Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Йеменде согушкандар сүйлөшүүгө мажбур болду


Йемен.
Йемен.

Йемендин 20 миллион тургуну же өлкө калкынын 70 пайызы гуманитардык жардамга муктаж. Ал үчүн 4 миллиард доллар чогултуу зарыл. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) билдирди.

Ал арада Швецияда бир жумадан бери Йемендеги жоолашкан тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүдө. Анда төрт жылдан берки уруштарды токтотуу, туткундарды алмашуу сыяктуу маселелер талкууланып жатат.

Йемен.
Йемен.

Йемендин 20 миллион калкы ачарчылыкта, ал эми 250 миң киши андан да оор бүлгүн шартында жашап жатат. Бул тууралуу 10-декабрда жакында эле Йеменге барып, чыныгы абалды көрүп келген БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Лоукок билдирди. Анын айтымында, ачарчылыкты, өлүмдү жана жакырчылыкты баштан кечирип жаткан Йемендеги каатчылык кризистин эң жогорку – бешинчи баскычына жетти. Дүйнөдө бул баскычтагы оор шартта жашап жаткан Түштүк Суданда гана 25 миң адам бар. Ал эми мындай күндү Йемендин өзүндө эле андан он эсе көп, 250 миң адам баштан кечирүүдө.

- Биздин максатка жетүүдө проблемалардын жыйындысы тоскоолдук жаратууда. Алардын бири чечилсе эле прогресске жетишип калбайбыз. Бул топтошкон көйгөйлөр, уруштар, жолдордун тосулганы гуманитардык жардам берүү ишине бут тосууда. Экономиканын талкаланганынан улам көп киши жардамга муктаж, - деди Марк Лоукок.

Марк Лоукок.
Марк Лоукок.

Анын айтымында, БУУ жарандык согуш жүрүп жаткан Йемендин 20 миллион тургунуна же өлкө калкынын 70% бөлүгүнө гуманитардык жардам бериш үчүн кеминде 4 миллиард долларга муктаж болот.

Ал арада ушул тапта Швецияда БУУнун ортомчулугу менен эки жылдан бери биринчи жолу өлкөдөгү согушту токтотуу максатында Йемендеги жаатташкан тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп жаткан кези. Жолугушууга ортомчулук кылып жаткан БУУнун атайын чабарманы Мартин Гриффитстин айтымында, 6-декабрда башталган сүйлөшүүлөр 13-декабрга чейин уланат. Жаңы жылдан кийин да ушундай эле сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасын өткөрүү мерчеми бар.

- Бул көптөгөн консультациялардын бири гана, - деди Гриффитс. - Мен эртең же бүрсүгүнү макулдашуу үчүн Йемендин президенти Хади менен сүйлөшөм деп үмүттөнөм. Албетте, экинчи тарап менен сүйлөшөм. Анда биз Йемендеги чатакты саясий жактан жөнгө салуу үчүн кайда жана качан сүйлөшүү баштаарыбызды макулдашабыз.

БУУнун өкүлү Мартин Гриффитс.
БУУнун өкүлү Мартин Гриффитс.

Мартин Гриффитс жолугушууда төрт жылдан берки уруштарды токтотуу боюнча макулдашуу түзүлбөсө да, туткундарды алмашуу сыяктуу маселелерде жылыштар бар экенине токтолду:

- Бул биз туткундарды бошотууда алдыга жылганыбызды көрсөтөт. Бизде бул боюнча эки тараптын катышуусунда жолугушуу болду. Эки-үч күндүн ичинде бул тууралуу жарыяланат. Мен бир канча аптанын ичинде абактан чыга тургандардын саны олуттуу болот деп үмүттөнөм.

Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы, ошондой эле Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турат.

Сауд Арабиясы баштаган аскердик коалиция үч жылдан бери эл аралык коомчулук тааныган өлкө лидери Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтириш үчүн бул чырга аралашып, абадан сокку уруп келет. Аларды айрым Батыш мамлекеттери жана АКШ да колдогон.

БУУ азыр сунуш кылып жаткан план ок атышууну токтотуу менен катар Йеменде өткөөл өкмөт түзүүнү камтыйт. Йемендик саясат талдоочу Мухтар Яфиттин көз карашында, тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштап жатканы менен ага жетишүүдө тоскоолдук жаратчу жагдайлар көп.

- Хуситтерде да, өкмөттө да ички карама-каршылыктар бар, - дейт ал. - Эки тарап тынчтык макулдашуусуна жетишкен күндө да "Бийликке ким келет?" деген маселеде пикир келишпестик чыгат. Ушул маселедеги ырксыздык Йемен өкмөтүндө да, куралдуу хусит тобунда жана алардын өнөктөштөрүндө да бар.

Йемендеги үч жылдан ашкан жарандык согушта он миңден ашык адам өлдү, 500 миңдей киши жер которууга аргасыз болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG