Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Зеленский: Өлкөнүн түштүгүн эч кимге бербейбиз


Украин президенти Владимир Зеленский Николаев облусунда аскерлер менен жолугуп, алардын согуштагы каармандыгын жогору баалады. 18-июнь, 2022-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский Николаев облусунда аскерлер менен жолугуп, алардын согуштагы каармандыгын жогору баалады. 18-июнь, 2022-жыл.

НАТОнун баш катчысы Украинада согуш бир нече жылга созулуп кетиши мүмкүн экенин эскертип, өнөктөштөргө анын "баасы канчалык жогору болсо" дагы Киевди заманбап курал-жарак менен жабдууга үндөдү. Украин бийлиги орус армиясы Харьковду кайрадан бутага алып жатканын билдирди.

Түндүк атлантикалык аскердик альянстагы (НАТО) мындай чочулоо бир жагынан орус армиясы Украинанын чыгышындагы Северодонецк баштаган бир катар шаарларда өз чабуулдарын күчөтүп, экинчи жагынан Европа Биримдиги Украинаны мүчөлүккө талапкерликке сунуштаган маалда айтылды.

Немистердин Bild am Sonntag гезити 19-июнда жарыялаган интервьюда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг “согуш жылдап созулуп кетээрине даяр болуп, Украинага колдоону токтотпошубуз керек”, – деп айткан.

Британ өкмөт башчысы Борис Жонсон өткөн жумада Киевге барып келгенден кийин Лондондо чыккан Sunday Times гезитине “убакыт өтө маанилүү” экенин баса белгилеп, “Украина орус армиясы чабуулдарын күчөткүчө өз жерин коргоп калуу үчүн күч жыйнай алабы-жокпу, ошондон көз каранды” деп жазды.

Жонсон 24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери 10 миңдеген киши набыт болуп, 10 миллионго чукул карапайым тургун үй-жайын таштап, бозгунга айланган кырдаалда Киевдин өнөктөштөрүн украиндерге "талыкпай колдоо көрсөтүүгө" үндөдү.

Ушул тапта орус армиясы Луганскидеги Северодонецк шаарын толук ээлеп алуу үчүн катуу чабуулун улантууда. Дарыянын аркы өйүзүндөгү Лисичанск шаары катуу артиллерияллык аткылоого кабылды.

Жекшембиде Орусиянын коргоо министрлиги Северодонецкинин түштүк-чыгышындагы шаарды өз карамагына алганын билдирди. Москванын мамлекеттик маалымат агенттиктери көп украин жоокерлери колго түшкөнүн кабарлады.

Луганскинин губернатору Сергей Гайдай украин телеканалына Москванын "шаарды толугу менен каратып алдык" дегенин маалыматын төгүндөп, орус күчтөрү "шаардын негизги бөлүгүн ээлеп турганын" айтты. Ал согуш уланып жаткандыктан карапайым жарандарды эвакуциялоо мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

Лисичанскиден атышууга карабай 19 тургун чыгарылганы маалым болду.

"Эми ал тургундар башынан снаряд учпаган жерге жетип, терең дем алып калышты", - деп жазды Гайдай Телеграмга.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Орусия болгон күчүн Северодонецк менен Бахмутка салып жатканын билдирди.

Ишембиде британ коргоо министрлиги чалгын маалыматтарына таянып, Северодонецкиде орустардын согуштук планында “өзгөрүүлөр” болгонун жарыялады. Ошондой эле британдар Донбасста майдандын эки тарабындагы тең жоокерлер “моралдык жактан чарчаганын” белгилейт.

“Соңку жумаларда украин армиясынан качкандар байкалат”, – деп айтылат чалгын маалыматтарында. Ал эми “орус армиясындай бир бөлүктөр буйрукту аткаруудан баш тарткан. Офицерлер менен алардын бөлүктөрүнүн ортосунда тиреш курчуган учурлар бар”.

Уруштагы эки тараптын жоготуулары тууралуу так маалымат алуу кыйын. Киев 30 миңдей орус аскерин жок кылганын жарыяласа, Батыштын чалгын кызматтарынын эсебинде бул сан кыйла төмөн.

Украин жак канча жоокеринен, коргоочуларынан айрылганын так жарыялабаганы менен президент Владимир Зеленский күн сайын 100дөй жоокери окко учуп жатканын жакында эле айткан.

Европага карай тайгак жол, тар кечүү

17-июнда Еврокомиссия Украинага биримдикке мүчөлүккө талапкер макамды тездетилген шартта берүүнү сунуш кылган. Брюссел Киевдин арызын 23-24-июнда карайт.

"Украинанын шаркетке мүчөлүккө талапкер макамы Европада эркиндикти бекемдеп, 21-кылымдын биринчи жарымындагы эң туура саясий чечим болуп калмакчы. Бул биздин бараандуу тарыхый жеңиш болот", – деген президент Зеленский өткөн аптада Киевге келген европалык үч лидер менен жолукканда.

18-июнда Зеленский Киевден 500 чакырым жердеги Николаев облусундагы согуш тилкесине барды. Ал эртеси Телеграмга “аскерлер, полиция жана Улуттук армия... жеңиштен күмөн санабайт” деп жазды.

“Өлкөнүн түштүгүн эч кимге бербейбиз, өз жерибиздин баарын толук кайра алабыз”, – деди украин лидери.

Жекшембиде Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Вадим Денисенко баскынчылардын күчтөрү өлкөдөгү экинчи чоң шаар – Харьковго жакындоого аракет кылып жатышканын айтты.

Орусиянын чек арасынан 30 чакырым турган калаа 24-февралда согуш башталганда душмандын катуу соккусуна дуушар болгон. Май айында Харьковду коргогондор баскынчыларды артка сүрүп чыккан.

Жекшембиде Украинаны түштүк-батышындагы аскер өкүлү Сергей Братчук Одесса облусунда орусиялык эки канаттуу ракетаны атып түшүрүшкөнүн билдирди. Ал ракета 2014-жылы Орусия өзүнө каратып алган Крым жарым аралынан атылганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG