Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:18

Чыгыш Гута: ок атышпоо режими күчүнө кирди


Чыгыш Гутадагы соккулардан жарадар болгон кыз. 21-февраль, 2018-жыл. Сирия.
Чыгыш Гутадагы соккулардан жарадар болгон кыз. 21-февраль, 2018-жыл. Сирия.

Сириянын Чыгыш Гута аймагында Орусия киргизген беш сааттык ок атышпоо режими бүгүн күчүнө кирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин жарыялаган буйрукка ылайык, “гуманитардык коридор” түзүлүп, 400 миңдей карапайым адамга аймактан чыгып кетүүгө жол берилип, калгандарына жардам жеткирилиши керек.

Бирок Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория Сирияда ок атышпоо режими күчүнө киргенине карабастан, эки шаарда абадан сокку урулганын билдирди. Сириянын армиясы мындай маалыматы жокко чыгарууда.

Укук коргоочу уюмдун билдирүүсү боюнча Шифуний шаарына тик учактар эки бомба таштаса, Афтарис шаарына орусиялык аскердик учак абадан сокку урду.

Орусиялык аскерлер "шейшембиде Чыгыш Гутада уруш болгон жерден карапайым эл чыгып жаткан маалда козголоңчулар миномет менен аткылады" деп айыптады. Орусиянын "РИА Новости" маалымат агенттиги “гуманитардык коридор” аркылуу карапайым тургундар өтө албай калганын кабарлады.

Чыгыш Гута аймагына Орусия беш сааттык ок атышпоо режимин бүгүнтөн тарта киргизип жатканы кечээ жарыяланган. Путиндин мындай буйругун Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 26-февралда өткөн жыйында кабарлаган.

- Орусиянын президентинин тапшырмасына ылайык, жайкын тургандардын арасында жоготууларды болтурбоо үчүн Чыгыш Гутада 27-февралдан тарта күндүзгү 9:00дөн 14:00гө чейин күн сайын "гуманитардык тыныгуу" киргизилет. Жайкын тургундардын чыгып кетүүсү үчүн «гуманитардык коридор» түзүлөт. Координаттар даярдалган жана жакынкы убакытта маалымдалат, - деди Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. 15-февраль, 2018-жыл. Москва.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. 15-февраль, 2018-жыл. Москва.

Москванын бул жарыясынан бир күн мурда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы согушту 30 күнгө токтотуп, жаңжал уланып жаткан аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү тууралуу резолюция кабыл алган. Буга карабай 26-февралда да Чыгыш Гутада соккулар уланып, укук коргоочулар белгилегендей, ондой карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Ал жактагы оппозициячыл топтордун өкүлдөрү ок атышууну токтотууга даяр экенин айтышууда. Алардын бири - «Жайш ал-ислам» оппозициячыл тобунун башчысы Муххамад Алоуш:

- Коопсуздук кеңешинин №2401 резолюциясынан эки күн өткөн соң биз абдан бактылуу болуп, режим ок атышууну токтотуу боюнча өзүнө милдеттенме алат деп ойлогонбуз. Биз да, Гутадагы оппозициячыл фракциялар да ок атышууну токтотууга даяр экенибизди жарыялаганбыз. Бирок түнкү он экиде аскерий операциялар башталганда таң калдык.

Резолюцияга карабай аскерий операциялар уланып жатканы маалым болгон соң Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франция президенти Эммануэл Макрон телефон аркылуу орус президенти Владимир Путин менен байланышып, Чыгыш Гутадагы ок атышпоо жараянынын ишке ашуусуна көмөктөшүүнү суранышкан.

Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Орусия кабыл алган ок атышпоо тууралуу "гуманитардык тыныгуу" сакталат деген үмүттөнөрүн билдирүүдө. Кызыл чырым эл аралык уюмунун маалымат катчысы Йоланда Якемет ал жактагы бардык карапайым тургундарды чыгарып кетүү мүмкүн эместигин айтты:

- Биз 400 миңдей адам тууралуу айтып жатабыз. Силер алардын баарын чыгарып кете албайсыңар, ошол себептен гуманитардык жардамды алып кирүүгө мүмкүнчүлүк бергиле. Бул токтоосуз жүргүзүлүш керек жана тезирээк ишке ашат деген үмүттөбүз.

Чыгыш Гутадагы химиялык чабуулдан улаанган тургун. 25-февраль, 2018-жыл. Сирия.
Чыгыш Гутадагы химиялык чабуулдан улаанган тургун. 25-февраль, 2018-жыл. Сирия.

​Укук коргоочулардын айтымында, соңку он күн ичинде Чыгыш Гутадагы аба соккулардан 500дөн көп киши курман болду. Алардын 100дөн ашуусу балдар.

Бир күн мурда укук коргоочулар карапайым адамдарга каршы химиялык зат, болжол менен хлор колдонулганын айтышкан. Батыш жана Сириядагы оппозициячыл топтор адамдардын өлүмү үчүн президент Башар Асадга караштуу күчтөрдү жана аларга көмөк көрсөтүп жаткан Орусияны айыптап келет. Москва мындай дооматтарды четке кагууда.

Борбор шаар Дамаскка канатташ жайгашкан Чыгыш Гута - Сириянын президент Башар Асадга каршы чыккан козголоңчулардын колундагы, бирок 2013-жылдан бери өкмөттүн курчоосунда турган район.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG