Украин күчтөрү Северодонецкиден чегинүүдө

Севередонецктин өндүрүштүк аймагында топтолгон украин аскерлеринин бири, 20-июнь 2022-жыл.

Украин күчтөрү орус армиясы курчап алууга аракет кылып жаткан Северодонецк шаарынан чыгып кете турган болду. Донбасста Орусиянын тынымсыз чабуулдары уланып жаткан маалда Евробиримдик Украина менен Молдовага уюмга талапкер деген макам берди.

Украинанын чыгышындагы Северодонецк шаарында бир нече жумадан бери орус күчтөрүнө катуу каршылык көрсөтүп келген украин аскерлери эми артка чегинүүгө аргасыз болууда.

Шаар жайгашкан Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай 24-июнда Украинанын UATV телеканалына билдиргендей, украин аскерлерине жаңы позицияларга орун которуу тапшырмасы берилди.

"Айлардан бери талкаланып бүткөн позицияларда жөн эле ошол жерде болуу үчүн отура берүүнүн мааниси жок. Себеби күн сайын бекем корголбогон аймактарда каза тапкандарын саны өсүшү мүмкүн. Ошондуктан бул чечим кабыл алынды. Ал жакта түрдүү аскердик күчтөр бар. Аларга жаңы позицияларга, бекемделген райондорго чегинүү жана ошол жактан кадимки аскердик аракеттерди жүргүзүү, анан, албетте, душманга сокку уруу тапшырмасы берилди", - деди Гайдай.

Орусиянын армиясы согушка чейин 100 миңдей адам жашаган Северодонецк шаарын дээрлик май айынан бери тынымсыз аткылап келди. Сергей Гайдайдын айтымында, шаарда инфраструктура толугу менен талкаланган. Турак жайлардын 90 пайыздан ашыгына ракета тийген.

Эми Северодонецк толугу менен орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өтсө, анда жакынкы Лисичанск Луганск облусу боюнча украин аскерлеринин колунда турган жалгыз шаар болуп калат.

Луганскинин жетекчилиги билдиргендей, соңку бир сутка ичинде орус аскерлери Лисичанскиге кеткен чоң жолдун боюнда жайгашкан Николаевка аттуу дагы бир кыштакты басып алды.

Орусия катасын түшүндүбү?

Лисичанск шаары, 17-июнь 2022-жыл.

Орус тарап апта башынан бери аймактагы он айыл-кыштакка көзөмөлүн орнотконун билдирүүдө. Бул маалыматты Киев толук ырастай элек.

"Орус күчтөрүнүн ийгиликтүү чабуулдарынын натыйжасында беш күн ичинде Луганск багытындагы Лоскутовка, Подлесное, Мирная Долина, Щебкарьер, Врубовка, Нырково, Николаевка, Новоивановка, Устиновка жана Рай-Александровка калктуу конуштарын бошотту", - деп билдирди жума күнү Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Сергей Конашенков.

Украинанын бийлиги Орусиянын армиясын токтотуу үчүн Батыш өлкөлөрүнөн артиллерия сыяктуу оор курал-жарактар керек экенин согуш башталгандан бери билдирип келет.

23-июнда HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системасы АКШдан Украинага жеткени белгилүү болду. Буга чейин Вашингтон Киевге мындай системадан төрттү бере турганы кабарланган. Азырынча алардын канчасы келип түшкөнү белгисиз.

23-июнда Кошмо Штаттар Украинага дагы 450 миллион долларга бааланган кошумча аскердик жардам жөнөтөрүн жарыялады. Анын арасында дагы төрт HIMARS системасы, артиллерияга керектүү он миңдеген ок-дары жана күзөт кайыктары бар.

АКШнын чалгын кызматынын маалыматы менен таанышкан эки америкалык расмий өкүл CNN телеканалына билдиргендей, орус күчтөрү Украинанын чыгышында аз-аздан алдыга жылууда. Алардын айтымында, орус тарап адеп Украинага басып киргенде кетирген катасын түшүнүп, аба соккуларын жана жердеги чабуулдарын мурдагыдан жакшыраак координациялап, логистика жана аскердик күчтөрдү жабдып туруу ишин жакшыртууда.

Украина Евробиримдикке талапкер болду

Орус күчтөрү Донбасстагы Луганск облусуна толук көзөмөлүн орнотууга аракет кылып жаткан маалда Евробиримдиктин 23-июнда Брюсселге чогулган лидерлери Украина менен Молдовага уюмга талапкер деген макам беришти.

Бул Еврошаркеттин тарыхындагы кайсы бир өлкөнүн талапкерлигине байланыштуу эң чукул кабыл алынган чечим катары мүнөздөлүп жатат.

Германиянын канцлери Олаф Шольц (солдон оңго), Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жана француз лидери Эммануэл Макрон, Брюссель, 23-июнь 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чечимди кубаттап, жаңы "жеңиш" деп сыпаттады.

"Биз аны 120 күн жана 30 жыл күткөнбүз”, - деп айтты Зеленский.

Эми Украина менен Молдова Еврошаркетке толук мүчө болушу үчүн бир катар орчундуу реформаларды ишке ашырышы керек. Ага керек болсо он жылга чейин убакыт кетиши мүмкүн.

"Албетте, бул өлкөлөрдүн баары уюмга кабыл алуунун жаңы этабына өтөрдөн мурда үй тапшырманы аткарышы керек. Бирок мен алар алдыга тез жылып, керектүү реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн тыным албай иштейт деп ишенем", - деп билдирди Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.

24-июнда Орусия Украинага кол салганына туура төрт ай болду. Орус күчтөрү басып киргенден көп өтпөй же 28-февралда президент Владимир Зеленский өз өлкөсүнүн Евробиримдикке кошулуу жөнүндөгү арызын Брюсселге жолдогон.

3-мартта ушундай арыз менен Грузия жана Молдова да Европа Биримдигине кайрылган.

Уюмдун лидерлери Грузиянын келечеги Украина жана Молдова сыяктуу эле Европада экенин тааныганы менен расмий Тбилиси талапкер деген макамды алышы үчүн бир катар талаптарды аткарышы керектигин белгилешти.