АКШнын Иранга ишараты

"Авраам Линкольн" учак алып жүрүүчү кемеси.

АКШ Иранга эскертүү иретинде Жакынкы Чыгыш тарапка аскердик кемеси баш болгон кошумча күчтөрүн жөнөтүп жатканын билдирди.

Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы соңку чыңалуу күчөбөсө, басаңдабаганын Ак үйдүн 5-майдагы билдирүүсү күбөлөдү.

АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул билдирүүсүндө Вашингтон "бир катар тынчсыздандырган жана кырдаалды чыңалткан эскертүүлөргө жооп иретинде" "Авраам Линкольн" аттуу учак алып жүрүүчү кемесин жана бомбалоочу учактарын Жакынкы Чыгыш тарапка жөнөтүп жатканын жарыялады.

Болтондун айтымында, Вашингтон бул чечими менен АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын бутага алган бардык чабуулдарга катуу жооп кайтарыларын Иранга эскерткиси келет.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон.

"Кошмо Штаттар Иран режими менен согушууну көздөбөйт. Бирок биз прокси күчтөрбү, же "Ислам революциясынын сакчылар корпусу" тарабынанбы, же Ирандын кадимки күчтөрү тарабынан уюштурулабы, айтор ар бир чабуулга жооп кайтарууга даярбыз", - деп айтылат Ак үйдүн өкүлүнүн билдирүүсүндө.

АКШнын коргоо тармагындагы дагы бир расмий өкүлү Ирандын аскерлери жана Тегеранга ыктаган күчтөр Кошмо Штаттардын аймактагы аскердик контингентине чабуул коюуга даярданып жатканын "Ассошиэйтед пресс" агенттигине билдирди. Атын атагысы келбеген бул расмий өкүл АКШнын деңиздеги жана кургактыктагы күчтөрү бутага алынышы мүмкүндүгүн, Пентагон Жакынкы Чыгышка кошумча күчтөрдү жөнөтүү планын колдогонун белгиледи.

Азырынча америкалык күчтөр Жакынкы Чыгыш аймагына жайгаштырылып жатабы же жокпу, анысы так белгилүү боло элек. "Авраам Линкольн" учак алып жүрүүчү кемеси жана аскердик учактар буга чейин Жер ортолук деңизде кызматта жүргөн. Болтондун сөзү бул күчтөр Кызыл деңизге, балким Перс булуңуна багыт алышы мүмкүндүгүн каңкуулайт.

CNN телеканалынын аскердик баяндамачысы, отставкадагы полковник Седрик Лейтон регионго ири аскердик бөлүк жөнөтүлүп жатканын айтты:

"Авраам Линкольн" кемесинин бортунда тогуздай учуучу аскердик техника бар. Алардын арасында тик учактар жана кеминде 5-6 бомбалоочу учак болушу мүмкүн. Бул абдан чоң аскердик бөлүк. Анын максаты - Иранга ишарат кылуу", - деди Лейтон.

Ормуз кысыгындагы ирандык аскерлер.

Президент Дональд Трамп кызматка киришкенден бери Вашингтон Ирандын аймактагы “карасанатай” иштерине чекит коюуну көздөгөнүн айтып, Тегеран өкмөтүнө кысымды күчөтүүдө. Иран бийлиги "Жакынкы Чыгыштагы абалды курчутууда" деген айыптоолорду четке кагып келет.

Мунай санкциясы себеп болгон айтыш

Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы соңку чыңалууга АКШнын айрым өлкөлөргө Ирандан мунай алууга берилген жеңилдикти токтотуу чечими себеп болду.

Былтыр ноябрь айында Вашингтон Тегеранга каршы киргизген жаңы санкцияларынын мунай соодасына байланыштуу жобосун аткаруу маселесинде сегиз юрисдикцияга убактылуу жеңилдик берген. Ага ылайык, Кытай, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Италия, Грекия, Жапония жана Тайвань алты айга Ирандан мунай импорттоону улантууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Вашингтон 1-майдан тарта мындай жеңилдикти токтотоорун жарыялап, эгер бул мамлекеттер мындан ары Тегерандан мунай сатып алууну улантса, аларга санкцияга кабыларын эскерткен.

Тегеран АКШнын санкцияларды күчөтүү аракетине жооп катары Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимден чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле Ирандын Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багхери эгер кастык мамиле улана берсе, өлкө бийлиги Ормуз кысыгын жаап коюшу мүмкүн экенин да эскерткен.

Перс жана Оман булуңдарын байланыштырган бул кысык дүйнөлүк мунай соодасы үчүн кан жолдордун бири. Ормуз кысыгынан деңиз аркылуу дүйнөлүк базарга чыккан мунайдын төрттөн үч бөлүгү өтөт.

Ошондой эле Тегеран АКШнын санкцияларын буйтап өтүп, мунай сатууну уланта берерин билдирип жатат.

Ирандын президенти Хасан Роухани.

"Биз мунай өндүрүшүбүздүн кубатын арттырып, мунайдан башка экспортубузду көбөйтүшүбүз керек. Американын биздин мунайыбыздын соодасына каршы кутумуна каршы туруп, кара майды сатышыбыз зарыл", - деп айткан 5-майда Ирандын президенти Хасан Роухани.

АКШ президенти Дональд Трамп былтыр май айында Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын кайра калыбына келтирүүдө.

2015-жылы Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды алуу каралган.

Апрелдин башында Вашингтон Ирандагы таасирдүү "Ислам революциясынын сакчылар корпусун" чет элдик террордук уюм катары тааныган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.