Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Чыгыш Гутага гуманитардык жардам кирди


Эл аралык Кызыл чырым уюмунун ыктыярчылары Гутадагы карапайым элге дары-дармек таратып жатат. 5-март, 2018-жыл.
Эл аралык Кызыл чырым уюмунун ыктыярчылары Гутадагы карапайым элге дары-дармек таратып жатат. 5-март, 2018-жыл.

Улуттар Уюмунун гуманитардык жардам жүктөлгөн кербени дүйшөмбү күнү кечинде Сириянын Чыгыш Гута аймагына кирди. Жүк ташуучу 50дөй унаа Доума шаарына кирип, гуманитардык жардам жергиликтүү элге таркатыла баштады.

46 машинеден турган бул гуманитардык кербенди Эл аралык Кызыл чырым, Сириянын Кызыл жарым ай уюмдары жана Улуттар Уюму жиберди. Чыгыш Гутадагы Доума шаарчасына жеткирилген жардам шаардагы 27 500 адамга таратылып берилет.

Буга чейин Москванын күнүнө беш сааттан ок атышпоо режимин киргизүү тууралуу чечимин аткарып, Сирия өкмөтү бул убакыт ичинде аймактагы жайкын тургундарды атайын түзүлгөн гуманитардык коридор аркылуу чыгып кетүүгө чакырып жатат. Ал эми Улуттар Уюмунун Сириядагы өкүлү Али ал-Заатари гуманитардык жардамды жеткирүү жана таратуу беш сааттык ок атышпоо режими менен чектелбей тургандыгын билдирди.

- Биз ал беш саатка эле байлана албайбыз. Анткени беш саат - бул кандай гана гуманитардык кербен үчүн болбосун жетишсиз убакыт экенин айттык. Биз муну талкуулап, кербен үчүн 12ден 16 саатка чейин убакыт зарыл экенин макулдаштык. Анткени жүктү түшүрүү да көп убакытты алат. Биз Доумадан түн оогондон кийин гана чыгышыбыз мүмкүн, - деген ал-Заатари гуманитардык жардамдын дагы бир кербени 8-мартта жеткирилгени жатканын кошумчалады.

Чыгыш Гутанын аймагына 50гө чукул жүк ташуучу унаа кирди. 5-март, 2018-жыл.
Чыгыш Гутанын аймагына 50гө чукул жүк ташуучу унаа кирди. 5-март, 2018-жыл.

Мурдараак Орусиянын Сирияда уюшулган элдешүү борборунун башчысы Юрий Евтушенко Чыгыш Гутадагы козголоңчуларга кайрылып, жайкын тургандарга чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды:

- Курал-жарагы жана үй-бүлөсү менен аймактан чыгып кетүүнү чечкен согушкерлердин кол тийбестигин камсыз кылууга биздин борбор кепилдик берет. Мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн башчыларын бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, жайкын тургундарды болушунча тезирээк азаптардан куткарууга жана гуманитардык жардамдын Чыгыш Гутага тоскоолдуксуз жетишин камсыз кылууга чакырабыз.

Сириянын президенти Башар Асадга караштуу күчтөрдүн аймакка абадан урган соккуларынан жүздөгөн карапайым тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. 4-март, 2018-жыл.
Сириянын президенти Башар Асадга караштуу күчтөрдүн аймакка абадан урган соккуларынан жүздөгөн карапайым тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. 4-март, 2018-жыл.

​Жалпысынан Чыгыш Гутада азыр 390 миңден ашуун тургун курчоодо калган. 18-февралдан бери токтобой жаткан өкмөттүк күчтөрдүн жана алардын өнөктөштөрүнүн соккуларынан бери дегенде алты жүздөй жайкын тургун каза тапты. Эл аралык коомчулуктун, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин эскертүүсүнө карабай Сириянын президенти Башар Асад Чыгыш Гутадагы аскердик операциялар улана берээрин жекшембиде билдирген. Ал эми эмки айда Түркия, Орусия жана Иран Сириядагы кырдаалды жана аймактагы абалды талкуулай турганы бүгүн маалым болду. Саммит кайда өтөөрү азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG