Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Чүйдө “Ысык-Ата-1” чакан ГЭСи иштей баштады


“Ысык-Ата-1” чакан ГЭСин ишке киргизүү. 21-июнь, 2024-жыл.
“Ысык-Ата-1” чакан ГЭСин ишке киргизүү. 21-июнь, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусунда “Ысык-Ата-1” кичи гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) ачылышына жана ишке киргизилишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров чогулгандарды кубанычтуу окуя менен куттуктап, өлкөдө жаңы чакан жана ири ГЭСтерди курууга артыкчылык берилерин белгиледи.

“Бул кичи ГЭСтин ишке кириши менен биз президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин жарлыгын ишке ашырып жатабыз. Кошумчалай кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында республика боюнча 100 ишкана, анын ичинен бул кичи ГЭС ачылып жатат. Жакынкы жылдарда биздин өлкөдө ондогон гидроэлектрстанциялар, күн жана шамал станциялары курулат. Кылымдын курулушу – Камбар-Ата-1 ГЭСин баштадык. Ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу да башталганы турат. Ал Шанхайдан Парижге чейинки эң кыска жол болот”, – деди Акылбек Жапаров.

“Ысык-Ата-1” чакан ГЭСинин кубаттуулугу 2 МВт. Ал жылына 13,3 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт деп эсептелген.

Чакан ГЭСке "Сапат электро" жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылат. Аны "Интек" аттуу фирма курган. Долбоордун наркы маалымдалган эмес.

Энергетика министрлиги 2021-жылы өлкө аймагында 48 чакан ГЭС курууга ниеттенген 20 компанияга күбөлүк берген. Бийлик ГЭСтер өндүргөн электр кубатын 15 жыл бою 3 сом 27 тыйындан сатып алып, элге кайра арзандатылган баада сатууга убада кылган.

Учурда өлкөдө онго жакын чакан ГЭС бар. Буларга кошумча жаңы курула турган дагы 48 ГЭС жалпы 300 МегаВат электр кубатын өндүрөт. Бул Токтогул ГЭСиндеги төрт агрегаттын бири өндүргөн энергия менен барабар болуп калат.

Кыргызстандын гидро жана жылуулук электр станциялары соңку он жылдан бери 14-15,1 млрд кВт/саат гана электр энергиясын өндүрүп келген. Ошол эле маалда керектөө 16-17 млрд кВт/саатка жетип жатат. Ортодогу айырмачылыкты жабуу үчүн бийлик башка өлкөлөрдөн - Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан, былтыртан тартып Орусиядан да электр энергиясын сатып алууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG