Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Садыр Жапаров Астанада суу ресурстары боюнча борбор түзүүнү сунуштады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астанада Борбор Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан суу ресурстарын натыйжалуу жана сарамжал пайдалануу үчүн Бишкекте регионалдык борбор түзүүнү буга чейин демилгелегенин белгиледи.

“Суу ресурстарынын чектелгендигин жана алардын бүткүл регион үчүн маанилүүлүгүн, ошондой эле Борбордук Азияда кызматташуунун иштиктүү механизминин жоктугун эске алып, биз региондо суу-энергетикалык кызматташтыктын өз ара пайдалуу экономикалык механизмин биргелешип иштеп чыгууну жана киргизүүнү жактайбыз. Бул механизм суунун энергетикалык, экономикалык, экологиялык жана социалдык баалуулугун, региондогу өлкөлөрдүн тиешелүү кызыкчылыктарын эске алууга мүмкүндүк берет”, - деди Жапаров.

Жапаров Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосунда Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча ведомстволор аралык кызматташуу келишимине кол коюлганын айтып, чакан ГЭСтер сыяктуу инвестициялык сунуштарга ачык экенин кошумчалады.

2023-жылы сентябрда Тажикстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактагы суу-энергетикалык көйгөйлөрдү көтөргөн. Кыргыз президенти Борбор Азияда энергетикалык ресурстарды үнөмдөөгө өбөлгө болчу заманбап технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүүнү сунуштаган.

Өткөн жылы Садыр Жапаров 13-октябрда КМШнын президенттеринин жыйынында аймактагы суу ресурстарынын 40% жакынын Кыргызстандагы суулар түзөрүн, аймакты суу менен камсыз кылууда кыргыз тарап өз жоопкерчилигин сезе турганын белгилеген.

2023-жылы күзүндө Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн. Казакстан сугат суунун жетишсиздигинен улам 13 районунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG