Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Ким Чен Ындын сөзү ишеним жаратпады


Ким Чен Ын
Ким Чен Ын

Түндүк Корея согуш коркунучу болбосо жана режимдин коопсуздугу камсыздалса, “өзөктүк программадан баш тартууга даяр”. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Пхеньянга барып келген Сеулдун делегациясы билдирди. Ким Чен Ын бийликке келгенден бери Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрү менен 5-мартта биринчи жолу кездешти.

АКШ болсо Түндүк Кореянын лидеринин агасынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Пхеньянга жаңы экономикалык санкция киргизди.

Түндүк жана Түштүк Корея апрель айында 10 жылдан берки алгачкы саммитти өткөрүүнү пландап жатат. Жолугушуу кайда болору азырынча белгисиз. Пхеньяндын медиасы Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти менен жолугууну күн тартибине коюп, “иш чындап” башталганын кабарлады:

- Биздин жогорку жетекчибиз (Ким Чен Ын) президент Мун Чже Индин саммит өткөрүү ниетин Түштүк Кореядан келген делегациядан укту. Өз ара пикир алмашып, көңүлгө толгудай макулдашууга келишти. Биздин жогорку жетекчибиз тиешелүү тараптарга ишти баштоону тапшырды.

Түндүк Кореянын лидери менен Түштүк Кореядапн келген делегациянын жолугушуу учуру.
Түндүк Кореянын лидери менен Түштүк Кореядапн келген делегациянын жолугушуу учуру.

Пхеньянга барган Сеулдун делегациясы сүйлөшүү маалында Түндүк Корея өзөктүк программаларын жана курал сыноосун токтотуп турууга убада бергенин кошумчалады. Ошондой эле эки лидердин телефон аркылуу түз байланышын түзүү макулдашылды.

Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы Ким Чен Ын төрт саатка созулган кечки тамак маалында “улуттук биригүүнүн жаңы тарыхын” жазуу ниети бар экенин айтканын кабарлады.

Кимдин мындай “оптимисттик маанайдагы” сөзүнө Сеул менен Вашингтон анча ишенбей турат. Алар Пхеньян АКШ башында турган Батыш өлкөлөрү киргизген санкцияларды жеңилдетүү үчүн Түштүк Кореяга “жакындашып жатат” деп шек санашат.

АКШ президенти Дональд Трамп "Пхеньяндын билдирүүсү канчалык ишенимдүү?", - деген журналисттин суроосуна мындайча жооп берди:

- Мен ишенген жокмун. Эч ким ишенген жок го дейм. Алар чын дилден айтып жатат дейли. Түндүк Кореяга киргизген санкциялардын жана Кытайдын көмөгүнөн улам алар бул ишке барып жатат деп ойлойм. Алар биздин өлкөдө буга чейин болуп көрбөгөндөй иш жасады. Кытай өтө чоң жардам берди.

Ошондой эле Вашингтон Түндүк Корея Йонбендеги негизги атомдук реакторун ишке киргизген болушу мүмкүн деп күмөн санайт. Ак үйдүн мындай билдирүүсү өткөн аптада америкалык медиада жарыяланган спутниктен тартылган сүрөттөргө негизделген. Эксперттердин айтканына караганда, бул Пхеньян плутоний өндүрүүнү кайра баштаганынан кабар берет.

АКШ Түндүк Кореяга Ким Чен Ындын агасынын өлтүрүлүшү үчүн жаңы санкцияларды киргизди.

Ким Чон Нам
Ким Чон Нам

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерттин билдиришинче, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын аталаш бир тууганы Ким Чон Намдын өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, бул аракеттин артында Пхеньян турат.

Санкциялар тууралуу чечим 22-февралда кабыл алынып, 5-мартта ишке кирди. Анын негизги себеби – Түндүк Корея тарабынан химиялык куралдын колдонулушу. Ким Чон Нам VX заты менен ууландырылган. Адатта, АКШ химиялык же биологиялык курал колдонгон өлкөлөргө импорт бөгөтүн коет, бирок Түндүк Корея мурдатан эле мындай чектөөгө дуушар. Андыктан жаңы санкциялар бул кырдаалды кескин өзгөртөт деп айтуу кыйын.

Чет өлкөдө жашап, бир тууганына сын айткан Ким Чон Нам былтыр 14-февралда Куала-Лумпурдун аэропортунда киши колдуу болгон.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин буга чейин Пхеньянга барууга ниетин билдирип, бирок сүйлөшүүлөрдүн максаты Түндүк Кореянын “өзөктүк программасынан баш тартуусу” болушу керектигин эскерткен.

Эки Кореянын мамилеси Пхеньян спортчуларын Пхёнчхаңда өткөн Олимпиадага жиберүүгө макул болгондон бери жандана баштаган.

Кышкы оюндардын ачылышына Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы башында турган жогорку даражалуу делегация келип, Түштүк Кореяда үч күн жүрүшкөн. Анда Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президентин Пхеньянга чакырганы маалым болду. Эл аралык коомчулук бул окуяны эки Кореянын мамилесиндеги “муздун эриши” катары сыпаттаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG