Сербия: Президент Вучич "үч оттун" ортосунда кантип ойнойт?

Сербиянын президенти Александр Вучич

Сербиянын президенти Александр Вучич Орусия, Кытай жана Батыш менен Белграддын саясатын тең салмактап, ошол эле маалда өлкө ичинде өз бийлигин бекемдөөнүн аракетин көрүп келет. Вучичтин мындай бардык тараптын тилин табуу аракети эмнеге алып келиши мүмкүн?

4-сентябрда Владивостокто өткөн экономикалык форумда Сербиянын вице-премьери Александр Вулин көшөгө артында президент Владимир Путин менен жолукканда "Белград - Орусиянын стратегиялык өнөктөшү” экенин айтты.

Путин мындай жылуу сөзгө элжиреп, президент Вучичке салам дубайын айттырып, серб лидерин Казанда өтчү БРИКСтин саммитине чакырды.

Бирок славяндардын мындай тилектештиги Европа биримдигине жаккан жок. Анын эртеси эле Еврошаркеттин тышкы иштер мекемесинин басма сөз өкүлү Питер Стано “Украин элине каршы агрессия маалында Москваны колдоо же байланыштарын чыңдоо Евробиримдиктин баалуулуктарына төп келбейт” деп айтты.

Вулиндин Ыраакы Чыгышка жасаган визити Брюссел үчүн жагымсыз маанай жаратты. Анткени соңку учурда Сербиянын Еврошаркет менен мамилеси жакындап бараткан эле. Августтун аягында серб бийлиги советтик МиГ истребителдерин француздардын реактивдүү "Рафалдарына" алмаштыруу тууралуу Париж менен макулдашууга жетишкен. Июлда Белград Брюссел менен электромобилдердин аккумуляторлору үчүн литий өндүрүү долбоорун баштоого кол койгон.

Мындай сигналдар бийликте турган 12 жыл ичинде Вучич үчүн кадыресе иш. Анткени карама-каршылыкка карабай Сербия Батыш, Орусия жана Кытай менен алака-катышын чыңдап келет.

Ыраакы Чыгыштагы жолугушуу Сербиянын Батыш менен жакындашып баратканына кубангандардын үмүтүнө суу сепкендей болду.

Софиядагы Либералдык стратегиялык борборду жетектеген Иван Крастев “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Сербиянын Франция менен келишими Белград “эми бир тарапты көздөдү” дегенди билдирбейт деп чечмеледи.

Бул 29-августта Вучичтин Макрон менен бирге өткөргөн басма сөз жыйынындагы сөзүнөн да сезилди. “Эммануэль Орусияга каршы санкция киргизишимди каалайт. Бирок биз ага барган жокпуз, ал үчүн уялбайбыз дагы” деди серб лидери.

Еврокеңештин эл аралык мамилелер боюнча директорунун орун басары Весела Чернева Сербиянын Германия жана Франция менен соңку келишимдери бир караганда Белграддын “европалык көз ирмеми” сыңары көрүнүшү мүмкүн деп сыпаттайт.

“Мунун баарына сынчыл көз менен кароого мажбур кылган нерсе – Сербияда соода-сатыктан, коопсуздуктан тышкары демократиялык баалуулуктар жана европачыл күчтөр да бар. Мунун баары эмнеге алып барат?”, - деди Чернева.

Байлык бөлүштүрүү

Вучич - дүйнө таанымында же канында Батыштын баалуулуктарын барктаган демократ эмес. 1990-жылдардын аягында Слободан Милошевичтин бийлигинин соңунда маалымат министринин кызматын аркалаган. Сербиянын ашынган радикал партиясынын жогорку жетекчилигинде жүрүп, 2008-жылы анын катарынан чыгып кеткен.

1990-жылдары Милошевич Югославиядагы согуштагы кандуу ролу үчүн эл аралык аренада “Балкандагы касапчы” атыгып, жек көрүндүгө айланган. Вучичти болсо глобалдык аренада, Еробиримдиктин лидерлери Балканда туруктуулукту орнотууда олуттуу салым кошкон куралы катары карашкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сербиянын лидери Александр Вучич Белградда, 17-январь, 2019-жыл.

Эл аралык дагы формуланы табуу Югославиянын жана Сербиянын тарыхында бар. Серб аткаминерлери азыркыга чейин Сербияны "Батыштын Чыгышы" жана "Чыгыштын Батышы" деп айтканды жакшы көрөт. Вучичтин тең салмакташкан ыкмасы югославиялыктардын мурунку лидери Иосип Броз Титонун саясатынан үлгү алгандай. Тито Кошмо Штаттарды же Советтер Союзун колдобогон мамлекеттердин биримдигин түзгөн.

Бирок Сербия бир кездеги Югославиядай дөөлөттүү болбосо дагы азыркы саясат өтө ийкемдүүлүктү жана кырдаалга жараша өзгөрүп турууну талап кылат. Вучич Сербиянын эл аралык өнөктөштөрүнүн ортосунда байлык бөлүштүрүүнү кылдат өздөштүрүп, кызыкдар тараптарга өлчөп-ченеп бергенди билет.

Евробиримдик - Сербиянын эң бараандуу инвестору, 2024-жылы авто жана темир жолдорду модернизациялоого 96 миллион евро берсе, буга кошумча жашыл энергетикалык долбоорлорун колдойт. Бирок Орусия бул өлкөдөгү улуттук мунай иштетүүчү заводду көзөмөлдөсө, Кытайдын Zijin Mining Group Бордогу эң чоң тоо кен компаниясынын 63% ээ.

Вучич Сербиянын эшигин араб өлкөлөрүнө да ачып, Бириккен Араб Эмираттары Белграддын коррупиялык схемалар менен коштолгон урбанизация долбоорлоруна миллиондогон доллар салган.

АКШны да четке калтырбай, Сербия экс-президент Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен Белграддын борборундагы мурдагы Югославиянын коргоо министрлигинин имаратын реконструкциялоо долбооруна кол койгон. 1999-жылы АКШнын жетекчилиги менен НАТО күчтөрү бомбалаганда талкаланган имарат шаардын бир тарыхый символу саналат.

1999-жылы НАТО бомбалаганда Белградда талкаланган тарыхый имарат

АКШдагы ноябрда өтчү президенттик шайлоо жакындаган сайын айрымдар Белграддын Кушнер менен келишимин Сербиянын Трамптын бийликке кайтып келишине даярдыгындай көрүшкөн. Жакында Financial Times басылмасы менен болгон маегинде Вучич ал келишимди жөн гана «бизнес» деп сыпаттаган.

Вучич суроого адаттагыдай астейдил жооп берген. "Менин досум [Венгриянын премьер-министри] Виктор [Орбан] 100% Трамптын тарабында", - деген. "Брюсселдеги досторум 100% Байден тарапта. Мен Сербия тараптамын жана иштин жыйынтыгын күтүп жатам".

Дагы караңыз Кыргызстанга Сербиядан багытталган товар кайда кетет?

Сербс лидери ушундай эле ыкманы Украинага келгенде да колдонуп, тобокелдиктин баарын таразалайт. Орусияга каршы Батыштын санкцияларына кошулбайт, Украинага болсо үчүнчү бир жактар аркылуу 800 миллион евролук снаряд берген. Бул 2022-жылдан бери Европа өлкөлөрүнөн барган ок-дарынын жалпы көлөмүнүн үчтөн бирине жакын.

"Ары түрт, бери тарт"

Тарыхтын кыйла сыноосунан өткөн Сербиянын Орусия менен мамилеси Вучичтин "ары түрт, бери тарт" деген эрежеси менен бараткандай. Славян элдеринин тарыхый жана руханий тамыры терең, ага кошумча Сербия дипломатиялык айдыңда Орусиядан көз каранды. Мисалы 2008-жылы өз алдынчалыгын жарыялаган, мурда Сербиянын курамына кирген Косовону БУУга кабыл алууда Москва бөгөт койгон.

Ошол эле маалда Вучич Орусияны оолак кармаганга да аракет кылат. 19-июлда Германиянын канцлери Олаф Шольц Белградга литий өндүрүү тууралуу макулдашууга кол койгону келгенде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко да Вучичке барган.

Британдардын Financial Times басылмасы өз булагына таянып, Москванын дипломатынын жолугушуусу "салкын маанайда" өткөнүн жазган. "Грушко отурган жеринен 23 пункттан турган Москванын таарынычын, анын ичинде Кремлдин ачуусуна тийген Украинага ок-дары берген Белграддын чечимин окуй баштады", - деп айтып берген жеке булак. "Гришко тизмесинин жарымына жеткенде Вучич ордунан туруп, жолугушуу соңуна чыкканын айтып, чыгып кетти", - деп жазат басылма.

Ал октябрда Казанда өтчү БРИКС саммитине Москванын чакыруусун да суз гана кабыл алып, дал ошол маалда Сербияга өтө сыйлуу коноктор келет деп, жообун кийинчерек билдирерин айткан.

Немис канцлери Олаф Шольц Белградга расмий сапар менен келген учур, 10-июнь, 2022-жыл

31-августта Прагада өткөн Глобалдык коопсуздук форумунда Вучич Кремлге жагынганын четке кагып, соңку эки, эки жарым жылда орус президенти Владимир Путин менен жеке бир байланыштары болбогонун билдирген.

АКШнын НАТОдогу мурдагы элчиси, Украина боюнча атайын чабарман Курт Волкердин сөзүнө караганда, Вучич көп жагынан Орусияга таянганы менен "кайсы бир деңгээлде ээн-эркиндей көрүнүп, көз карандысыздай аракеттенет".

Стабилитократия

Брюссел Балкандагы кызыкчылыктарына келгенде геосаясий жана этностук тең салмактуулукту колдоону фундаменталдык эркиндикти коргоодон жогору коёт деп сындашат. Айрымдар муну Еврошаркеттеги "стабилитократиялык мамиле" деп атап коюшат.

2023-жылы декабрда болгон соңку парламенттик шайлоодо катталган толтура мыйзам бузууларга Евробиримдик жана Франция менен түзүлгөн бизнес макулдашууларга байланыштуу көз жуумп коюшкан.

"Эгер Макрон макулдашууга жетишсе, анда ал башка көйгөйлөрдү чындап көтөрбөйт", - деди Волкер "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен болгон маегинде.

Бир нече жыл бою эл аралык байкоочулар жана укук коргоо уюмдары Сербияда басма сөз эркиндиги, мыйзам үстөмдүгү жана тамырлашкан коррупция тууралуу эскертип келет. Freedom House уюмунун акыркы баяндамасында Сербия саясий укуктарды коргоо жагынан 40тын ичинен 18ге сапка илинип, «жарым-жартылай эркин» деген топко кошулуп, өлкө авторитаризмге ооп баратканын айгинелейт.

Ошол эле маалда серб бийлиги өлкөнүн экономикасын Европадагы өтө тездик менен илгерилеп бараткандай көрсөткөнү менен толгон-токой тоскоолдуктар жоюла элек.

АКШнын Эл аралык соода мекемесинин июндагы баасында "мыйзам үстөмдүгүнүн алсыздыгы, экономикага саясаттын кийлигишүүсү, саясий басым-кысымдан арыла элек сот системасындагы реформанын солгундугу, коррупция, тамырлашкан жана көмүскө бюрократия, тендер системасында ачык-айкындуулуктун жоктугу сыяктуу көйгөйлөр" белгиленген.

Ички саясатка келгенде Вучич согуш кылмыштарына айыпталып, 2006-жылы Гаагадагы түрмөдө көз жумган Милошевичке караганда күчтүү лидер болуп чыкты. Милошевич колунан чыгарган кырдаалды жөндөп, мисалы, салттуу түрдө оппозициянын таянычы болгон Белграддын айрым жерлерине толук көзөмөл орнотууга жетишти.

"Вучичтин тушунда серб улутчулдугунун күчөгөнүн көрдүк. Черногорияга бүлүк салуу мүдөөсүн көрдүк. Милорад Додикти [босниялык сербдердин лидери] колдоп, Боснияны бүлгүнгө учуратуу аракетин көрдүк", - деди Волкер.

Сербиянын соода-сатыгынын 70% Еврошаркет менен жүрөрүн эске алып, Брюсселди чындап эле Вучич шаркеттин принциптерине берилгенби же Сербия экономикалык кызыкчылыктан улам гана биримдикке кошулууну көздөйбү деген суроо түйшөлтөт.

Дагы караңыз Сербияда кытайлык аялдар сексуалдык кулчулукка кабылды

Баарын камтуу саясаты

Вучич ички жана тышкы саясатты кудум эле шайлоо өнөктүгү маалындагыдай жүргүзүп, өз оппоненттери болобу же өнөктөштөрү болобу, айтор баарына алдыдагы пландары тууралуу сыр алдырбай, баарын тең ойнотот.

Карама-каршылыктуу жерлери да толтура. Вучич өлкөдө литий өндүрүү тууралуу Батыштагы өнөктөштөрү менен өзү макулдашса, ошол эле маалда Батыштын коопсуздук күчтөрү өлкөдө каршылык акцияларын уюштуруп, бийликти кулатуу маскатында "түстүү ыңкылапты" көздөгөн кутум жасап жатат деп айыптаган.

"Вучичтин саясаты баарын батырат, - дейт Financial Times басылмасына Венадагы Гуманитардык илимдер институтунун кызматкери Иван Вейвода. - Бир убакта эле Си [Кытайдын лидери] сапар менен келет. Андан көп өтпөй эле Зеленская [Украинанын биринчи айымы] менен Дмитрий Кулеба [Украинанын экс-министри] келип калды. Алардан кийин Вучич Орусиянын маданий борборуна барып, актангандай сөз сүйлөйт. Андан эки күн өтүп, Евробиримдикте өнүгүүнүн планын талкуулайт".

Вучичтин мындай тобокелге салганы балким анын прагматикалык саясаты да болушу ыктымал. Бирок акыры барып Сербиянын эл аралык өнөктөштөрү ага эч кандай ишеним артпай коюшу да толук мүмкүн.

"Жардын кыры менен жүргөн оңой эмес, - дейт Либералдык стратегиялык борбордун кызматкери Крастев. - Кайсы бир маалда андай киши өтө аялуу болуп калат".

Ал эми Волкер Сербиянын лидеринин кандайдыр бир кыраакы көз карашы бар деп санабайт.

"Анын ахвалындагы киши шайтан араба минип бараткандай эле", - деп салыштырды ал. "Ошол эле маалда колуңдагы бардык топторду ары-бери ыргытып, оюн көрсөтүп, анан кайрадан жолуңду токтобой уулантууң керек. Анын максаты - бийликте калып, саясий сапарын уланта берүү", - деди Волкер.

Макаланын автору: Dragan Stavljanin