Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Reuters: Индиянын снаряддары Украинага берилип, Орусиянын нааразылыгын жаратууда


Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Кремль. 2024-жылдын июль айы.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Кремль. 2024-жылдын июль айы.

Индиянын курал жасоочу ишканаларынан алган артиллериялык снаряддарды европалык сатып алуучулар Украинага Орусияга каршы күрөшүндө колдонууга жөнөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн 19-сентябрда Reuters маалымат агенттиги жарыялап, Москванын нааразылыгына карабастан Нью-Дели мындай сооданы токтотууга умтулбаганын, ишке аралашпаганын белгиледи.

Агенттиктин бажы документтерге негизделген маалыматына караганда, мындай көрүнүштүн башталганына бир жылдай болуп калды, Кремль маселени кеминде эки жолу көтөргөнүн индиялык үч булак тастыктады.

Индия өкмөтүндөгү адистер снаряддар анча деле көп эместигин, Украина импорттоп жаткан курал-жарактын ашып кетсе 1% гана түзөрүн айтышты.

Индиянын мамлекеттик Yantra India компаниясынын мурдагы жетекчилеринин биринин айтканына караганда, алардан алган снаряддарды Украинага Италия и Чехия жөнөтүүдө.

Reuters Индиянын курал-жарак өндүрүү тармагына тиешеси бар 20 чакты кишини сураштырып, Нью-Дели бул тууралуу билерин, маалымат алып турарын, бирок маселени ачык көтөрүп чыкпаганын аныктады.

Индия жана Украинын коопсуздук боюнча негизги союздашы АКШ өзүлөрүнүн башкы атаандашы деп эсептеген Кытайдын көрө баштаган аракеттеринен улам азыркы тапта өз ара дипломатиялык кызматташтыгын бекемдөөдө. Индия курал-жарак жаатында Орусия менен да жакшы мамиледе.

Талдоочулар Нью-Дели Европа аймагындагы согуштук абалды өзүнүн курал-жарагын сатууга мүмкүнчүлүк катары карай турганын белгилешет.

Стокгольмдогу Тынчтык маселелерин изилдөө боюнча эл аралык институттун маалыматына караганда, 2018-2023-жылдары Индия чет өлкөлөргө 3 миллиард доллардан ашуун суммага курал-жарак саткан. (RK)

XS
SM
MD
LG