АКШ йемендик хусийлерди террорчулар тизмесинен чыгарды

Йемендик качкындардын Аден шаарынын жанындагы лагери. 27-май, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар Йемендеги гуманитардык кризиске байланыштуу йемендик хусийлер кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарды. Ошентип, АКШнын жаңы өкмөтү мурдагы президент Доналд Трамптын бийликтеги акыркы күндөрүндө кабыл алган жана сынга алынган чечимдеринин дагы бирин жокко чыгарды.

АКШнын Мамлекеттик департаменттин өкүлү президент Жо Байден АКШнын Йемендеги Сауд Арабиясы баштаган аскерий өнөктүктү колдоосун токтотконун жарыялагандан бир күн өткөн соң хусийлер кыймылы террорчулар тизмесинен чыгарылганын ырастады. Көпчүлүк адистер Йемендеги жарандык согушту исламдын шийи тобуна кирген хусийлерди колдогон Иранга каршы суннийлердин ваххабий агымы үстөмдүк кылган Сауд Арабиясы кыйыр түрдө жүргүзүп жаткан согуштук жаңжал деп эсептешет.

"Биздин иш-аракеттерибизге АКШнын мурдагы өкмөтү өзүнүн акыркы мүнөттө кабыл алып койгон чечиминин гуманитардык кесепеттери толугу менен түрткү болуп жатат; бул чечим, бизге БУУ жана кайрымдуулук уюмдар таасын аңдаткандай, дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризисти ого бетер күчөтүп салган», – деди Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү.

БУУнун маалыматы боюнча, Йемен учурда дүйнөдөгү эң олуттуу гуманитардык кризисти башынан кечирүүдө. Өлкөнүн калкынын дээрлик 80%га жакыны мукураган жакырлыкка батып, чукул кайрымдуулук жардамга муктаж.

Дагы караңыз АКШ: Сауд Арабиясы өзүн коргоого укуктуу


АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео президент Жо Байден кызматка киришээрден бир күн мурун, 19-январда, хусийлердин кыймылын террордук уюмдарын кара тизмесине киргизген.

Трамптын мурдагы өкмөтү Йеменге ар кыл кайрымдуулук уюмдардан, БУУдан, Кызыл Чырымдан жана айыл чарба товарларын, дары-дармектерди жана медициналык шаймандарды экспорттоочулардан кайрымдуулук жардам алууга уруксат берип келген. Бирок БУУ жана кайрымдуулук уюмдар муну таптакыр эле жетишсиз деп белгилеп, АКШнын өкмөтүн хусийлерди террорчу катары таануу чечимин толугу менен жокко чыгарууга чакырышты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы хусийлердин уюмун «терррорчу» катары таануу чечими Йемендеги кырдаалды тынчтык жолу менен жайгаруу жүрүмүнө кесепетин тийгизиши ыктымал, деген пикирин мурда билдирген болчу.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү хусийлердин уюмун «терррорчулар» тизмесинен кайра чыгаруу кадамы АКШнын бийлиги хусийлердин айрым "татыксыз жоруктарына" карата көз жумду мамиле кылып салат дегенди билдирбейт, деп баса белгиледи.

Дагы караңыз Эр-Рияд Перс булуңунда коопсуздукту коргогон коалицияга кошулду


Сауд Арабиясы баштаган аскердик коалиция 2015-жылы Иран колдогон хусийлерге каршы күрөшүп жаткан өкмөттүк күчтөргө колдоо көрсөтүп, Йемендин аймагына басып кирген. Өлкө экономикалык кризиске жана COVID-19 пандемиясына туш болуп турган оор кырдаалда, БУУ расмий өкмөт менен хусийлердин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандантууга далаалат кылууда.

Демократиялык сенатор Крис Мерфи расмий Вашингтондун бул чечимин атайын билдирүүсүндө кубаттап чыкты.

"(Трамптын өкмөтү тарабынан кабыл алынган) чечим... Йеменге азык-түлүк жана башка маанилүү жардамдарды жеткирүүнү токтотуп, натыйжалуу саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоол жаратмак болчу", – деди Мерфи.

Саудиялыктар жетектеген эл аралык коалиция абадан сокку ургандан кийинки Йемендин борбору Санаа шаары. 2020-жылдын 16-июну.


Кыска маалымат.
Өздөрүн «Ансар Аллах» – «Алланын жоокерлери» деп да атаган хусийлер кыймылынын «хусий» аталышы 2004-жылы сентябрда йемендик өкмөттүк аскерлер тарабынан мерт кылынган бул кыймылдын ошол кездеги жолбашчысы, өзүн имам деп жарыялаган Хусейн Бадруддин ал-Хуси (الحوثي‎; 1959—2004) мырзанын ныспасынан келип чыккан. Хусейн ал-Хуси 1994-жылы «Алланын жоокерлери» деп аталган жоочулар тобун негиздеген.

2004-жылы ал-Хуси Йемендин өкмөтүн «АКШга сатылып кетти» деп айыптап, «көз карандысыз эмирлик түзүлдү» деп жарыялаган жана өлкөнүн түндүк тарабындагы тоо койнунда коргонууга өткөн.

Йемен бийликтери аны жарандык биримдикке жана ар кыл диний топтордун ынтымагына жик салды деп айыптап, 2004-жылы 18-июнда аны камакка алууга аракет жасаганда, өлкөдө жарандык согуш башталган. Ошол жылы 10-сентябрда ал өлтүрүлгөн менен, анын тарапташтары азыркыга чейин анын ысымындагы кыймылдын курамында борбордук бийликке каршы күрөш жүргүзүп жатты.

Хусийлер оболу калктын басымдуу көпчүлүгүн суннийлер түзгөн Йемендин түндүгүндөгү Саада ооданын шийилер үчүн автономиялык аймак катары жарыялоо талабын да көтөрүп чыгышкан. Йемен өкмөтү шийилер бийлеген Иран өкмөтүн хусийлерди тымызын колдоого алып жатат деп айыптап чыкты.

Хусийлер 2011-жылдагы Йемендеги элдик ыңкылаптын жемишин көбүрөөк алышты. 2014–2015-жылдардагы саясий окуялардан кийин алар иш жүзүндө Йемендин түндүгү менен борборун көзөмөлдөп калышты.

Йемендеги кырдаалдын картасы. 01.6.2020. Мында: жашыл түс: шийилерден болгон хусийлер кыймылы көзөмөлдөгөн аймак; кызыл түс: президент Хадинин дүйнөдө расмий таанылган бийлигинин аймагы; сары түс: түштүк йемендик жикчилердин Түштүк Убактылуу Кеңеш уюму бийлеген аймак; ак түс: “ал-Кайида” террордук тармагына кирген “Ансар ал-шарийа” тобу көзөмөлдөгөн аймак; кара түс: “Ислам мамлекети” террордук уюму көзөмөлдөгөн аймак.


Йемендин бир кыйла бөлүгүн 2015-жылдан бери хусийлер негиздеген Ыңкылап кеңеши башкарып келет. Бул кеңештин президенти – Мухаммед Али ал-Хуси. Ал маркум Хусейн ал-Хусинин тууганы болуп саналат. Ыңкылап кеңешин жана анын президентин БУУ, АКШ жана башка көптөгөн өлкөлөр тааныган эмес.

Дагы караңыз Йеменде согушкандар сүйлөшүүгө мажбур болду


Эл аралык коомчулук президент Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүн расмий таанып келет. Сауд Арапстанда бозгунда жүргөн Хади мырзаны 2020-жылы Санаа шаарынын хусийлердин көзөмөлү астындагы соту «чыккынчылык кылды» деп сыртынан өлүм жазасына өкүм кылган.

Йемендин бөлүктөрү өз ара айыгышкан исламчыл террорчу топтордун жана жикчилердин көзөмөлүндө кала берип жаткандыгы да өлкөдөгү жалпы тынчтык жүрүмүнө зор кесепетин тийгизүүдө.