Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

АКШ менен Ирандын айтышы күчөдү


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.

АКШ беш мамлекетке Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотоорун жарыялагандан бери Тегеран менен Вашингтондун ортосунда кайым айтышуу күчөдү.

28-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Тегеран Вашингтондун санкцияларды күчөтүү аракетине жооп катары Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимден чыгышы мүмкүн экенин айтты.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Зарифтин: «Ислам Республикасынын тандоочу жолу көп. Өлкө бийлиги аларды караштырып жатат. Алардын арасында Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимден чыгуу жолу да бар», - деген сөзүн келтиришти.

Анын алдында Ирандын Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багхери эгер кастык мамиле улана берсе, өлкө бийлиги Ормуз кысыгын жаап коюшу мүмкүн экенин айткан. Бул кысык - дүйнөлүк мунай соодасы үчүн кан жолдордун бири. Перс жана Оман булуңдарын байланыштырган Ормуз кысыгынан деңиз аркылуу дүйнөлүк базарга чыккан мунайдын төрттөн үч бөлүгү өтөт.

Бирок 27-апрелде Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы Кеннет Маккензи эгер Иран Перс булуңунда кандайдыр бир коркунуч жаратуучу кадамдарга бара турган болсо, аны ооздукташ үчүн АКШнын ресурстары жетиштүү экенин билдирди.

«Бул чөлкөмдөгү америкалык күчтөр Кошмо Штаттардын жана биздин тилектештерибиз менен өнөктөштөрүбүздүн кызыкчылыктарын коргой алат. Биз дайыма бул аймактагы өнөктөштөрүбүз менен бирге иш алып барарыбызды айтып койгонубуз маанилүү. Эгер Ормуз кысыгында операция жүргүзө турган болсок да, ушундай эле иш алып барабыз», - деди генерал Маккензи «Альхурра» телеканалындагы маегинде.

Ормуз кысыгы.
Ормуз кысыгы.

Былтыр ноябрь айында Вашингтон Иранга каршы киргизген жаңы санкцияларынын мунай соодасына байланыштуу жобосун аткаруу маселесинде сегиз юрисдикцияга убактылуу жеңилдик берген. Ага ылайык Кытай, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Италия, Грекия, Жапония жана Тайвань алты айга Ирандан АКШнын санкцияларына кабылбастан мунай импорттоого мүмкүнчүлүк алышкан.

Өткөн аптада Вашингтон 1-майдан тарта бул юрисдикциялардын бешөөнө: Кытайга, Индияга, Жапонияга, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотоорун жарыялаган. Эгер бул мамлекеттер мындан ары Тегерандан мунай сатып алууну улантса, аларга санкция салынмай болгон.

Өткөн аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын бийлиги өзөктүк курал чыгаруу планынан, баллистикалык ракеталарды сыноосунан баш тартып, аларды сүйлөшүүгө даяр болмоюнча мындай басым улана берерин айткан.

Ал эми Тегеран Вашингтондун бул чечимине жооп кайтараарын, мунайын сатууну уланта берерин билдирип жатат.

«Иран мунай экспорттоону уланта берет. Биз мунай сатып ала турган тараптарды издей беребиз. Мунай экспортубуз үчүн коопсуз коридор катары Ормуз кысыгын колдоно беребиз. Бирок АКШ мунун алдын алыш үчүн акылга сыйбаган аракеттерге бара турган болсо, анда анын кесепетине даяр болушу керек», - деп билдирген 25-апрелде Ирандын башкы дипломаты Зариф.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Ирандын президенти Хасан Роухани.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Ирандын президенти Хасан Роухани.

23-апрелде Кытай Кошмо Штаттардын Ирандан мунай импорттоону уланткан өлкөлөргө санкция салуу тууралуу планын сындап, мындай кадам Жакынкы Чыгыштагы жана эл аралык энергетика рыногундагы башаламандыкты күчөтөөрүн айткан.

Дональд Трамп 2017-жылдын январь айында президенттик кызматка киришкенден бери Вашингтон Тегеранга каршы саясий жана экономикалык басымды күчөттү. Трамп былтыр май айында АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча Тегеран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосунда 2015-жылы кол коюлган келишимден чыгаарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын кайра калыбына келтирүүдө.

Апрелдин башында Вашингтон Ирандагы таасирдүү Ислам революциясынын сакчылар корпусун чет элдик террордук уюм катары тааныганын жарыялаган. Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңеши Вашингтондун кадамын «мыйзамсыз жана аңкоо чечим» деп атап, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгын жана анын бөлүктөрүн террордук уюм катары тааныган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG