Бахрейн жана БАЭ Израилге кол сунду

Дональд Трамп  Израилдин араб мамлекеттери менен ымалаша баштаганын Жакынкы Чыгыш боюнча тышкы саясатындагы ири жетишкендик катары көрсөтүп келет.

АКШнын ортомчулугу астында Израил менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрү - Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары өз ара мамилелерин жөнгө салууну макулдашты.

Мындай келишимге аталган өлкөнүн өкүлдөрү 15-сентябрда Вашингтондо Ак үйдө кол коюшту. Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп кол коюу аземине байкоо салып турду. Ал бул жараянды Жакынкы Чыгыш боюнча тышкы саясатындагы ири жетишкендик катары көрсөтүп келет.

Ак үйдө келишимге кол коюу аземине Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери - шейх Абдулла бен Зайед Аль Нахайян менен Абдуллатиф аз-Заяни катышты.

Дональд Трамп анда Ак үйдүн балконунан сөз сүйлөп, бул күндү Жакынкы Чыгыштын тарыхындагы жаңы учур катары сыпаттады.

"Биз бүгүн бул жерге тарыхты өзгөртүү үчүн чогулдук. Ондогон жылдарга уланган бөлүнүп-жарылуу, жаңжалдан кийин Жакынкы Чыгыштагы жаңы таңды белгилеп жатабыз. Бүгүн дүйнө жаңжалдан көрө кызматташуу, душмандашуудан көрө достук, жакырчылык ордуна өсүп-өнүгүү, аргасыздыктан көрө үмүт тандалганына күбө болду".

Дагы караңыз Израил менен БАЭнин ортосунда алгачкы авиакаттам ишке ашырылды

Келишимде Израил менен Палестинанын бир канча жылдан берки жаңжалы тууралуу сөз болгон эмес. Палестина араб өлкөлөрүнүн Израил менен ымала курганын "чыккынчылык", "артынан урулган бычак" катары баалап келет.

Палестин лидери Махмуд Абас ымалашуу келишимине кол коюлгандан кийин "Израил баскынчылыгын токтомоюнча бул аймакта тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук орнобойт" деп айтты.

ХАМАС кыймылынын лидери Исмаил Радван да кол коюу аземин кескин айыптап чыкты:

"Бул палестин эли, ислам жана араб дүйнөсү каардана турган күн, бул сионисттик баскынчылар менен мамилесин жөнгө салган Бахрейн жана Эмираттардын лидерлери басмырлоого жана кемсинтүүгө кабылган күн. Биз 15-сентябрь бул лидерлер үчүн кара күн экенин эскертебиз. Алар өздөрүнүн милдетинен, Палестинаны колдоодон баш тартышты".

Вашингтондо кол коюу аземи өтүп жаткан чакта Газадан палестиналык жоочулар Израилди ракета менен аткылашты.

Ымалашуу келишиминде Израилдин Иордан дарыясынын Батыш жээгин аннексиялоону убактылуу токтото турганы жазылган. Аталган аймакка палестиналыктар ээ экенин айтып келишет жана бул жерге болочок мамлекетин курууну көздөшөт. Перс булуңундагы Тель-Авив менен мамилесин жөнгө салган өлкөлөр Батыш жээкти аннексиялоо убактылуу токтотулганын палестиналыктардын кызыкчылыгын коргоо аракети катары көрсөтүшөт.

Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министри шейх Абдулла бен Зайед Аль Нахайян келишимге кол коюп жатып, Израилге палестиналык аймакты аннексиялоону убактылуу токтоткону үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз мамлекетинде улутчулдардын басым-кысымына кабылган Нетаньяху Иордандын Батыш жээгин аннексиялоо убактылуу гана токтогонун, Израил өз жерине болгон укуктан эч качан баш тартпай турганына ынандырганга аракет кылып келет. Бирок араб мамлекеттери менен мамилеле жөнгө салына баштаганын тарыхый дипломатиялык жетишкендик катары сыпаттайт.

"Бул күн тарыхтагы бурулуш учур. Бул тынчтыктын жаңы таңы атканын билдирет. Биздин башыбыздагы бир катар маселелерге жана кыйынчылыктарга карабай, келгиле ушул тарыхый учурду баалоо үчүн тыныгуу жасайлы", - деди Нетаньяху.

Дагы караңыз Израил менен БАЭ мамилесин жөнгө салды


Манама менен Абу-Даби Тель-Авив менен алака-катышын жөнгө салган үчүнчү жана төртүнчү өлкө болуп калды. Буга чейин Израил менен Египет жана Иордания ымалага келген.

Израилдин Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары менен жалпы чек арасы жок, бул мамлекеттер эч качан чатакташып, ортосунда куралдуу кагылышуу болгон эмес. Бирок Манама дагы, Абу-Даби дагы Палестинага тилектештик билдирип, ушул кезге чейин Израил менен дипломатиялык алака-катыш түзүүдөн баш тартып келишкен.

Буга чейин Дональд Трамп дагы башка араб өлкөлөрү алардын жолун жолдойт деген ишеничин билдирген. Бир катар талдоочулардын пикиринде, жакын арада Оман, Судан, Марокко жана Сауд Арабиясы дагы Израил менен мамилесин жөнгө салууну макулдашышы мүмкүн.

Араб мамлекеттери менен мамилени жөнгө сала баштаган учур Нетаньяху өз өлкөсүндө коронавирус пандмиясы маалындагы иш-аракеттеринен жана коррупция боюнча айыпталышынан улам сын-дооматка кабылып, каршылык акциялары күчөгөн маалга туш келди.

АКШдагы президенттик шайлоого жети апта калган маалда президент Дональд Трамп бул жараянды Жакынкы Чыгыш боюнча саясатындагы ири жетишкендик катары көрсөтүп келет.

Буга чейин Израил менан айрым араб өлкөлөрү мамилесин жөнгө сала баштаганын Иран менен Түркия сындап чыккан.