Украин армиясы Угледарды колдон чыгардыбы?

Угледар, сентябрь, 2023-жыл.

Орусиялык күчтөр Украинанын Донецк облусундагы өнөр жай шаары катары таанылып, согушка чейин 15 миң калк жашаган Угледарга жакындап калды. Эки жылдык курчоого карабай, калаа украин армиясынын көзөмөлүндө турган.

DeepState OSINT (ачык булактар чалгыны) долбоорунун аналитиктери курчоодогу шаар жакын арада алынышы мүмкүн деп эсептешет. Украин аскерлерине калааны таштап кетүүгө буйрук берилбесе да азыркы шартта аны кармап туруу дээрлик мүмкүн эмес.

Долбоордун негиздөөчүсү Руслан Микула шаар бир нече күндүн же жуманын ичинде колдон чыгат деген пикирде.

Украин армиясынын отставкадагы офицери, Frontelligence Insight долбоорунун негиздөөчүсү, X социалдык тармагында Tatarigami_UA деген ник менен белгилүү аскер аналитиги шаарды кармап туруу пайдасыз экенин, ок-дары ташуу же чегинүү иштери орусиялык чабуул астында татаалдашып кеткенин белгилейт.

Солк этпес сепил. Орусиялык армиянын шаарды басып алуудагы ийгиликсиз аракети

Чыгыш жана түштүк фронттору ашташкан жердеги Угледар толук масштабдуу орусиялык агрессия башталгандан бери Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Шаар көп кабаттуу үйлөрдөн туруп, жеке турак жайлар дээрлик жокко эсе. "Дөңсөөдө жайгашкандыктан Угледар коргонууга ыңгайлуу болчу. Орусиялык күчтөр аны жандап өтүп, ары жыла алган эмес" деп белгилейт Conflict Intellegence Team (CIT) иликтөөчү тобунун аналитиктери. Алар калааны украин коргонуу күчтөрүнүн негизги түйүнү катары эсептешет.

Орусиялык аскерлер шаарды курчоого бир канча жолу аракет кылып, аракети ишке ашкан эмес. Техникалар колоннасын украин артиллериясы талкаласа, Угледардан түштүккө карай жерлер миналанып, ага жакындагандын баары бутага алынчу. Шаардын өзүндө жана четинде атайын коргонуучу райондор да түзүлгөн.

Орусиянын армиясынын угледар багытындагы ири жоготуусу 2023-жылы февралда болгон. Анда орусиялык күчтөр деңиз пехотасынын даярдыгы жок 155- жана 40-бригадасын шаарды курчоого алуу үчүн жибергенде чопкутталган автоунаанын колоннасы биринин артынан бири күйгөн.

Февраль айы бүткөнчө орусиялык аскерлер Угледарга кирүүгө аракет кылып, 130 техникасын жоготкон. Украин армиясы курчоого катышкан эки орусиялык бригада "жок кылынганын" айткан. Британиянын ошол кездеги коргоо министри Бен Уоллестин эсебинде бул кармашта үч миңдей орусиялык аскер каза тапкан.

Курчоо аракети ийгиликсиз аяктагандан кийин Чыгыш аскердик аймагына баш-көз болгон генерал-полковник Рустам Мурадов кызматтан алынган: ишенимдүү булактар бул чечим Угледар алдындагы кыйроого байланыштуу экенин билдиришкен.

2023-жылы ноябрда Угледарга жасалган кезектеги чабуулда орусиялык армия аз дегенде 60тай техникасын, 2024-жылы май айында 32 техникасын жоготкон.

Июнда орусиялык армия шаарды курчоого алууга аракет кылып өтө көп техника жумшаган. Анда украин куралдуу күчтөрү 16 Т-80 танкын, 34 аскер машинесин жана 19 мотоциклди жок кылышкан. Украин армиясынын 72-бригадасынын билдиришинче, орусиялык күчтөрдүн 800 кишиси өлгөн жана жарадар болгон. "Свобода" радиосу көз карандысыз булактар аркылуу бул маалыматты тактай алган эмес. Мындан кийин да мотоциклдер менен курчоого алуу аракети болуп, ал дагы ийгиликсиз аяктаган.

"Кенелер". Орусиялык армиянын Угледарды жарым-жартылай курчашы

Кармаш августтун аягында кайра кызыды. Орусиялык аскер жетекчилиги Угледарды айланып өтүү тактикасын өзгөртүп, "кенеге" окшоп каптоону эп көрдү.

Шаарды 26 айдан бери "Каратору запарожьеликтер" деген атка конгон 2 миңдей аскер, Т-64, БМП-2 танкы жана М-109 гаубицасы бар 72-бригада коргоп жатат.

Тынымсыз чабуулдан алсыраган бригаданын курамы август айынан бери ротация боло элек, анын ордуна жаңы бөлүктөр менен гана толукталып жатат. Руслан Микуланын айтымында, бир батальонду эс алдыруу үчүн коопсуз аймакка чыгарган кезде бул тууралуу маалымат тарап кетип ротация токтоп калган.

Ротация кылуу идеясын биринчи болуп Жогорку Раданын депутаты Марьяна Безуглая сындап жазып чыккан. Мындан кийин аны айрымдар ротацияны үзгүлтүккө учуратканы үчүн күнөөлөшкөн. Аскер бөлүктүн кызматкерлери абал ротация тууралуу маалымат ачыкка чыгып кеткенден кийин начарлады дешет.

Бир гана күндө 1-2-сентябрда орусиялык аскерлер Угледардын батыш тарабында алга жылып, Пречистовканы толук басып алышкан. Муну менен катар калаанын түндүк-чыгышындагы Водяное айылына кирип барышкан.

3-сентябрда Перечистовка толугу менен орусиялык армиянын көзөмөлүнө өтсө, Водяное 8инде алынган.

20-сентябрда украин армиясынын 72-бригадасынын командири Иван Винник "бөлөк кызматка өттү" деген негизде өз милдетинен четтетилди.

21-сентябрда орусиялык армия "кенени" жигердүү каптатып, 22инде Угледардын чет жакасы бозоргон зонага айланды.

Угледардагы оор кырдаал жана 72-бригаданын чыгып кеткени тууралуу көптөгөн маалыматтарга карабай, украин аскерлери шаарда кармалып турушат. 26-сентябрда чегинүү тууралуу маалыматты четке каккан "Угледар биздики" деген жазуу социалдык медиада тарады.

26-сентябрда шаардын борборунан анча алыс эмес чыгыш тарабында жана батыш тарабындагы чет жакада кармаштар жүрдү. Угледар менен Украинаны байланыштырган жолдор орусиялык күчтөрдүн аткылоосунда калып, шаардагы 72-бригаданын чегинүүсүн татаалдаштырууда: алар эми шаардын түндүк тарабындагы украин армиясы көзөмөлдөгөн аймакка чыгып кетиши керек.

72-бригаданын аскерлери "Суспiльне" басылмасына шаардагы абал тууралуу айтып беришкен. "Оскар" деген каймана аттуу аскер кырдаалды "туруктуу чыңалган" деп сүрөттөгөн.

"Душман фронттун ар тарабынан жылып, курчоо аракеттерин улантууда. Жылганга мүмкүнчүлүк болсо эле ал жакка аскер бөлүктөрүн жана сокку уруучу чопкутталган унаасын тартып келүүдө. Биздин аскерлер бул аракетке болушунча каршы туруп, токтоткону менен курчоо аракеттерин улантып жатат", - деген ал.

"Оскардын" айтымында, орусиялык армия кол менен башкарылуучу авиабомбаны, куралдуу артиллерия, минометторду жана FPV-дрондорун колдонууда.

Себептер жана тергөө

Орусиялык күчтөрдүн угледардан башка багыттардагы ийгиликтерин Tatarigami украин армиясындагы бир канча мүчүлүштүктөн көрөт. Алардын арасында согуштун ар кайсы баскычтарында чечилбей калган маселелер, "жогору жактагылардын" өзгөрүүлөргө каршылык көрсөткөнү, катардагы жоокерлерге аскер жетекчилеринин начар мамилеси, чечүүчү кызматтарга "өз кишилерин дайындоо" ж.б. бар. Ушул көйгөйлөрдүн баары батыштык өнөктөштөрдүн колдоону жакшы көрсөтпөй жатканынан улам ого бетер тереңдеп жатат дейт аналитик.

CIT аналитиктери Tatarigami менен макул, ошол эле маалда орусиялык армия кол менен башкарылуучу авиабомбаны колдонуп, артиллериялык корунун жетиштүүлүгү менен да фронтто алга жылып жатканын эске салышат. CIT бардык багытта украин аскерлеринин чегиниши бирдей экенин белгилейт.

Угледарды атуу:

Америкалык согушту изилдөө институту (ISW) Угледарды басып алуу орусиялык аскерлерге Донецк облусунун батышындагы чабуулда оперативдүү артыкчылык берет деп эсептебейт. Анткени шаар маанилүү логистикалык түйүн эмес.

ISW шаарды алуу орусиялык күчтөргө фронттун башка багыттарында да кеңири мүмкүнчүлүк ачпай турганын белгилеген.

"Угледар Донецкиден Донецк жана Запорожье облусу чектешкен жерге алып барган Н-15 трассасынан түштүккө карай 23-чакырымда жайгашкан. Бирок Угледар менен трассанын ортосу негизинен айдарым талаадан турат. Аба ырайы бузулса, орусиялык күчтөргө аймакта чабуулду тездеткенге, тактикалык ийгиликке жетүүгө тоскоолдуктар жаратышы мүмкүн", - деп айтылат отчетто.

Андан тышкары Угледар алдында жана андан 55 чакырым түндүктө жайгашкан Покровскидеги орусиялык чабуул байланышта. Орусиянын күчтөрү украин армиясынын коргонуусун фронттун ушул аралыгына чейин чойгусу келет. ISW аналитиктери Угледарды алуу менен эле орусиялык күчтөр максатына жетпейт деп эсептейт.

CIT аналитиктери Угледарды жоготуу украиналык коргонууга таасир этпей турганын белгилешет. Алар муну Угледар менен Покровскинин ортосундагы дагы бир маанилүү шаар Курахового карай 20 чакырым аралыкта орусиялык армияны Сухие Ялы дарыясы сыяктуу табигый тоскоолдуктар жана Богоявленки районунда (Угледардан 8 чакырым түндүктө жайгашкан) коргонуу каражаттары күтүп турганы менен түшүндүрүүдө.

Аналитиктер бардык фронттогу кырдаалды эске алганда, украин армиясынын ушул тилкедеги коргонуусу кооптуураак экенин да четке кагышпайт.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.