Трамп Ким менен кездешүүгө макул болду

Сеулдун темир жол станциясындагы экрандан Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын болжолдуу жолугушуусу тууралуу кабар берилип жатат. 9-март, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп май айында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууга макул болду. Бул тууралуу Трамп менен Ак үйдө кездешкен Түштүк Кореянын жогорку расмий өкүлү жарыялады. Мындай чечимди Кытай менен Орусия кубаттап чыкты.

Бири-бирине кескин сын айткан "Дональд Трамп менен Ким Чен Ын жолугат экен" деген кабар түштүк кореялыктардын көбүн кубантты. Түндүк Корея тынымсыз ракета сынаган сайын коркунучту жон териси менен сезген Сеулдун 75 жаштагы тургуну Кванг Нам мындай кездешүү Корей жарым аралындагы тынчтык үчүн маанилүү деп эсептейт:

- Абдан жакшы жаңылык болду. Бардык нерсе туура багытта баратат. Бул келечек муун үчүн керек. Чынын айтсам Корей жарым аралында биз чогуу, бир өлкө катары жашасак деле жакшы болбойт беле? Биз коңшу өлкө катары жакшы мамиле түзө алабыз. Согуш болбошу керек.

Кошмо Штаттардын президенти Түндүк Кореянын лидери менен кездешүүгө макул болгонун алгач Ак үй эмес, Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Чон Ый Ён бейшембиде Вашингтондо Трамп менен жолугуп чыккандан кийин жарыялады. Бул расмий өкүл жетектеген Түштүк Кореянын делегациясы 5-мартта Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Пхеньянда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Чон Ый Ён андан соң Вашингтонго келип, Кимдин ниетин Трампка жеткирди:

- Мен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын денуклеризацияга (өзөктүк куралды чектөө аракети) дилгирлигин билдиргенин президент Трампка айттым. Ким "Түндүк Корея өзөктүк же ракета сыноолорунан карманат" деп убада кылды. Ал Түштүк Корея менен АКШнын ортосундагы биргелешкен аскердик машыгуулар улана бериши керек экенин түшүнөт. Ал президент Трамп менен мүмкүн болушунча тезирээк жолугушууну каалай турганын билдирди. Президент Трамп туруктуу денуклеризацияга жетиш үчүн Ким Чен Ын менен май айында жолугушарын айтты, - деди Чон Ый Ён.

Бул жарыяны улай президент Дональд Трамп "жолугушуу пландалып жатканын, бирок кандайдыр бир келишим түзүлгүчө санкциялар кала берерин" "Твиттерге" жазды.

Чон Ый Ён (солдо) жетектеген түштүк кореялык делегациянын Ким Чен Ын менен Пхеньяндагы жолугушуусу.

Дипломатияда бурулуш жасалабы?

Буга чейин АКШнын кызматтагы бир да президенти Түндүк Кореянын бир да лидери менен түз сүйлөшүүлөргө катышкан эмес. Эгер Трамп менен Кимдин жолугушуусу ишке ашса, бул дипломатия дүйнөсүндөгү ири бурулуш болушу мүмкүн.

Орусия соңку чечимди кубаттап, тараптар бир гана жолугушуу менен чектелбеши керек экенин билдирди. Пхеньяндын саналуу экономикалык өнөктөштөрүн бири катары эсептелип жүргөн Кытай да Вашингтондон келген кабарды кубаттады:

- Биз АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы түз сүйлөшүү тууралуу жагымдуу жаңылыкты кубаттайбыз. Корея жарым аралындагы өзөктүк маселеге чечим туура багытта баратат. Кытай тараптардын маселени диалог аркылуу чечүү ниетин колдойт, - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Гэн Шуан.

Соңку бир жылда Түндүк Корея бир нече жолу ракеталарын жана кеминде бир жолу суутек бомбасын сынаган. Былтыр күздө Пхеньян Америкага чейин жете ала турган "эң кубаттуу" континент аралык баллистикалык ракетасын да учурганын жарыялаган.

Эл аралык нормаларга туура келбеген мындай тынымсыз сыноолор Вашингтон менен Пхеньяндын кескин кайым айтышына себеп болуп, АКШ бир нече жолу Түндүк Кореяга санкция киргизген.

Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземинде Түндүк Корея делегациясы АКШ делегациясынын артында отурган учур. Пхенчхаң, 9-февраль, 2018-жыл.

Түштүк Кореяда февраль айында өткөн кышкы Олимпиадага Түндүк Кореядан Ким Чен Ындын бир тууган карындашы Ким Ё Чжон баш болгон жогорку даражалуу расмий өкүлдөр келип, эки өлкөнүн ортосундагы диалог жанданган эле. Эми эки тарап апрель айында 10 жылдан берки алгачкы саммитти өткөрүүнү көздөп жатат. Бирок жолугушуу кайда болору айтыла элек.

Трамп менен Ким да кайда, кандай шартта кездешери да азырынча так белгисиз. Айрым эл аралык эксперттердин арасында бул маалыматты биринчилерден болуп Вашингтон эмес, Сеулдун өкүлү жарыялаганын АКШнын Түндүк Корея тарап менен жолугушууга анчалык ысыгы ташып кетпегени менен байланыштыргандары бар.

Кезинде Пхеньян менен төрт жыл сүйлөшүүлөрдү өткөргөн АКШнын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кристофер Хилл жолугушууну уюштуруу өтө көп дипломатиялык аракеттерди талап кылаарын, адатта деталдарга келгенде маселе чыгышы мүмкүн экенин "Рейтер" агенттигине билдирди.

Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада учурунда АКШнын вице-президенти Майк Пенстин Түндүк Корея лидеринин карындашы менен жолугушуусу пландалганы, бирок Пхеньян акыркы мүнөттөрдө андан баш тартып койгону өткөн аптада белгилүү болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.