Венеция комиссиясы: “Чет элдик өкүл” мыйзамы эл аралык стандаттарга шайкеш келбейт

Бишкектеги сөз эркиндигин коргоого чакырган акция. 2022-жылдын ноябрь айы.

Европа кеңешинин консультациялык органы болгон Венеция комиссиясы кыргыз өкмөтүн "чет элдик өкүл" деп аталып жүргөн мыйзамды артка кайтарууга чакырды.

Комиссиянын 14-октябрда жарыяланган корутундусунда аталган мыйзам эл аралык стандарттарга шайкеш келбей турганы, Орусия сыяктуу бир катар мамлекеттерде кабыл алынган талаштуу "чет элдик агент" мыйзамдарына окшош экени белгиленген.

Баяндаманын авторлорунун бири, эл аралык укук боюнча чехиялык адис, профессор Вероника Билкова “Азаттыкка” маек куруп, Кыргызстанда апрель айында күчүнө кирген мыйзамдын суроо жараткан жактарын түшүндүрүп берди.

- Венеция комиссиясы соңку корутундусунда кыргыз бийлигин “чет элдик өкүл” атыккан мыйзамды артка кайтарууга үндөп, бул документти “өлкөнүн адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү багытындагы буга чейинки көрсөткүчтөрүнө урулган чоң сокку” деп сыпаттады. Алгач бул мыйзамга жана анын кабыл алынышына байланыштуу Венеция комиссиясынын тынчсыздануусун жана соңку корутундусунун өзөгүн түшүндүрүп өтөсүзбү?

- Биринчиден, Кыргызстандын “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизген бул документке байланыштуу Венеция комиссиясынын жакында кабыл алынган пикирине көңүл бурганыңызга рахмат. Корутундуга ылайык, талдоого алынган мыйзам эл аралык стандарттарга, өзгөчө сөз эркиндиги менен бирикмелерге мүчө болуу эркиндигине байланыштуу стандарттарга жана басмырлоого каршы принципке толук шайкеш келбейт.

Вероника Билкова.

Мунун бир нече себеби бар. Мен алардын айрымдарын атап өтөйүн. Биринчиден, мыйзамда аныктамасы бүдөмүк бир катар терминдер бар. Алардын бири - “чет элдик өкүлдүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюм” деген термин. Аныктамасы бүдөмүк жана өтө кеңири мааниде болгондуктан, бул термин көп нерсени өзүнө камтып калышы мүмкүн.

Андан тышкары мамлекеттик органдарга, өзгөчө Юстиция министрлигине кеңири ыйгарым укук берилген. Ошондой эле мыйзамдын кандай негиздүү максаты болсо да, ал максат менен документте көрүлө турган чаралар өлчөмдөш (пропорционалдуу) эмес.

Жөнөкөй тил менен айтканда, мыйзамдын укуругу узун жана пайда алып келе турганчалык деңгээлде так эмес.

- Венеция комиссиясынын корутундусунда чет өлкөдөн каражат алган жана саясатка аралашкан бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк өкүл” деп атоого байланыштуу өзгөчө тынчсыздануулар камтылган экен. Комиссия бул беренелерди эмне үчүн талаштуу жана кооптуу деп эсептейт?

- Бир жагынан, Венеция комиссиясынын баамында, бул мыйзамда буга чейинки версияларына салыштырмалуу “чет элдик агент” деген термин жок. Бирок “чет элдик өкүл” же “чет элдик өкүлдүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк бар. Экинчи жагынан, бул түшүнүктүн стигмага же жектөөгө жол ача тургандай кесепети бар экени биздин корутундуда белгиленген.

Мындай атка конгон уюмдардын кыйынчылыктарга дуушар болуу тобокелдиги жогору. Башка уюмдар же мекемелер мындай уюмдар менен кызматташпай коюшу мүмкүн.

Мыйзамда башка терминдерге, анын ичинен “саясий ишмердик” деген түшүнүккө аныктама берилген. Тилекке каршы, бул аныктама өтө кеңири. Мыйзам Кыргызстанда иш алып барган бардык бейөкмөт уюмдарга каршы колдонулуп калышы мүмкүн.

- Венеция комиссиясы өз корутундусунда Кыргызстандын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизген бул документ жакынкы жылдары Босния жана Герцеговина, Грузия жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдө кабыл алынган же сунушталган “чет элдик агент” деп аталган мыйзамдарга окшош экенин белгилеген. Кандай окшоштуктар бар экенин жана алар эмне үчүн камтамачылык жаратарын түшүндүрүп бересизби?

- 2012-жылдан бери бир нече мамлекет, анын ичинен сиз айтып өткөн Орусия менен Грузия “чет элдик агент” деп аталган мыйзамдарды кабыл алышкан. Венгриядагы буга окшош мыйзам кайра жокко чыгарылган.

Бул мыйзамдардын кандай окшоштуктары бар? Алар чет жактан каржы алган бейөкмөт уюмдардын же мекемелердин гана ишин көзөмөлдөйт. Андай уюмдар, алдыда айтылгандай, саясий ишмердик менен алектенсе да, алектенбесе да, чет өлкөдөн бир доллар же бир тыйын алган болсо, бул мыйзамдын бутасына айланат. Дал ушул нерсе – жогорудагы мыйзамдардын негизги элементи.

Албетте, бул мыйзамдар ортосунда чет жактан акча алган бейөкмөт уюмдардын аталышына байланыштуу айырмачылыктар бар. Андан сырткары бул мыйзам бутага алган уюмдардын же бирикмелердин тобу, аларга коюлган милдеттенмелер же чектөөлөр да айырмаланып турат.

Мисалы, Кыргызстандын мыйзамы кайсы уюмдарга карата колдонула турганы өтө кеңири жазылган. Бул мыйзам өлкө аймагында иш алып барган дээрлик бардык коммерциялык эмес уюмдарды өзүнө камтып калышы мүмкүн. Ошол эле учурда бул мыйзамдын талаптары Орусия мыйзамы сыяктуу өтө катаал эмес. Орусиянын мыйзамы мындай коммерциялык эмес уюмдардын кайсы бир тармакта иш алып барышына тыюу салат. Кыргызстанда андай эмес.

Грузиядагы "чет элдик агент" мыйзамына каршы нааразылык. 2024-жылдын апрель айы.

- Сиз айтып өткөндөй, 2012-жылдан бери Венеция комиссиясы бейөкмөт уюмдардын чет жактан каржыланышына байланыштуу бир катар өлкөлөрдөгү мыйзамдарды талдап чыккан. Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү буга окшош мыйзамдар Батыш өлкөлөрүндө да бар экенин белгилеп, АКШдагы Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө мыйзамды (Foreign Agents Registration Act, FARA) мисалга тартышат. Кыргызстанда, Грузияда же Орусияда кабыл алынган мыйзамдар менен FARA мыйзамынын кандай айырмасы бар?

- Бул маселеге байланыштуу түшүнбөстүк бар. “Чет элдик агент” деп аталган мыйзамдардын эки башка категориясы бар. Аталышында “чет элдик агент” деген түшүнүк колдонулса да, анын маңызы такыр башкача.

Бир жакта АКШдагы FARA сыяктуу мыйзамдар турат. Австралия да ушуга окшош FITSA аттуу мыйзамды кабыл алган. Бул мыйзамдар лобби жөнүндө. Ал документтерде эки тараптын ортосунда агент принциби тууралуу сөз болот.

Экинчи топко Орусияда, Грузияда жана Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамдар кирет. Ага ылайык, кимдир бирөө чет өлкөдөн аз акча алса да, андай уюм “чет элдик агент” же “чет элдик өкүл” деген атка конот.

Айтор, булар бири-биринен кыйла айырмаланган мыйзамдар.

- Сиздердин корутундуда “чет элдик өкүл” мыйзамы Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишиндеги айрым өзгөрүүлөргө жол ачканы, кайсы бир уюмдар башка өлкөлөргө чыгып кетип жатканы айтылган экен. Толугураак түшүндүрүп бересизби? Жаңы мыйзам Кыргызстандагы жарандык коомго же коммерциялык эмес уюмдардын ишине кандай таасирин тийгизе баштады?

- Бир жагынан бул мыйзам жаңы гана кабыл алганын эске алышыбыз керек. Азырынча бул мыйзамдын узак мөөнөттөгү кесепети кандай болорун так айтууга эрте. Экинчи жагынан, биз Бишкектеги бир катар бейөкмөт уюмдардын жана эл аралык мекемелердин өкүлдөрүнөн укканыбыздай, мыйзам кандай иштейт деген маселеде бүдөмүк жана белгисиз жагдайлар көп. Азыртадан эле жарандык коом бул мыйзамдын кесепетинен чочулай баштады.

Айрым бейөкмөт уюмдар “саясий ишмердик менен алектенген чет элдик өкүл” деген аталыштан качып, башка жакка көчүп кетүүнү, ишмердик алкагын өзгөртүүнү пландап жатат. Ооба, мыйзамдын таасири байкалууда. Биз уккандай, алар оң таасир эмес.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талаштуу мыйзамдын таасири кандай?

- Сиз сентябрь айында корутундунун башка авторлору менен бирге Бишкекке барып, Кыргызстандын юстиция министри баштаган расмий жетекчилер жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп келдиңиз. Кыргыз бийлиги бул мыйзам коммерциялык эмес уюмдарды куугунтуктоого багытталбаганын, болгону ачык-айкындуулукту камсыз кылууну көздөрүн белгилеп келет. Президент Садыр Жапаров да жазында бул мыйзамга кол койгондон көп өтпөй бейөкмөт уюмдардын ишинин ачык-айкындуулугу маанилүү экенин айткан. Сиздер Бишкекке барганда бул мыйзамга байланыштуу кыргыз бийлигинен кандай убадаларды уга алдыңыздар? Сиздердин сунуштар эске алындыбы?

- Биздин корутунду бир нече күн мурда эле кабыл алынды. Андыктан биздин сунуштар жүзөгө ашырылат деп айтууга эрте. Биз узак мөөнөттө бул сунуштар эске алынат деп үмүттөнөбүз. Мындай үмүткө негиз берген жагдайлар бар.

Биз Бишкекке барганда кыргыз бийлигинин өкүлдөрү мыйзам жарандык коомду кысымга алуу үчүн кабыл алынбаганын утур-утур айтып жатышты. Алар узак мөөнөт ичинде мыйзамды кайра карап чыгууга даяр экенин билдиришти.

Эгер бул убадалар аткарылса, бул мыйзам башка өлкөлөрдөгүдөй оор кесепеттерге алып келбейт деп ишенсе болот. Бирок башка өлкөлөрдүн мисалы көрсөткөндөй, бул мыйзам өтө коркунучтуу жана жарандык коомго өтө терс таасирин тийгизиши ыктымал.

- Акырында кыргыз өкмөтүнө берилген сунуштарыңыздарды эске салып өтөсүзбү? Эгер бул сунуштар эске алынбаса, кандай кесепеттер болушу мүмкүн?

- Негизги сунушубуз абдан жөнөкөй. Кандай болсо да бул мыйзам артка чакыртылышы керек. Бери дегенде бул мыйзамды, биздин корутундуда айтылгандай, орчундуу деңгээлде кайра карап чыгуу зарыл.

Терминдер так аныкталышы керек. Сырттан алынган каражаттын ылдыйкы чеги так көрсөтүлүшү кажет. Буга чейин айтып өткөнүмдөй, коммерциялык эмес уюмга чет өлкөдөн жөнөтүлгөн бир доллар да ал уюмду “чет элдик өкүлгө” айлантып коюшу мүмкүн. Андыктан сырттан алынган каражаттын ылдыйкы чеги көрсөтүлүшү керек.

Бейөкмөт уюмдарга коюлган талаптар да кайра каралышы зарыл. Жыл сайын кошумча аудит өткөрүп туруу деген милдеттенме өзгөчө чакан уюмдар үчүн чоң түйшүк болуп калат.

Жалпысынан биздин колубузга тийген мыйзам жана анын негиздемесине ылайык, бул документтин максатын так аныктоо зарыл. Бейөкмөт уюмдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу деген максат, албетте, маанилүү. Бирок ачык-айкындуулук эмне үчүн камсыз кылынышы керек экенин, анын максаты эмне экенин тактоо кажет.

Биз анын максаты эмне экенин так түшүнгөн жокпуз. Бул мыйзам менен кыргыз өкмөтү так кайсы коркунучту алдын алгысы келет? Бул документтин контекстин жана максатын тактоо маанилүү.