Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.
"Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 51-беренесине ылайык, Федералдык Кеңештин санкциясы менен мен атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алдым. Биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга аракет кылабыз. Ошондой эле жайкын тургундарга, алардын ичинде Орусиянын жарандарына каршы бир топ кандуу кылмыштарды жасагандарды сот жообуна тартабыз", - деди Путин.
Мунун алдында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүнүн башчылары аталган аймакка аскер киргизүү өтүнүчү менен Путинге кайрылышкан.
Федералдык Кеңеш 22-февралда орус президентине армияны өлкөнүн сыртында колдонууга уруксат берген.
Ушул тушта Краматорск, Харьков жана Киевде жардыруулар болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Орусиячыл жикчилдер Донецкиде атышуу башталганын жазышты. Мариуполдо дагы атышуу башталганы кабарланууда.
Украинадагы аба кыймылын тейлеген "Украэрорух" мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди.
Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат.
Орусия Одессага аскерлерин киргизгени тууралуу кабар азырынча расмий ырастала элек.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Путинди согушка байланыштуу айыптады. Ал Твиттердеги баракчасына "Путин Украинага каршы согуш баштады. Жайкын украин шаарларына чабуул уланып жатат. Бул баскынчылык согушу. Украина өзүн коргойт жана жеңет. Дүйнө Путинди токтото алат жана токтотушу керек", - деп жазды.
"Кара тизме" жана катаал санкциянын Орусияга таасири
Москва Украинанын чыгышындагы жикчил эки райондун көз карандысыздыгын тааныганы үчүн Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын айлампасын 23-февралда киргизди.
Шаркеттин "кара тизмесине" Мамлекеттик Думанын 351 депутаты жана 27 жаран кирди. Алардын арасында мыйзамсыз чечимге тиешеси бар орус өкмөтүнүн өкүлдөрү, Донбасстагы жикчилдерди колдогон олигархтар, жогорку даражалуу офицерлер бар.
"Кара тизмеге" илингендер Евробиримдикке кире албайт жана алардын бул аймактагы активдери камакка алынат.
Ага чейин Лондон орусиялык беш банкка жана Владимир Путинге жакын үч ишкер - Геннадий Тимченко, Борис Ротенбергге жана Игорь Ротенбергге санкция салган. Германиянын канцлери Олаф Шольц "Түндүк агым-2" газ куурунун сертификациясын токтото турууну тапшырды.
Канада менен Жапония дагы Орусияга каршы санкцияларды жарыялашты.
Кошмо Штаттар Орусияга санкция киргизгенин 22-февралда жарыялады. Алардын соккусуна "Промсвязьбанк" жана ВЭБ банкы кабылды. Алардын биргелешкен активдеринин баасы 80 миллиард долларды түзөрү маалым.
АКШнын "кара тизмесине" ошондой эле Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, Кремлдин администрациясынын биринчи орун басары Сергей Кириенко, "Промсвязьбанктын" башкы директору Петр Фрадков жана алардын үй-бүлөлөрү киргизилди.
Ак үйдөгү жогорку даражалуу аткаминердин айтымында, эгер Орусиянын агрессиясы күчөсө, Вашингтон ири каржы институттарына, анын ичинде "Сбербанк" менен ВТБга санкция салат. Бул эки банктын жалпы активи 750 миллиард долларга бааланат.
Дагы караңыз "Донбасс боюнча өтө кылдат дипломатия керек"Ошондой эле Америка Орусияны Батыштан технология алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
"Биз Батыштан технология киргизбей, Орусиянын экономикасы үчүн чечүүчү мааниге ээ каржылык ресурстарын үзүп коёбуз", - деди АКШнын каржы министринин орун басары Уолли Адейемо CNBS телеканалына курган маегинде.
Москва АКШнын санкцияларына чечкиндүү жооп кайтарарын билдирди. 23-февралда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө "Санкцияларга өзүнө жараша жооп болорунан күмөн санабаш керек. Ал Америка тарапка сезилерлик болот", - деп жазылган.
2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып, ошондон бери Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди колдоп келген.
Путин 21-февралда Украинадагы жикчил райондордун жергиликтүү тургундарын коргоо жана ал жактагы коопсуздукту сактоо үчүн деген шылтоо менен аскер жиберүүнү буюрду. Ага чейин Москва Украинага кол салуу ниети жок экенин билдирип келген.
Ал арада дүйнөнүн бир катар шаарларында орус бийлигинин агрессиясына каршы акциялар өттү.
Евробиримдик Украинага каршы кастыкты талкуулайт
23-февралда Украина өз коопсуздугун бекемдөө үчүн бир катар чараларга барды. Расмий Киев 30 күнгө өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизгени турат.
Президент Владимир Зеленский калкын дүрбөлөңгө алдырбоого чакырып, украин армиясы Орусиянын кастык аракеттерине туруштук бере аларын билдирди. Ушул эле күнү резервдегилерди аскерге чакыруу буйругуна кол койду.
Ал арада Украина, Польша жана Литванын лидерлери биргелешкен декларацияга кол коюшту. Анда Киев Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер болууга татыктуу экени белгиленет.
Зеленский декларация Украина үчүн жакшы жышаан экенин айтып, Польшанын президенти Анджей Дудага жана Литванын лидери Гитанас Науседага ыраазычылык билдирди.
Документте Орусияга каршы катаал санкция киргизүү чакырыгы камтылган. Бул декларациядан кийин Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү 24-февралда атайын жыйынга чогулмай болду. Анда Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү аракеттери талкууланат.
Ал арада Батыш лидерлери Орусия Украинага толук кол салышы мүмкүн деп боолгоп турушат. Британиянын өкмөтү Кремл 2,6 миллион калкы бар Киевге бастырып кириши ыктымал деген божомолу менен бөлүштү.
"Биз кол салуу болушу мүмкүн деген бардык белгилерди көрүп турабыз. Албетте дипломатия менен болтурбоо мүмкүн. Бирок кырдаал аябай кооптуу. Биз Путинди операцияны токтотууга чакырабыз", - деди Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 24-февралда боло турчу орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен жолугушуудан баш тартты. Блинкендин айтымында, эми ал жолугушуудан эч кандай пайда жок.
22-февралдагы билдирүүсүндө Байден Путиндин жетекчилиги менен Орусия дагы башка украин аймактарын басып алууну көздөп жатканын айтты.
"Кошуна мамлекетке тийиштүү аймактарды "көз карандасыз" деп таанууга Путиндин кандай акысы бар? Бул эл аралык укукту болуп көрбөгөндөй бузуу жана ага эл аралык коомчулук кескин жооп кайтарышы керек", -деди Байден.