Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Эр-Рияд Перс булуңунда коопсуздукту коргогон коалицияга кошулду


Сауд Арабиясынын эки мунай заводуна 14-сентябрда чабуул коюлган.
Сауд Арабиясынын эки мунай заводуна 14-сентябрда чабуул коюлган.

Сауд Арабиясы Перс булуңунда ары-бери каттаган кемелердин коопсуздугун камсыз кылган, АКШ баштаган коалицияга кошулганын жарыялады. Расмий Эр-Рияд мындай чечимин 14-сентябрда эки мунай заводуна дрондон сокку урулгандан кийин жана Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Саудияга келер алдында кабыл алды.

Вашинтон Сауд Арабиясындагы мунай өндүрүүнүн азайып кетишине себеп болгон бул окуя үчүн Иранды айыптап жатат. Эр-Рияд болсо бул чабуулда «Ирандын курал-жарактары» колдонулганын билдирүүдө.

Төрт күн мурдагы бул чабуулду Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары уюштурганын бышыктаган.

Расмий Тегеран окуяга тиешеси жок экенин билдирип жатат. 18-сентябрда Ирандын президенти Хасан Роухани хуситтер Саудиянын Йемендеги аракеттеринен улам «эскертүү иретинде» мунай заводдоруна сокку урганын айтты.

АКШнын Мамлекеттик департаменти кабарлагандай, шаршемби күнү Майк Помпео Жидда шаарында Саудиянын мураскер ханзадаасы Мухаммад бин Салман менен жолугуп, мунай заводдоруна урулган соккунун чоо-жайын жана Ирандын чөлкөмдөгү агрессиясына каршы туруу маселесин талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG