Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

АКШ Израилге ачык болушту


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Президент Дональд Трамптын администрациясы Палестин аймагындагы жөөт айылдарынын курулушун мыйзамсыз деп эсептеп келген саясатын өзгөрттү.

Вашингтондун чечими Иордан дарыясынын Батыш жээги боюнча АКШ 40 жыл бою карманып келген саясатынан баш тартканын билдирет жана ал палестиндердин өз мамлекетин куруу мүдөөсүнө каршы келет. Трамптын администрациясынын чечимин Израилдин бийлиги кубаттаса, палестин лидерлери жана Европа Биримдиги, ошондой эле бир катар өлкөлөр сындап чыгышты.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео Кошмо Штаттар Мамлекеттик департамент 1978-жылы чыгарган корутундудан, башкача айтканда Израилдин Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги басып алынган аймактарга айыл-кыштактарды курушу «эл аралык укукка ылайык келбейт» деген чечимден баш тарта турганын жарыялады:

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Трамптын администрациясы Обаманын администрациясынын жөөт айылдарына карата көз карашын өзгөртөт. АКШнын Батыш жээк боюнча ачык билдирүүлөрү ондогон жылдар бою ырааттуу болбой келди. Тараптардын укуктук талаш-тартыштарын изилдеп чыккандан кийин администрация мурдагы президент Рональд Рейган менен макул экенин билдирет. Батыш жээкке Израилдин жарандык айылдарын куруу эч кандай эл аралык укукка каршы келбейт.

Помпеонун журналисттерге билдиргенине караганда, президент Дональд Трамптын администрациясы айылдарга байланышкан бардык маселелер Израил соттору аркылуу чечилиши керек деп эсептейт. Ошондой эле айылдардын курулушу эл аралык укукка каршы келет деп табылышы кеңири алкакта тынчтык макулдашуусуна жетишүү аракеттерине тоскоол болуп келе жатканын билдирген.

Израилдин жетекчилиги Вашингтондун чечимин кубаттаса, Палестина жана башка өлкөлөрдүн лидерлери бул кеңири тынчтык келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгүнө сокку ура турганын эскертишүүдө.

- АКШнын администрациясы өзүнө ишенимди жоготту жана мындан ары тынчтык жараянында эч кандай роль ойной албайт, - деди палестин президенти Махмуд Аббастын өкүлү Набил Абу Рудейн.

Ал эми тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып келген Палестинанын өкүлү Саиб Еракат буларды айтты:

Саиб Еракат.
Саиб Еракат.

- Помпеонун билдирүүсү АКШ администрациясынын эл аралык укуктан, мыйзам үстөмдүгүнөн жана жаңжалды тынчтык менен чечүү жолунан толук баш тартканын көрсөтөт. Алар эл аралык укукту жунгли мыйзамына алмаштырып жатышат.

Вашингтондун позициясынын өзгөрүшү азыркы администрациянын палестиндердин мамлекеттүүлүккө жетишүү мүдөөсүнө каршы болгон Израилдин көз карашы менен макул экендигин билдирет.

Буга чейин Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, америкалык элчиликти ушул шаарга көчүргөн жана Вашингтондогу палестин дипломатиялык кеңсесин жапкан.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын 40 жылдан берки саясатынын өзгөрүшүн «тарыхый катачылыкты оңдоо» деп баалады:

Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

- Израилдин жарандары! Бул тарыхый күн жана биздин саясатыбыздагы дагы бир жетишкендик. Буга чейин Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, Голан дөңсөөлөрүнө укугубузду кабыл алса, эми америкалык администрация «айылдарды куруу мыйзамсыз» деген жалганчылыкка чекит койду. Бул үчүн президент Трампка жана мамлекеттик катчы Помпеого ыраазычылык билдирем.

Ошол эле кезде Европа Биримдиги Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жөөт айылдарынын курулушун мурдагыдай эле мыйзамсыз деп эсептей турганын жана ал бекем тынчтыкты орнотуу мүмкүнчүлүгүнө жолтоо болорун билдирди.

«Европа Биримдиги Израилди оккупант өлкө катары милдеттенмесине ылайык, айылдардын курулушун токтотууну талап кылат», деп айтылат Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерининин билдирүүсүндө.

АКШнын чечими символикалуу болгону менен, ал жакында өткөн парламенттик шайлоодон кийин коалициялык көпчүлүктү түзө албай калган азыркы премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга саясий упай алып келиши мүмкүн.

«Reuters» агенттигинин жазганына караганда, 1967-жылдагы согушта Израил басып алган Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги 120дай айылда 400 миңдей киши жашайт.

Женева конвенциясы басып алынган аймактарга өз жарандарын отурукташтырууга тыюу салат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG