Windows аэропорттордун айласын кетирди

Нидерланддагы аэропорт. 19-июль 2024-жыл

Жума күнү дүйнөнүн булуң-бурчундагы өлкөлөргө технологиялык “апаатка” туруштук берүүгө туура келди. 

Компьютерлердин Windows операциялык системасы иштебей калып, глобалдык алкакта аэропорттор, вокзал, банк, супермаркеттер, оорукана, дарыканалар, телеканалдар, мамлекеттик мекемелер, биржалар иштебей турду.

IT тармагында мурда болуп көрбөгөн мындай үзгүлтүктүн эпкини АКШ, Австралия, Европа, Жапония, Жаңы Зеландия, Гонконг, Израил, Түркия жана башка жерлерде сезилди.

Аэропорт, темир жол вокзалдарында, деңиз портторунда башаламандык өкүм сүрүп жатты.

Бухарест аэропорту. 19-июль 2024-жыл

Microsoft үчүнчү тарапты айыптап, тейлөө кызматын дароо калыбына келтирүүгө убада кылды.

Киберкоопсуздук тармагында иш алып барган америкалык Crowdstrike компаниясы киберчабуул болбогонун билдирди.

ABC news жазганына караганда, АКШнын Юстиция министрлигинин айрым компьютерлери токтоп калды. Бирок укук коргоо органдарынын жериндеги ишине таасир тийген жок.

Техниканын иштебей калышынан америкалык бир нече оорукана жабыркады.

Маселен, Бостондогу Mass General Brigham клиникасында жума күнкү операциялар башка күнгө которулду. Огайо штатындагы Цинциннати шаарындагы балдар ооруканасындагы борбор да компьютерлери үзтүлтүккө учураганын маалымдады.

19-июлда эртең менен Америка аба жолдору, United жана Delta компаниялары бир миңдей рейсти аткарышкан жок. Бир нече каттамдын жүргүнчүлөрү учактарын аэропортто сааттап күтүштү.

Күндүн экинчи жарымында авиакомпаниялар акырындык менен өз режимине кайта баштады.

Европадагы абалды башка көптөгөн медиа менен катар италиялык Corriere della sera гезити баяндап берди.

Алсак, Берлиндеги Бранденбург аэропортунун иши жума күнү эртең мененки саат 7ден тарта чектелген. Ал жакта да рейстер кечигүү менен аткарылып, кээ бир багыттарга каттамдар токтотулган. Авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдү кол менен каттап жатышты. Түштөн кийин бара-бара аэропорттун иши калыбына келе баштады.

Басылма саламаттык сактоо тармагында кызмат көрсөткөн мекемелердин ишине залака тийгенине да токтолду. Европадагы ири клиникалардын бири, Германиянын Шлезвиг-Гольштейн аймагындагы оорукана 19-июлда алдын ала пландалган операцияларды башка күнгө калтырды, бейтаптарды кабыл алууну токтотту.

Британиянын улуттук саламаттык сактоо кызматы терапевттердин көбүнүн иши үзгүлтүккө учураганын билдирди. Атап айтканда, бейтаптарды каттоо, дарыгерге жазылуу, түрдүү текшерүүлөрдүн жыйынтыгын чыгаруу, дары-дармек рецепттерин жазып берүү мүмкүн болгон жок.

Гезит дүйнө жүзү боюнча миллиондогон кишини убара кылган мүчүлүштүк миллиарддаган евро чыгым алып келгенин жазды. Бул тууралуу кардарлардын укуктарын коргогон Codacons биримдиги билдирип, анын себепкерлери менен соттошууга даярдыгын айтты. Адистер системанын бузулушуна Crowdstrike компаниясынын программаны туура эмес жаңылашы алып келгенин белгилешет.

Мындай маселе көптөгөн киши жайкы эс алууга жөнөп жатканда жаралып отурат. Андыктан, деп эсептейт Codacons Microsoft жана Crowdstrike компанияларына каршы коллективдүү арыз берсе болот.

Казакстан жашыл энергияны сүрөөнгө алат

Казакстан Өзбекстан жана Азербайжан менен бирге электр энергияны экспорттоо потенциалын өнүктүрүү аракетин күч алдырууда. Журналист Алмаз Куменов Eurasianet басылмасында жарыялаган макаласында кошуна өлкөнүн Энергетика министрлиги жашыл энергия тармагында Өзбекстан жана Азербайжан менен кызматташуу стратегиясын коомдук талкууга алып чыкканын жазды.

Балхаш. Архив

Долбордо “климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөштө жашыл жана таза энергетиканын мааниси” белгиленген.

Докуменкте ылайык, Казакстан Европа, Борбор Азия жана Каспий чөлкөмүндө транзит маршруттарын, энергияны диверсификциялоого өбөлгө түзгөн энергетикалык инфраструктура тармагында жаңы демилгелерди биргелешип аткарууда өзүнө бир катар милдеттенмелерди алат.

Муну менен катар абага зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгуусуна тезирээк бөгөт коюу аракетин көрөт.

Тараптар жашыл энергияны экспорттоо максатында Борбор Азия менен Азербайжандын энергетикалык системаларын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришкен.

Журналисттин жазганына караганда, жашыл энергия негизинен Еврошаркетке экспорттолот. Орусия Украинага кол салып, Батыш Москвага каршы санкцияларды киргизгенден бери биримдик энергиянын тартыштыгына туш болгон.

Сөз болгон үч өлкө май айында кол койгон меморандумда Батышка электр энергиясын экспорттоону жеңилдетүү үчүн Каспий деңизинин түбүндө жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын жаткыруу каралган. Бул документте жана жаңы макулдашуунун долбоорунда канча инвестиция салынары, конкреттүү инфраструктуралык пландар жана курулуштун мөөнөтү көргөзүлгөн эмес.

Казакстандын климаты жана кең талаалар үстөмдүк кылган географиясы шамалдын күчү менен иштеген электр станцияларын пайдалануу үчүн ыңгайлуу.

Энергетика министрлигинин маалыматында, өлкөнүн шамал энергетикасынын потенциалы жылына кеминде 920 млрд кВт саатты түзөт.

Автор белгилегендей, Казакстан өзүнүн жашыл энергетикасынын мүмкүнчүлүгүн активдүү өнүктүрүүдө. Бүгүнкү күндө энергиянын калыбына келчү булактары өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын жалпы көлөмүнүн 6% жакынын гана түзөт, ал эми көмүр жагуу менен алынган энергия 80% жакын. Өкмөттүн дымактуу планына ылайык, жашыл энергиянын үлүшү 2030-жылга чейин 15%, 2050-жылга чейин 50% чейин көтөрүлмөкчү.

Макалада айтылгандай, айрым эксперттер өкмөт көздөгөн максатына жетсе, экспортко жана ички керектөөгө электр энергиясы кайдан алынат деген суроо салышат.

Орусиянын маалымат каражаттары Олжас Байдилдинов аттуу адиске шилтеме берип, 2030-жылга карай Казакстан 6 гигаватт таңсыктыгына учурашы мүмкүн деп жазышты.

Журналист өлкө атомдук энергияны да пайдаланууну көздөгөнүн эске салат. Июнда президент Касым-Жомарт Токаев АЭС куруу маселесин улуттук референдумга алып чыгарын билдирген. Автор Казакстан советтик доордо Кремлдин атомдук полигону болуп келгенин, экологиялык жаралары дагы эле сезилгенин белгилейт.

“Баштала элек жатып Монголия Олимпиаданы жеңди”

Париждеги Олимпиадага бир жумадан аз убакыт калганда оюндар ар кыл өңүттөн чагылдырылып келет. Өтүп бараткан аптада Монголиянын улуттук командасынын формасы Франциянын гана эмес, дүйнөнүн башка жерлериндеги прессада резонанс жаратты.

Париж

“Парижде “Мода жумасы” жүрүп жаткандай. 26-июлда дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулар оюндардын ачылыш аземинде өз өлкөлөрүнүн түстөрүндө тигилген кийимдерин кийип чыгышат. Монголиянын формасы интернет колдонуучуларын кадимкидей багындырды”.

Le Parisien гезити 17-июлдагы макаласын дал ушундай сөздөр менен баштайт.

Социалдык тармактардагы айрым посттордун авторлору дизайнерлер монголдордун маданиятын мыкты чагылдырышканын, мындай кооз форманы мурда-кийин көрбөгөнүн жазышса, таанымал стилист Райян Йип “Монголия баштала элек жатып эле Олимпиаданы жеңди” деп айтты. Анын ТикТоктогу видеосу 2 миллиондон ашуун жолу көрүлдү.

Форманы Michel & Amazonka бренди иштеп чыккан. Салттуу мотивдер менен Олмпиаданын символдору айкалаштырылган комплект желетке, узун жука чапан жана аксессуарлардан турат. Алтын жип менен сайма сайылган костюмдарга өлкөнүн символдору – Күн, Ай жана мифологиялык Гуа-Марал бугусунун сөлөкөтү түшүрүлгөн.

Кыз-келиндердин формасына чоң улуттук сөйкө жана саймалуу чакан сумкалар кошулган. Эркектер жаачылардын баш кийимин, салттуу өтүк кийишет жана белине оймо-чиймелүү кемер курчанат.

Форма Монголиянын туусунун көк, кызыл жана ак түстөрүндө тигилген.

Костюмдардын авторлору эже-сиңди Мишель Чойгаалаа жана Амазонка Чойгаалаа Michel & Amazonka брендин 2015-жылы негиздеген.

Гезит Франциянын улуттук командасынын формасына да токтолгон. Аны Берути деген люкс бренд тиккен.