Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

Сеулдун чабармандары Ким Чен Ынга жолукту


Түштүк Кореянын Пхеньянга барган делегациясынын башчысы Чон Ый Ен (солдо). Сеул, 5-март, 2018-жыл.
Түштүк Кореянын Пхеньянга барган делегациясынын башчысы Чон Ый Ен (солдо). Сеул, 5-март, 2018-жыл.

Түштүк Кореянын Пхеньянга барган делегациясы Ким Чен Ын менен жолукту. Бул Сеулдун чабармандары Түндүк Кореянын азыркы лидери менен кездешкен алгачкы учур жана өтө сейрек болуучу иш сапарлардын бири. Анын жүрүшүндө Түштүк Кореянын билдиргенине караганда, Түндүк Корея менен Кошмо Штаттардын ыктымал сүйлөшүүсү үчүн шарт түзүү аракети көрүлөт.

Түштүк Кореянын делегациясы Пхеньянга дүйшөмбү күнү барды. Топту Коопсуздук кеңешинин катчысы Чон Ый Ен жетектеп жүрөт. Алар өлкө лидери Ким Чен Ын менен кечки тамак үстүндө жолукканын Түштүк Кореянын президентинин кеңсеси кабарлады.

Сеулдук чабармандардын Түндүк Кореянын бийликтери менен сүйлөшүүсү эки күнгө мерчемделген:

- Делегация Түштүк жана Түндүк Кореянын мамилесин жакшыртууну, Корей жарым аралынын өзөктүк куралдан арылуусу үчүн АКШ менен Түндүк Корея ортосундагы диалогдун шарттарын талкуулайт. Алар 6-мартта түштөн кийин кайтып келген соң кыска убакытка Кошмо Штаттарга барып, сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат беришет, - деди Сеулдан Түштүк Корея президентинин аппаратынын коомчулук менен байланыш боюнча катчысы Юн Чан.

Пхеньянга чабармандарын жиберген Түштүк Кореянын бийликтери өткөн айдагы Кышкы Олимпиадада орногон карым-катнаш алдыдагы сүйлөшүүлөр үчүн кандайдыр бир негиз жаратты деп үмүттөнүшөт.

Олимпиаданын ачылыш-жабылышына Түндүк Кореядан жогорку даражалуу делегация келип, алар салтанаттарда америкалык өкүлдөр менен катарлаш турган. Ал визиттердин учурунда эки ирет тең түндүк кореялыктарды Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин кабыл алган.

Анда Пхеньян менен Вашингтон чабармандары ортосунда түз байланыш болгон эмес, бирок АКШнын Олимпиаданын ачылышына барган вице-президенти Майк Пенстин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын бир тууган карындашы Ким Ё Чжон менен жолугушуусу пландалганын, бирок андан акыркы мүнөттөрдө Түндүк Корея баш тартып койгонун өткөн аптада америкалык расмий өкүлдөр ачык айтышкан.

Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземинде Түндүк Корея делегациясы АКШ делегациясынын артында отурган учур. Пхенчхаң, 9-февраль, 2018-жыл.
Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземинде Түндүк Корея делегациясы АКШ делегациясынын артында отурган учур. Пхенчхаң, 9-февраль, 2018-жыл.

Вице-президенттин аппарат башчысы Ник Эйерс жолугушуунун болбой калышынын себебин чечмелеп жатып, “түндүк кореялыктар Майк Пенс айта турган сөздөрүн жумшартат деп үмөттөнгөн, бул алардын Олимпиада учурундагы пропагандасына шайкеш келмек” деп белгилеп, вице-президент Түндүк Кореядагы адам укугун бузууларды кескин айыптаганын, жаңы экономикалык санкциялар тууралуу планды” мерчемделген жолугушуу алдында жарыялаганын да эске салган.

Түндүк Корея АКШ менен сүйлөшүүнү шартсыз баштоого даярдыгын айтканы менен Вашингтондогу азыркы администрация да бул өлкө оболу өзөктүк куралдан баш тартуу үчүн конкреттүү кадамдарды жасашы керек деп эсептөөдө.

- Түндүк Корея сүйлөшүүнү каалап жатканын өткөн түнү уктуңар. Алар сүйлөшүүнү каалап турат, биз дагы каалайбыз. Бирок туура шарттар болбосо сүйлөшпөйбүз. Билесиңер да, алар 25 жылдан бери сүйлөшүп келе жатат, - деген эле президент Дональд Трамп 26-февралда. Трамп 3-март күнү АКШ-Түндүк Корея менен жолугарын ишара кылып, бирок оболу ал өзөктүк куралдан арылуусу керектигине токтолду.

Вашингтон менен Пхеньян ортосунда сүйлөшүү чын эле болору азырынча анык эмес. Кошмо Штаттар бир апта мурда эле Түндүк Кореяга байланышы бар жүк ташуучу компаниялардын, кемелердин, фирмалардын 50дөн ашуунун бутага алган жаңы санкцияларын жарыялаган.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги аларды “кеңири масштабда” жана “согуш актысы” деп атаган.

Ким Чен Ын "Хансонг-15" континент аралык баллистикалык ракетасы сыналган учурда. 29-ноябрь, 2017-жыл.
Ким Чен Ын "Хансонг-15" континент аралык баллистикалык ракетасы сыналган учурда. 29-ноябрь, 2017-жыл.

Президент Дональд Трамп өзү жана анын администрация өкүлдөрү АКШ бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын максаты - Пхеньянга “максималдуу кысым” жасап, анын өзөктүк, ракеталык программасынан баш тартууга мажбурлоо экенин билдирип келет.

Пхеньян 2017-жылы жалпысынан 16 жолу атуу учурунда 23 ракетасын сынаган. Алардын кеминде экөө континент аралык баллистикалык ракета болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG