Жалпы 15 өлкө мүчө болгон Коопсуздук кеңешинин Сириядагы адам укуктарынын абалын талкуулоо аракети ийгиликсиз аяктады. 19-мартта мындай демилгени Франция, Британия сыяктуу сегиз өлкө колдосо, кеңештин туруктуу мүчөсү Орусия ага каршы болду. Орусиянын мындай позициясын Кытай, Казакстан, Боливия колдоп, үч өлкө добуш берүүдөн карманды.
Президент Башар Асадды колдоп келе жаткан Орусия Коопсуздук кеңешине мындай жыйын өткөрүүгө негиз жоктугун, бул маселе боюнча Улуттар Уюмунун Женевадагы атайын кеңеши алек болоорун билдирди.
- Алар Сириянын бийлиги өз калкынын укугун кандай бузуп жатканын уккулары келишет. Алар өздөрү ачык колдогон, Сириянын элин сегиз жылдан бери коркутуп келе жаткан экстремисттик топторго эмес, Сириянын бийлигине сөөмөй кезеп жатышат. Мындай жагдай сириялыктарга эч тиешеси жок бул демилге өтө саясатташып кетти деген тынчсызданууларыбызды тастыктап жатат, -деди Орусиянын БУУдагы элчисинин орун басары Геннадий Кузмин.
Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн Сириядагы адам укуктарынын абалын талкуулоо демилгесине Чыгыш Гута аймагындагы токтобогон чабуулдар себеп болду. Президент Асаддын күчтөрү Дамасктын четиндеги көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн бул аймакка бир нече жумадан бери сокку уруп жатат.
Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сирия обсерваториясынын маалыматы боюнча, февраль айынан бери өкмөттүк күчтөрдүн курчоосунда турган бул конушта 1,5 миңдей адам мерт болду. 19-марттагы аба соккусу 15 өспүрүмдүн өмүрүн алганы кабарланды.
Мындай кандуу чабуулдарды талкуулоого мүмкүнчүлүк бербегени үчүн Коопсуздук кеңешинин бир катар мүчөлөрү Орусияны айыптап чыгышты. Британия буга чейин Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча бир нече резолюциясын четке каккан Москваны "чындыктын ачыкка чыгышын каалабайт" деп күнөөлөдү.
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд ал-Хуссейн Орусиянын кадамы эл аралык уюмдун беделине шек келтирет деди:
- Миллиондогон адамдардын өмүрүн сактоо жана укугун коргоо аракетинин ийгиликсиз аяктаганы глобалдык кызматташтыктын эң маанилүү системасына айланган БУУнун ишине гана эмес, мыйзамдуулугуна да кедергисин тийгизет. Эгер Коопсуздук кеңешинин ролуна бөгөт коюлуп жатса, эгер ал жаңжалдарга токтотууга аракет жасабаса, анда адамзат чоң коркунучка кептелген экен.
Буга чейин Улуттар Уюмунун баш катчысы Гутадагы кырдаалды “жердеги тозок” деп сүрөттөгөн. Бирок Сириянын режими Батыш өлкөлөрүнүн бул айткандарына эч кошулбайт. Эки күн мурда президент Башар Асад Чыгыш Гутага келип, өкмөттүк күчтөр менен жолукту. Ал бул аймактагы аба соккуларын террорчуларга каршы күрөш деп мүнөздөдү.
Сирия армиясы Чыгыш Гутанын 80 пайыздайын өз колуна алганын билдирип жатат. Бул конушта күн сайын бир нече саатка гуманитардык тыныгуу жарыяланып жатканы менен кармаш токтой элек. Гутадагы 400 миңдей карапайым тургундун жарымына чукулу качкынга айланганы кабарланууда.
Чыгыш Гута - Сириядагы сегиз жылга аяк баскан жарандык согуштун эпкини тийген ондогон аймактардын бири гана. Эки күн мурда Түркия колдогон күчтөр эки айдан берки операциядан кийин Сириянын күрттөр байырлаган Африн аймагын ээлегени белгилүү болду.
Сириядагы жарандык согушта 350 миңден ашык киши каза тапты. Алардын үчтөн бир бөлүгү карапайым адамдар. Бир миллиондон ашууну жарадар болду, дагы 12 миллиондой адам качкынга айланды. Астанадагы жана Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн азырынча толук майнап чыга элек.