Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Израил менен БАЭ мамилесин жөнгө салды


Тел-Авив менен Абу-Даби АКШнын президенти Дональд Трамптын ортомчулугу астында дипломатиялык алака-катыш түздү.
Тел-Авив менен Абу-Даби АКШнын президенти Дональд Трамптын ортомчулугу астында дипломатиялык алака-катыш түздү.

Бириккен Араб Эмираттары менен Израил Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен дипломатиялык мамиле түзүү тууралуу макулдашты. Алардын мындай чечимин Палестина, Иран жана Түркия сынга алып жатат.

Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) Перс булуңундагы Тель-Авив менен мамилесин жөнгө салган алгачкы, ал эми араб мамлекеттеринин ичинен үчүнчү өлкө болуп калды.

Дональд Трамп 13-августта «Твиттердеги» баракчасына Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун, БАЭнин мураскер ханзаадасы, шейх Мухаммед Бин Зайеддин жана өзүнүн биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Анда «Жакынкы Чыгыштагы ыкчам өнүгүп келе жаткан жана экономикасы кубаттуу эки өлкөнүн ортосундагы түз байланыш экономикалык өнүгүү, технологиялык инновация жана жарандардын тыгыз алака-катышы аркылуу бул аймакты өнүктүрөт», - деп айтылат.

Кийинчерээк Трамп макулдашуу жөнүндө комментарий берип жатып, бул учурду «чыныгы тарыхый күн» деп сыпаттады жана жакынкы күндөрү башка араб өлкөлөрү дагы ушул жолго түшөт деп ишенерин билдирди:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Мениче, палестиналыктар биз жасап жаткан иштердин бир бөлүгү болууну аябай эле самашат. Акыр-аягында мен Израил менен палестиналыктар ортосунда тынчтык орногонун көрүп жатам. Менимче ири, кубаттуу жана бай мамлекеттер мамиле түзө баштаганда палестиналыктар деле алардын жолун жолдошу табигый нерсе».

Тараптардын макулдашуусуна ылайык, Израил Иордан дарыясынын Батыш жээгин аннексиялоону убактылуу токтотот. Эки мамлекеттин делегациялары инвестиция, туризм, түз аба каттамдарды жана бири-биринде элчиликтерди ачуу жана башка маселелерди талкуулап, келишимдерге кол коюш үчүн жакынкы апталарда жолугат.

Улуттук телеканал түз эфирде көрсөткөн басма сөз жыйынында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху негизинен Трамптын айткандарын кайталады:

Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

«Биз бүгүн Израил менен араб дүйнөсүнүн ортосундагы жаңы доорду баштап жатабыз. Жакын арада дагы башка араб өлкөлөрү бул кеңейип жаткан дүйнөгө кошулушуна күбө болобуз. Бул соңку 26 жылдан берки Израил менен араб дүйнөсүнүн ортосундагы тынчтык үчүн чоң кадам болуп калды».

Бирок Нетаньяху Иордандын Батыш жээгин аннексиялоо убактылуу гана токтогонун, Израил өз жерине болгон укуктан эч качан баш тартпай турганын эскертти.

Израил менен Бириккен Араб Эмираттарынын жалпы чек арасы жок, эки мамлекет эч качан чатакташып, ортосунда куралдуу кагылышуу болгон эмес. Бирок Абу-Даби Палестинага тилектештик билдирип, ушул кезге чейин Израил менен дипломатиялык алака-катыш түзүүдөн баш тартып келген.

Палестина бул алака-катышты дароо сынга алды. Өлкөнүн президенти Махмуд Аббастын басма сөз катчысы Набил Абу Рудейне араб мамлекеттеринин уюмдары жыйынга чогулууга чакырылганын билдирди:

«Палестинанын жетекчилиги Бириккен Араб Эмираттарынын, Израилдин жана АКШнын үч тараптуу билдирүүсүн четке кагат жана айыптайт. Ушундай олуттуу окуялардан улам Палестинанын жетекчилиги Араб Өлкөлөр Лигасын жана Ислам Кызматташтык Уюмун бул билдирүүнү четке кагыш үчүн чукул жыйынга чогулууга чакырат».

Палестинадагы БАЭнин элчиси Тышкы иштер министрлигине чукул сүйлөшүүгө чакырылганы белгилүү болду.

Иран менен Түркия Абу-Дабинин мындай кадамын дароо сынга алышты жана аларды «палестиналыктарга чыккынчылык кылды» деп айыпташты.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги бул макулдашууну «Эмираттардын кадамы - палестиналыктардын жана бүтүндөй мусулмандардын жонуна урулган бычак» деп билдирди. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги бул аймакта жашагандар БАЭнин мындай «жүзүкаралык кадамын эч качан унутпасын жана кечирбей» турганын айтты. Ошондой эле алардын палестиналыктардын атынан Израил менен сүйлөшүүгө, Палестина үчүн маанилүү маселеде макулдашууга барууга ыйгарым укугу болбогонун белгиледи.

ХАМАС кыймылынын палестиналык өкүлчүлүгү да бул макулдашууну айыптады. Уюмдун өкүлү Фаузи Бархум «мамилени жөнгө салуу биздин элдин жонуна бычак урууга барабар, израилдик баскынчылардын кылмыштары үчүн сыйлык» деп мүнөздөдү.

Бир катар серепчилердин пикиринде, Тел-Авив менен Абу-Дабинин макулдашуусу экинчи мөөнөткө калыш үчүн ушул күздө шайлоого бараткан Дональд Трамптын тышкы саясаттагы жеңиштеринин бири болуп калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG