"Биринчи айымга зомбулук көрсөткөн". Аргентинанын мурдагы президентине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Биринчи айым Фабиола Шаньес (солдо) жана Аргентинанын президенти Альберто Фернандес. Инаугурация аземинде. 2019-жыл.

Альберто Фернандес 2019-2023-жылдары Аргентинанын президенти болгон. Анын тушунда өлкөдө бойдон алдыруу мыйзамдаштырылган, Аялдар иштери боюнча министрлик түзүлүп, трансгендерлердин мамлекеттик мекемелерде иштөөсүнө уруксат берилген. Соңку жылдары мектептерде феминизм, ЛГБТК кыймылынын укуктары жана сексуалдык билим берүү улуттук саясаттын бир бөлүгү катары колдоого алынган. Фернандес президенттикке келгенде, телеалпаруучу Фабиола Шаньес өлкөнүн биринчи айымы болгон. 2022-жылы алар уулдуу болушкан.

Шаньес учурда Мадридде жашайт. Ал видео байланыш аркылуу экс-президентке каршы көрсөтмө берип, мурдагы жолдошун зордук-зомбулукка айыптады. Аргентиналык маалымат каражаттары Шаньес менен Фернандестин жазышууларынын скриншотторун, ошондой эле аялынын денеси көгала болгон сүрөттөрүн жарыялашты. 9-августта полиция экс-президенттин Буэнос-Айрестеги батиринде тинтүү жүргүзүп, уюлдук телефонун алып, ага өлкөдөн чыгууга жана мурдагы аялы менен байланышууга тыюу салды. Ага каршы "гендердик зомбулук" беренеси менен кылмыш иши козголду. Аргентин парламентине киргизилген мыйзам долбоору кабыл алынса, Фернандес өмүр бою президенттик пенсиясынан жана жеке жан сакчысынан кол жууйт. Саясатчынын жакындары, анын ичинен биринчи никесинен туулган уулу ал өз жанын кыйышы мүмкүн деп чочулашууда.

Фабиола Шаньес менен Альберто Фернандес 2013-жылы телеканалга маек берүү учурунда таанышкан. Фернандес Фабиоладан 22 жаш улуу болгонуна карабай экөө мамиле куруп жолугуша баштаган. 2016-жылы алар баш кошорун жарыялашып, бирок жарандык никеде гана жашашкан. 2019-жылы президенттик шайлоодо жеңип чыккандан кийин Фабиола биринчи айым болуп чыга келген. Ал мурункудай эле кайрымдуулук иштери менен алектенип, мамлекет башчысын расмий иш-чараларда, иш сапарларда коштоп жүргөн. 2021-жылы сентябрда Фабиоланын кош бойлуу экени белгилүү болгон. 2022-жылы апрель айында алардын уулу Франциско төрөлгөн. Фернандестин президент болуп турган акыркы айларында "ал Фабиола менен ажырашты" деген имиш кептер тараган. Кийинчерээк Фабиола уулу менен Испанияга көчүп кеткен.

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес жана биринчи айым Фабиола Шаньес Папа Франциск менен. Ватикан. 31-январь, 2020-жыл. Фото: Reuters

Альберто Фернандес өлкөдөгү экономикалык каатчылыкка байланыштуу колдоочулары аз болгондуктан, шайлоодо талапкерлигин койгон эмес. Анын партиясынын чыккан талапкер утулуп, былтыр ашынган оңчул популист Хавьер Милей бийликке келген. Милей адам укуктарын, феминизмди жана ЛГБТ укуктарын жактаган саясатты ысырапкорчулук жана атаандаштарынын сындоосуна себеп болгон катачылык деген пикирди колдойт. Аялдар иштери боюнча министрлик жоюлуп, адам укуктарын коргоо боюнча долбоорлорго мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат бир топ кыскарган.

Дагы караңыз

Аргентинада президенттин реформаларына каршы акциялар кагылышуулар менен коштолду

Камсыздандыруу иши жана ур-токмок

Былтыр Аргентинада бийлик алмашкандан кийин, мурунку аткаминерлер "коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталып, он чакты кылмыш иштери козголуп, анын чоо-жайы маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылган. Негизи, алар сот жараянына чейин жашыруун сакталууга тийиш эле.

Альберто Фернандес да четте калган жок, ал "камсыздандыруудан эбегейсиз байыган" деп айыпталууда. Президент кол койгон жарлыкта бардык мамлекеттик органдар камсыздандырууну мамлекеттик Banco Nación аркылуу гана жүргүзүүгө милдеттендирилген. Тергөөчүлөрдүн айтымында, бул кесиби боюнча брокер болгон президенттин катчысы Мария Кантеронун күйөөсүнө комиссия алып, мыйзамсыз байып кетүүгө мүмкүндүк берген. Кылмыш иштин алкагында полиция Кантеронун уюлдук телефонун алган. Дал ошол телефондо Фабиола Шаньес менен Альберто Фернандестин жазышууларынын скриншоту табылган. Аларды биринчи айым өзү Кантерого жибергени айтылат. Жазышуулар Шаньес кош бойлуу кезинде, 2021-жылы болгон. Бирок ал кийин бул скриншотторго тиешеси жок экен билдирген.

Фабиола Шаньес менен Альберто Фернандестин жазышууларынын скриншоттору.

Фернандес: Кел, талашты токтотолу. Биз дайыма башкалар үчүн урушабыз. Кел, суранам.

Шаньес: Сен мени дагы урасың. Сен жиндисиң.

Ф: Мен өзүмдү жаман сезип турам.

Ш: Сен мени үч күн катары менен сабадың.

Ф: Мен дем ала албай кыйналып турам. Сураныч, токтот. Мен өзүмдү жаман сезип турам.


Андан кийин Фабиола Шаньес ийниндеги көгала сүрөтүн салып, "Сен мени түрткөнсүң" деп жазат. Ошондой эле сол көзүнүн көгөргөн сүрөтүн салып, "Сен мени кокусунан уруп жибергенде" деген жазууну жөнөтөт.

Аталган сүрөттөр "гендердик зомбулук" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоого негиз болгон. Мурдагы биринчи айым Мадридден келген адвокаттын катышуусунда видео байланыш аркылуу тергөөчүлөр менен сүйлөшкөн. Ал ошондой эле 11-августта Альберто Фернандес менен кандай жашаганы тууралуу испан тилиндеги Ютуб каналга дээрлик бир сааттык маек курган. Ал утур-утуру ыйлап, бирок тергөөнүн талабын шылтоолоп, көпчүлүк суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан.

Фабиола Шаньес менен Альберто Фернандестин жазышууларынын скриншоттору.

Шаньес Альберто Фернандес менен жашай баштагандан кийин дароо анын жашоосун көзөмөлдөй баштаганын жана чалууларына күнү-түнү жооп берүүнү талап кылганын белгилейт. Бара бара ур-токмок да башталган. Шаньес күйөсү аны Буэнос-Айрестин жанындагы резиденцияда сабаганын жана андан жашырбай эле башка аялдар менен сүйлөшкөнүн айтат.

2021-жылы Аргентинада парламенттик шайлоо өнөктүгү жана коронавирус пандемиясы кызып турган учурда тартылган бир сүрөт соцтармактарда кызуу талкууга түшкөн. Сүрөттө Фернандес, Фабиола жана алардын достору резиденцияда бокал кармап турушат. Президент Фернандес пресс-конференцияда өзүн актоого аракет кылып, кокусунан мындай кечеге туш келип калганын айтып, жоопкерчиликти толугу менен кош бойлуу аялына оодарган. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо бийликтеги партия экинчи орунду алып калган. Шаньестин айтымында, ошондон бери Фернандес жана анын тарапкерлери бул жеңилүүгө аялы күнөөлүү экенин айта башташкан.

"Эң жаман жери, былтыр конок үйгө бир тапичке жана халат менен чыгып кеткеним болду", - дейт маегинде мурунку биринчи айым. Ал президенттик резиденциядан уулу менен кеткиси келгенин белгилеп, бирок ошол маалда бул чоң жаңжалга себеп болмок дейт. 2023-жылдын август айынан бери ал конок үйүндө жашаган. Шаньес күйөсү Фернандес үйүнө келип, коркутуп-үркүтүп турганын айтат. Дээрлик жарым жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин, жаңы мамлекет башчынын инаугурациясынын алдында Фабиолага уулу менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Альберто Фернандес алар Испанияга кетерин айткан. Саясатчы өзү Буэнос-Айресте калган.

Фабиола Шаньес жана Альберто Фернандес. Буэнос-Айрес. 2021-жыл. Фото: Reuters

"Бүгүн үйгө баргандан корком. Уулум үчүн корком", - дейт Фабиола. Анын сөзүнө караганда, экс-президент эки ай бою телефон чалып, эгер ага каршы көрсөтмө берсе, өз жанын кыярын айтып коркуткан. Шаньестин айтымында, экс-президенттин күнөөсүн тастыктаган далилдерди бурмалап, аны "психикалык жактан оорулуу деген күбөлөрдү табабыз" деген коркутуулар келген. Бирок ал коркутуулар кимден келгенин так айткан эмес. Ал Альберто Фернандестин катчысы жана анын жакын чөйрөсү аны ур-токмокко алганын билишкенин, бирок эч нерсе кылбаганын айтат. Ошондой эле белгилүү теле алып баруучу жардам сурап Аялдар иштери боюнча министрлигине кайрылганын, бирок көз жаздымда калганын белгилейт. Мекеменин мурдагы жетекчиси жана фемaктивист Элизабет Гомес Алькорта айыптоолорго "Фабиола мага бул жагдайды эч качан айткан эмес" деп Х баракчасында жооп берген.

13-августта Фабиола Шаньес Аргентинанын Мадриддеги консулдугунда видео байланыш аркылуу төрт саат көрсөтмө берди. Маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Альберто Фернандес аны кеминде алты жолу сабаганын айтканын кабарлашууда. Жабырлануучунун айтымында, зомбулук президенттикке чейин эле үч жыл мурун, 2016-жылы башталган. Мурдагы биринчи айым ошол маалда боюна бүтүп калганын, саясатчы аны боюнан алдырууга мажбурлаганын, ушул окуялардан кийин ал алкоголдук ичимдиктерди иче баштаганын айткан. Шаньестин айтымында, Альберто Фернандес аны көзгө урганда, президенттин дарыгери дарылаган.

Дагы караңыз

"Денеси бүт көгала экен". 25 жаштагы Айтургандын табышмактуу өлүмү

"Баары жалган". Альберто Фернандестин жүйөлөрү

2024-жылы 6-августта Альберто Фернандестин соцтармактардагы расмий баракчаларында "Баары калп, мен айыпталып жаткан нерселер эч качан болгон эмес" деген билдирүүлөр жарыяланган. Ал маалымат каражаттары менен байланышуудан баш тартат.

Деген менен 11-августта белгилүү аргентиналык журналист Орасио Вербицкинин "Кара көз" деген темада көлөмдүү макаласы жарык көрдү. Анда журналист экс-президент менен маек курганы, бирок аны азырынча толук жарыялай албасы, ошондуктан маектин эң маанилүү жерлерин гана жазганы айтылат. "Мурунку президент аялынын көзүндөгү көгала соккудан эмес, бырышты жашыруучу боёктордон улам болгон", - деп жазат Вербицкий. Журналист эки дарыгердин пикирин да келтирет. Сүрөттү көргөн дерматолог көздөгү көгала косметикалык процедурадан да, ур-токмоктон да болбогонун айткан. Мындан улам аргентиналык журналист макаласында бул сүрөттөр жасалма болушу мүмкүн деген пикирди карманат. Ал эми окулиист Фабиола көзгө сокку жеген дейт.

"83 жаштагы Дора Барранкос, аргентиналык социолог жана феминист илимпоздор үчүн бир чатта мындай деп жазган: "Мен Альберто Фернандес Фабиолага эч качан кол көтөргөн эмес деп 100% кепилдик бере алам. Ал оор психологиялык абалды башынан өткөрүп жатат, буга анын ичимдикке көз карандылыгы да кошул-ташыл болууда", - деп белгилейт Вербицки. Бирок ал маалымат кайсы чатта экенин тактаган жок. Ал учурда болуп жаткан окуялардын баары - Альберто Фернандестен саясий өч алуу аракеттери деп баса белгилейт.

Аргентинанын азыркы президент Хавьер Милей да экс-президенттин тегерегиндеги чыр-чатак тууралуу Х баракчасында пост жазып, Альберто Фернандести "феминизмди колдогон, Фабиола Шаньети аттуу аялды сабаган" деп сыпаттаган. Милей ушул жазуусун утурлай эле, жабылган Аялдар иштери боюнча министрликтин пайдасыздыгы тууралуу "калпычы, эки жүздүү феминисттер" деген бир нече постторду жарыялаган. Абортко жана аскердик диктатуранын тушунда кылмышкерлердин соттолушуна каршы пикири менен белгилүү болгон вице-президент Виктория Виллаурел болсо: "Кечирип коюңуздар, бирок мен миңдеген аргентиналык ишканалар кыйроого учурап турган маалда президенттик учак менен 21 жолу сапарга чыгуудан ырахат алган мурдагы биринчи айымга боорум оорубайт", - деп жазды Х баракчасына.

13-августта El País гезити Аргентинанын мурдагы лидеринин комментарийлерин камтыган макаланы жарыялады. Анда Альберто Фернандес өзүнүн күнөөсүздүгүн сотто далилдей турганын билдирген. Ал ошондой эле мурунку аялдарынын бири да аны зордук-зомбулукка айыптабаганын кошумчалаган (биринчи аялы менен 17 жыл никеде турган, кийинчерээк жарандык никеде бир нече жыл жашаган). Фернандестин айтымында, ири суммадагы акча төлөп берсе, Фабиола көрсөтмө берүүдөн баш тартарын убада кылган. Аргентин саясатчы так сумманы атаган жок, бирок журналисттер экс-президентке жакын булактарга таянып, бул сумма үч миллион долларга жакын болушу мүмкүн экенин жазып чыгышты.

Фабиола Шаньес Фернандестин президенттик мөөнөтү учурундагы "кылыктары" жөнүндө ачык, бир нече саатка созулган маек бергенин айтат. Ал маек Испанияда тартылганын жана даректүү тасманын негизин түзөрүн белгилейт. Купуя келишимге кол койгонун жүйө келтирип, тасма тууралуу толук маалымат берген жок.

"Настоящее время" телеканалынын журналисти Екатерина Базанованын макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.