык жол берет, бул башка маселе. Өзбекстан бардык тараптар менен сүйлөшүп, конкреттүү долбоорлорду ишке ашырып жатат. Казакстан көбүнчө маалыматтык коопсуздук жагынан Орусия менен Кытайдын технологияларын колдонот. Ушул жагынан алганда Борбор Азиянын тандоолору, ыкмалары ар түрдүү. Бул аймак башкалар менен кызматташуудан мурда ич ара стратегиялык акценттерин тактап алышы керек деп ойлойм.

Борбор Азия бир чыкканда биздин алсыздыгыбыз билинбей калат. Казакстан же Өзбекстан+Жапония эмес, чыныгы Борбор Азия+Жапония болуш үчүн негизги маселелерди кеңешүүдөн өткөрүп алыш керек деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG