Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан жаратылышка эч кандай зыян келбегенин, калдыктар жерге төгүлбөгөнүн белгиледи. Орусиянын “Росатом” ишканасы кырсык тууралуу комментарий берип, мындай кырсыктар кайталанбашы үчүн уран калдыктарын ташып жаткан ишканалардын ишине көзөмөл күчөтүлө турганын белгилеген. Анткен менен жергиликтүү тургундар уу калдыктын айыл аралаган жолдон ташылып жатканына кооптонууда.
"Көзөмөл жок, шалаакы мамиле болууда"
Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир оор жүк ташыган автоунаа кырсыкка кабылганын 3-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо айтып чыкты.
Ал жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызматына сунушталган Медер Машиевди бул маселеге көңүл бурууга чакырды.
“Уран калдыктарын ташыган машине жүгү менен кулаптыр деп атышат. Айылдын ичине кулаптыр. Бул экинчи жолу болуп атат. Ошол жеринде иштеген жетекчилер буга аябай шалаакылык менен мамиле кылышууда. Көзөмөл жок болуп жатат. Бул маселе боюнча өлкө башчы өзү барып кепилдигине алган. “Ушул жерден баары так, таза ташылат. Эч кимге зыяны тийбейт” деп айткан. Азыр айылдын жашоочулары кооптонуп жатат, бала-бакырасы бар. КАМАЗ айылдын ичине кулап, тымтыракайы чыгып кетиптир”, - деди Мирлан Самыйкожо.
Kaktus.media порталы уу калдыгын ташып келаткан HOWO үлгүсүндөгү автоунаа сайга жетпей кулаганы тартылган видеону жарыялады. Видеодон машина талкаланып, дөңгөлөгү сайга чейин жеткенин көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Миң-Кушта уран калдыгын ташып бараткан автоунаа кырсыкка кабылганы тууралуу маалыматты ырастап, калдыктар жерге төгүлбөгөнүн билдирди.
Мекеменин маалыматында, 2-сентябрда Миң-Куш айылында Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал автожолунун 2-чакырымында Туюк-Суу уран калдык сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан HOWO үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен. Кырсык болгон жерге Жумгал райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери тартылган.
“Ал эми автоунаа токтоп калган жерде (дозиметр менен) текшерүү иштери жүргүзүлүп, калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган. Ошондой эле аталган автоунаа бузулганына байланыштуу калдыктарды башка атайын машинага жүктөп алып кетишкен. Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда”, - деп айтылат маалыматта.
Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Казыбек Усупов уран калдыгы жерге түшпөгөнүн кайталап, кооптонууга негиз жок экенин белгилеп жатат.
"Мен эч нерсе деп жооп бере албайм. Баары эле чыкпадыбы, көрдүңүздөр да сиздер деле. Кооптуулугу жок, сууга түшкөн жок. Тиги бала (айдоочу - ред.) бурулушка кирип кетиптир, болгону ошол", - деди ал.
Ал ортодо Орусиянын “Росатом” ишканасы кырсык тууралуу комментарий берип, аймакта радиациялык фон нормалдуу экенин билдирди.
Компания мындай кырсыктар кайталанбашы үчүн уран калдыктарын ташып жаткан ишканалардын ишине көзөмөл күчөтүлө турганын белгилеген. Андан тышкары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги атайын комиссиясы түзгөнү белгилүү болду.
Бул Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташып бараткан машина кулап, кырсыкка учураган экинчи учур.
Быйыл 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайынан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулаган.
Орусиянын “Росатом” ишканасынын федералдык экология боюнча операторунун адис-эксперти Владимир Богатырев HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина сайга кулаганда ичинде уран калдыктары болгонун ырастап, кооптонууга негиз жок экенин айткан.
Дагы караңыз
Уран калдыгын ташыган машине кырсыгы: комиссия жагдайды иликтейтЭлет тургундарын кооптондурган жагдай
Миң-Куштун тургуну Асан Урунбаев уу калдыктын айыл аралап ташылып, кайра-кайра кырсыкка учурашынан жергиликтүү тургундар кооптонуп жатканын белгилөөдө:
"Эч нерсе болгон жок дешет, биз дагы канчасын айтпай жатабыз. Уранды жабык контейнер менен ташыйбыз деп эле эптеп көмүр тарткан сыяктуу, үстүнө темир жаап кетип жатышат. Анын тешик-жылчыктары көп, андан канчасы абага чыгып, канчасы менен дем алып жатабыз. Ошондой жерден кулап атат, билинбей канчасы жерге төгүлдү. Борбордук көчө менен өтөт, жок дегенде суу чачып чаңдатпай ташыгыла десе, аны деле толук аткарбайт. Уран алып жаткан жерде суу толуп жатат акырындап. Суу жарылчу болсо, Кыргызстан эле эмес, Борбор Азиянын экологиялык маселеси болот".
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 1-июндагы кырсыкка байланыштуу түзүлгөн комиссиянын корутундусун маалымдап, кооптонууга негиз жок экенин белгиледи.
Ал эми эки күн мурда болгон кырсыкка байланыштуу дагы комиссия түзүлөбү-жокпу, маалымат айтыла элек.
2022-жылы уран калдыктарын ташуу иштерин көзөмөлдөгөн комиссия түзүлгөн. Анын курамына жергиликтүү тургундар, айыл өкмөттүн кызматкерлери жана райондук мекемелердин өкүлдөрү кирген. Комиссиянын мүчөсү Чынара Мадемарова уран калдыктары чачырады деп божомолдонгон жерлерди казып, тазалап кеткенин "Азаттыкка" айтып берди:
"Кырсык болду, айдоочу ооруканада экен. Астынан машина келатканда алардын убалына калбайын деп тиякка буруп жибериптир. Дагы жакшы, кургак жерге барып түшүптүр. Дароо эле тийиштүү кишилер келип 70-80 см тереңдикте тазалап кетишти. Машина дөңгөлөгү ыргып кетип эле туруп калыптыр. Биз деле көргөн жокпуз, бирок тешиктеринен түштү деп машинанын тегерегин тазалап алып кетишти".
"Айылды аралап өтөт"
Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылы август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы жүзөгө ашырууда.
Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.
2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.
Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.
Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат.
Миң-Куш айылында 4 миңге жакын киши жашайт. Кыштакта уран калдыгы сакталган төрт аймак бар. 2004-жылы жер титирөөдөн кийин тоо этегиндеги жарака беш метрге жетип, уран калдыгы сакталган аймакты бойлой аккан өзөндү бөгөп калуу коркунучу жаралган.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда бүгүнкү күндө уран калдыгы көмүлгөн 92 объект бар. Анын 60ы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында. Радиоактивдүүсү 6 миллион куб метрден ашык көлөмдө.