Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Кыргызстанда "Ростатомдун" кичи АЭСи кайда курулат?


Кыргызстан Орусиядагы "Росатом" корпорациясы менен атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча келишим түзүүгө белсенип жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 25-мартта “Атомэкспо” форумунда билдирди.

Тараптар АЭСке байланыштуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жыл жаңырганда баштаган. Анда бул маселе коомчулукта талаш-талкуу жаратып, петицияга кол топтоо чогултулган эле.

Таалайбек Байгазиев Кыргызстан АЭС куруу жаатында "Росатом" корпорациясына караштуу "НоваВинд" компаниясы менен кызматташууга даярданып жатканын айтты. Учурда тараптар буга байланыштуу келишим түзүүгө камынып турганын билдирди.

Таалайбек Байгазиев.
Таалайбек Байгазиев.

"Биз учурда “Росатом” корпорациясынын алдындагы “Новавинд” компаниясы менен инвестициялык кызматташуу келишимин түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Биз төмөн кубаттуулуктагы атом электр станциясын куруу жана толугу менен жашыл электр энергиясына өтүү боюнча келишим түзөбүз, бул эч кимге сыр эмес".

Энергетика министрлиги азырынча мындан башка кеңири маалымат, түшүндүрмө бере элек.

Кыргыз өкмөтү "Росатом" менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Анда бул корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев Кыргызстандын аймагында RITM-200N реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу пландаштырылып жатканын билдирген. Мындай АЭС "өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына гана салым кошпостон, калктын жашоо сапатына жана бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн илимий-техникалык потенциалынын өнүгүшүнө да таасир этет", - деп айткан.

Бул кабар кыргыз коомчулугунда талаш-тартыш жараткан жана мындан улам Энергетика министрлиги АЭС куруу чечими оңой-олтоң кабыл алынбай турганын айткан.

Министрлик берген түшүндүрмөдө мыйзамдар, көп тараптуу экспертизалар, экологиялык коопсуздук өңдүү жагдайлар эске алынганы жана узакка созулган жараяндын негизинде гана Кыргызстандын аймагында АЭС куруу чечими кабыл алынышы мүмкүн экени белгиленген.


Мындан көп өтпөй Climate Action Network аттуу климаттын өзгөрүүсүн иликтеген уюмдун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча координатору Ольга Бойко Кыргызстанда Орусиянын "Росатом" ишканасынын атомдук электр станциясын курууга багытталган долбоорун сындап чыккан. Ал Фейсбуктагы баракчасына аталган уюм аймакта жана дүйнөдө АЭС курууну колдобосун белгилеген.

"Борбор Азияда "Росатом" корпорациясынын АЭС курууга умтулуусу саясий гана максатка байланышкан. Бул аймакта кургакчылык өкүм сүрүп, дарыялар соолуп баратат. Климат өзгөргөн сайын таза суу азайып жатат. Атомдук электр станциясынын реакторлорун суусуз иштетүү мүмкүн эмес. АЭС - өтө кымбат, кооптуу технология. Аны курууга жылдар талап кылынат, белгиленген каражаттан көп ресурс жана убакыт кетет. "Росатомдун" Кыргызстанга АЭС салууга аракеттениши - өлкөнүн Орусияга толук энергетикалык көз каранды болуусун шарттап, өзүндөгү кайра калыбына келе турган, экологиялык таза энергия булактарын өнүктүрүүгө тоскоол болот", - деп жазган Ольга Бойко.

Андан бир ай өтпөй Кыргызстанда экологиялык уюмдардын мүчөлөрү жана активисттер өлкөдө атомдук электр станциясын курууга каршы кол топтой баштаган. Алар АЭСке чийки зат кайдан келери, иштетилген калдыктар каякка кетери, аны зыянсыздандыруу кандай болору, башка коопсуздук маселелери тууралуу маалыматтар жок экенин билдиришкен.

Ошол жылы ноябрда Энергетика министрлиги “Росатом” менен кызматташуу үчүн документке кол коюлганы, ага ылайык, аталган корпорация АЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдай турганы белгилүү болгон.


Былтыр июнь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочиде "Росатомдун” башчысы Алексей Лихачев менен жолуккан. Өкмөттүн басма сөз кызматы аз кубаттуу АЭС куруу тууралуу маселеси дагы талкууланганын, Лихачев бул жаатта долбоор даярдалып жатканын билдиргенин жазган.

2023-жылдын аягында Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс комитетинин мүчөлөрү "Росатомдун" ишканалары, анын ичинен “Нововоронеж” АЭСинин иши менен таанышып келген. Алардын арасында депутат Кундузбек Сулайманов дагы болгон. Анын пикиринде, мындай станцияларды курууга байланыштуу кооптонууларга негиз жок. Ал бул маселе парламентте дагы талкууланарын кошумчалады:

Кундузбек Сулайманов.
Кундузбек Сулайманов.

"Орусияда АЭСтер иштеп эле жатпайбы. Бизге электр энергиясы керек. Азырынча ал маселе парламентке келе элек, биз карай элекпиз. Биз "Росатомдун" АЭСтерин көрүп келгенбиз, ал жерде коргой турган бардык чаралары бар экен. Биз "Нововоронеж" АЭСине барып көрүп келгенбиз. Алтургай ичине кирип, урандан жасалган таблетканын өндүрүшү менен дагы таанышып чыкканбыз".

Деген менен энергетика боюнча эксперт, "Түндүкэлектр" ишканасынын мурдагы башчысы Сапар Аргынбаевдин баамында, бул маселенин саясий өңүтү бар. Ал бул иштерди Орусиянын Кыргызстанды дагы көбүрөөк өзүнө көз каранды кылуу аракети катары сыпаттады:

Сапар Аргынбаев.
Сапар Аргынбаев.

"Мунун артында бир чоң саясат турат. АЭС аркылуу, аны жабдуу жана тейлөө аркылуу Орусия дагы таасирин чоңойткусу келип жатат. Биздин коомдо Орусияга жанын беребиз деген кишилер бар. Бизди жипсиз байлап салабыз деген ойдо болуп жатышат окшойт. АЭСке, биринчиден, адистер керек. Ошолор аркылуу бизди байлап койгусу келип жатат окшойт. Бул жерде биринчи маселе - көз карандылык, экология - экинчи маселе. Мен муну туура эмес деп ойлойм. Мунун кызыкчылыгы Кыргызстанда эмес, Орусияда турат".


Кыргызстанда соңку жылдары электр энергиясынын таңкыстыгы көбөйүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жалпысынан 14 млрд кВтка жакын электр энергиясы өндүрүлөт, керектөө болсо 17 млрд кВтка чейин жетет.

Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп жатат. Кыргыз өкмөтү былтыр августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизип, электр энергиясын өндүрүүнүн жаңы булактарын ишке ашыруу максаты коюлганын билдирген.

XS
SM
MD
LG