Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:12

Тегеран Эр-Рияд менен жакындашкысы келет


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф. 24-апрель, 2019-жыл. Нью-Йорк.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф. 24-апрель, 2019-жыл. Нью-Йорк.

Иран Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары менен жакшы алакада болууну каалайт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф 1-майда Дохада өткөн «Азиядагы кызматташтык диалогу» деген жыйында билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф өз сөзүндө Тегеран Катар, Кувейт жана Оман менен абдан жакшы мамиледе экенин да белгиледи:

«Биз баарыбыз АКШнын азыркы администрациясынын бир тараптуу саясатына чогуу каршы турушубуз керек».

Зарифтин билдирүүсүнөн бир жума мурда Вашингтон беш мамлекетке, анын ичинде Кытайга, Индияга, Жапонияга, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотоорун жарыялаган. Эгер бул мамлекеттер мындан ары Тегерандан мунай сатып алууну улантса, аларга санкция салынмай болгон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын бийлиги өзөктүк курал чыгаруу планынан, баллистикалык ракеталарды сыноосунан баш тартып, аларды сүйлөшүүгө даяр болмоюнча мындай басым улана берерин айткан. Мунун алдында Вашингтон Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана башка мунайды ири өлчөмдө өндүргөн мамлекеттер менен дүйнөдөгү мунай таңкыстыгынын алдын алуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Ал эми 2-майда Сауд Арабиясынын бийлиги Кызыл деңизде мунай алып баратып бузулуп калган ирандык кемени куткарганын кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, Жидда шаарынан 70 чакырым аралыкта бараткан кеменин кыймылдаткычы иштебей, башкарылбай калганы тууралуу ыкчам кабар түшкөн. Танкерде 26 деңиз кызматкери бара жаткан, анын 24ү Ирандын, экөө Бангладештин жарандары болгон. Сауд Арабиясы алар коопсуз жерде экенин кабарлады. Иран медиасы бул боюнча маалымат тарата элек.

Ирандын мунай ташып бараткан танкери. 2017-жылы тартылган сүрөт.
Ирандын мунай ташып бараткан танкери. 2017-жылы тартылган сүрөт.

Шииттер башкарган Иран менен Сауд Арабиясынын суннит жетекчилиги Жакынкы Чыгыштагы таасир үчүн көптөн бери атаандашып келатышат. Эки мамлекет Йемендеги жарандык согушта каршылашкан тараптарды колдоо менен өз ара алакасын ого бетер курчутуп алышкан.

Тегеран Эр-Рияд менен дипломатиялык мамилесин Саудияда террорчулукка байланыштуу айыпталган шиит аалымы Нимр Бакр ал-Нимр өлүм жазасына кесилген соң 2016-жылы токтотуп койгон. Диниятчынын өлүм жазасына кесилиши Иранда нааразылык акцияларына себеп болуп, жаалданган топ Сауд Арабиясынын Тегерандагы элчилигинин имаратына таш ыргытып, өрт койгон.

Катардын тышкы иштер министри, шейх Мухаммед бин Абдулрахман аль-Тани. Анкара. 14-июль, 2017-жыл.
Катардын тышкы иштер министри, шейх Мухаммед бин Абдулрахман аль-Тани. Анкара. 14-июль, 2017-жыл.

Ал эми 2017-жылы Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Египет жана Бахрейн Катарды «​террорчулукту колдойт» деп айыптап, дипломатиялык, экономикалык алакаларды үзүп салышкан жана бир катар талаптарды коюшкан. Анын ичинде Иран менен дипломатиялык мамилелерди токтотуу да бар эле.

Катардын бийлиги коюлган айыптарды четке кагып, ал талаптар аткарылбай турганын билдирген.

«Биз Катарга болгон басымга каршы чыкканбыз. Биз мурдагыдай эле Катарга басым жасоо эл аралык мыйзамдарга каршы келет деп эсептейбиз», - деди Зариф.

Ал арада Катардын тышкы иштер министри, шейх Мухаммед бин Абдулрахман аль-Тани Иран менен Кошмо Штаттардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салыш үчүн эки мамлекетти диалогго чакырды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG