УТРКнын башчысы болуп Болотбек Тиллебаев дайындалды

Болотбек Тиллебаев

Президент Садыр Жапаров Кайрат Иманалиевди Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) башкы директору кызматынан "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген себеп менен алды. Дагы бир жарлыгы менен бул орунга Болотбек Тиллебаевди дайындады.

Иманалиев бул кызматка былтыр июнда дайындалган. Ага чейин, 2021-жылы октябрь айынан тартып аталган медианын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп турган. Ошол маалда коомдук каналдын жетекчисин Байкоочу кеңештин мүчөлөрү шайлачу.

Былтыр май айында Садыр Жапаров “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол коюп, коомдук каналдын макамы “улуттук” болуп өзгөртүлгөн.

Ага ылайык башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентке берилген.

УТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон. “Улуттук” болуп өзгөргөндөн кийин каналдын бюджети дагы 12 миллион сомго көбөйөрү айтылган. Каналдын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон.

Дагы караңыз

Орусия Украинага каршы тынымсыз ракеталык чабуул жасады Отунбаева ооган аялдарына жасалган куугунтуктун кесепетин эскертти Исабеков жүк ташуудагы монополия тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды Парламентте президенттин Оштогу өкүлү Жамалдиновго сын айтылды Грузия: башкаруучу партия талаштуу мыйзам долбоорун кайтарып алды