Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Украинага жаңы курал келди


АКШнын HIMARS системасы.
АКШнын HIMARS системасы.

Орус армиясы Украинанын Лисичанск шаарынын түштүгүндөгү эки маанилүү конушка көзөмөл орнотту. Киев АКШнын HIMARS артиллериялык ракеталык системасы Украинага келип түшкөнүн билдирди. Ал арада Евробиримдик Украинага уюмга талапкер деген макам бергени жатат.

Орус-украин күчтөрүнүн ортосундагы негизги салгылашуулар Луганск жана Донецк облустарында жүрүп жатканы менен жакынкы Харьков облусунда да Орусиянын аба соккулары токтобой жатат.

Reuters жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, соңку эки күндүк аткылоодон Украинанын экинчи ири шаары Харьковдо жана анын айлана-тегерегинде кеминде 15 адамдын өмүрү кыйылды. Алардын арасында жергиликтүү тургун Никитанын чоң энеси да бар.

"Ал 85 жашта болчу. Экинчи дүйнөлүк согушту көргөн. Бирок бул согуштан качып кутула алган жок. Мен үйдө жок элем. Эч ким коопсуз эмес экенин түшүндүм. Бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн. Эч жакка кача албайсың. Өзгөчө чоң энем бул жактан кеткиси келген эмес", - деди Харьковдун тургуну Никита.

Украин өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн айтымында, орус күчтөрү Киевди Донбасстагы согуштан алаксытуу үчүн Харьковго атайлап сокку уруп жатат. Москва Украинада жайкын тургундарга ок атылганын четке кагып келет.


Орусия эки кыштакка көзөмөлүн орнотту

Луганск облусунда мурдагыдай эле Лисичанск жана Северодонецк шаарлары үчүн айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат. Украин армиясы ырастагандай, орус күчтөрү бул эки шаардын түштүк тарабындагы Лоскутовка жана Рай-Александровка кыштактарына көзөмөлүн орнотту.

Орусиялык күчтөр Лугансктагы украин аскерлеринин акыркы чордонуна айланган эки негизги шаарды алуу аракетине бир айдан ашты.

Украинанын Лисичанск шаары.
Украинанын Лисичанск шаары.

Лугансктын аскердик губернатору Сергей Гайдай 23-июнда билдиргендей, орус аскерлери ушул тапта аймактагы Волчеяровка, Золотое сыяктуу бир катар айылдарды каратып алуу үчүн чабуул жасап жатат. Бирок Северодонецкидеги украин күчтөрү орус армиясына каршылык көрсөтүүнү улантууда.

Донецктеги аймактык аскердик администрациянын башчысы Павел Кириленко аталган облустун Орусиянын көзөмөлүнө өткөн аймактарынын 55 пайызы "толугу менен талкаланганын" билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Донецктин жарымына жетпеген бөлүгүн украин күчтөрү көзөмөлдөп турат. Облустагы жүздөй шаарча жана кыштактарда электр жарыгы жана газ үзгүлтүккө учурады.

"Донбасста ири аба соккулары жана артиллериялык аткылоолор жүрүп жатат. Оккупанттардын бул багыттагы максаты өзгөргөн жок. Алар Донбассты четинен толугу менен талкалагысы келишет. Алар Лисичанскты, Словянскты, Краматорскту, ар бир шаарды Мариуполго айландырууну көздөшөт. Ошондуктан биз Украинага курал-жарак жеткирүү жагын тездетүү керектигин кайра-кайра баса белгилеп жатабыз. Бул кара ниет армияны токтотуп, Украинанын чек арасынан сүрүп салуу үчүн согуш тилкесинде күч тең болушу керек", - деп билдирди украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда.

HIMARS Киевге жетти

Курал демекчи, 23-июнда украин коргоо министри Алексей Резников HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системасы АКШдан Украинага келип жеткенин билдирди.

"Бул кубаттуу куралдар үчүн АКШдагы менин кызматташыма жана досума, коргоо министри Ллойд Остинге рахмат! Орус оккупанттары үчүн жай ысык болот. Айрымдары үчүн акыркысы болуп калат", - деп жазды Резников Твиттерге.

HIMARS Украинага качан киргени, бул курал согуш тилкесинде колдонулуп жатканы так белгисиз. Бир нече ракета учура ала турган бул система Кошмо Штаттарда 1970-жылдары иштелип чыккан.

Донецктеги украин аскерлери.
Донецктеги украин аскерлери.

Февралдын соңунда башталган согушта Орусия да, Украина да көп жолу ракета атуучу системаларды колдонуп келет. Бирок HIMARS дагы алдыңкы система деп сыпатталат. Бул курал 80 чакырымдык алыстыкка чейин жогорку тактыктагы ракета ата алат.

Буга чейин Киев Вашингтондон мындай системадан 300 даана берүүнү өтүнгөн. Бирок АКШ төрттү гана берүүнү чечкен.

Германиянын коргоо министри Кристина Ламбрехт 23-июнда айткандай, расмий Берлин Киевге мындай системадан дагы үчтү бере турган болду.

Бейшембиде Британиянын Коргоо министрлиги орус армиясы 19-июндан бери Лисичанскинин түштүк жагында беш чакырымга чейин алдыга жылганын, алар көбүнчө артиллериянын күчү менен утуп жатканын билдирген эле.

Британ премьер-министри Борис Жонсон европалык маалымат кажаттарына курган соңку маегинде Орусиянын Донбасстагы согушта алдыга жылып жатканы убактылуу экенин, жакынкы айларда орус армиясынын ресурсу түгөнүп, алдан тайышы мүмкүндүгүн айтты.

Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы "аскердик операциясы" планга ылайык жүрүп жатканын билдирип келет.


Украина Евробиримдикке талапкер болобу?

Донбасста салгылашуулар уланып жаткан маалда Европа Биримдигинин лидерлери Брюсселге чогулуп, Украина менен Молдовага шаркетке талапкер деген макамды берүү маселесин чечкени жатат. 23-24-июнга белгиленген саммитте Еврошаркеттин лидерлеринин баары бир добуштан бул чечимди колдойт деп күтүлүүдө.

"Бул Европа Биримдиги үчүнчү чечүүчү учур. Бүгүн биз геосаясий тандоо жасайбыз. Бүгүн Украина менен Молдовага уюмга талапкер деген статус беребиз деп ишенем", - деди Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель.

Брюсселдеги Украинаны колдогон акция. 23-июнь, 2022-жыл.
Брюсселдеги Украинаны колдогон акция. 23-июнь, 2022-жыл.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары саммиттин соңунда жарыялана турган декларациянын долбоору менен таанышып чыкты. Анда Европа кеңеши Украинанын, Молдованын жана Грузиянын Европада келечеги бар экенин тааный турганы жазылган. Ошол эле учурда Грузия бир катар талаптарды аткаргандан кийин гана талапкер макамына ээ болоору белгиленген.

Орусия 24-февралда басып киргенден көп өтпөй Украина Европа Биримдигине мүчө болуу тууралуу арызын Брюсселге жолдогон. Аны улай Молдова менен Грузия да Еврошаркетке ушундай эле кайрылуусун жөнөткөн.

Брюсселдеги саммитте Евробиримдиктин лидерлери Орусияга басымды күчөтүүнүн жолдорун да талкуулаганы жатат. Айрым маалыматтарга ылайык, Европа болочокто Орусиянын алтын түрүндөгү мүлкүнө санкция салууну караштырууда.

Уюмдун декларациясынын долбоорунда Украинадагы согуш кылмыштарын иликтөө чакырыгы камтылган. Ошондой расмий Брюссел Украинага аскердик жардам көрсөтүү маселесинде чечкиндүү турары жазылган.

Москва коңшу өлкөгө кол салганын "атайын аскердик операция" деп атап, ал Украинанын "денацификациясын" жана "демилитаризациясын" көздөй турганын билдирген. Бирок эл аралык коомчулук, Батыш өлкөлөрү Орусиянын кадамын "баскынчылык жана агрессия" деп атап келет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG