"Туунун тагдырын эл чечиши керек"

Мирлан Самыйкожо.

"Азаттык" Жогоку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожону мамлекеттик туу маселесине байланыштуу парламент комитететиндеги талкууга улай кепке тартты.

19-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Документ эми парламенттин жалпы жыйынына экинчи окууга чыгарылат.

- Мирлан мырза, тармактык комитет тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун дароо эки окууда карап, кабыл алды. Бул жараянды тездетүүгө канчалык негиз бар эле?

- Билбейм, муну эч ким түшүнгөн жок. Туунун авторлору да, биз да билбей калдык. Бизге бүгүн туунун ар бир элементин, түндүгүн, чамгарагын өзгөртүүнүн маанисин түшүндүрүп береб и деген ой болгон. Бул жыйында мен жалаң эле авторлор менен суроо-жооп кылдым. Алар деле түшүндүрүп бере алган жок. Кыргызда мурдатан эле түндүктө үч чамгарак болгон. Эми төртөө болсо кандай болот? Желектеги нурлар түз болсо кандай болот? Муну эч ким түшүндүрүп бере албады.

- Тууну өзгөртүүнү жалпы элдик референдум менен чечүүнү сунуштадыңыз. Бул маселени эл өкүлдөрүнүн эле чечип коюшуна эмне себептен каршы болуп жатасыз?

- Бул элдин, ар бир жарандын, айылдагы дыйкандын, тоодогу малчынын, мектептеги мугалимдин, дарыгердин туусу. Муну 90 депутат эле чечип коюуга болбойт. Анткени муну 1992-жылы “легендарлуу парламенттин” 350 депутаты кабыл алган. Ошол үчүн 30 жылдан ашуун элге сиңип калган желекти 90 депутат өзгөртүп койбошу керек. Муну референдумга койсок жакшы болмок.

Дагы караңыз Курултай: Туунун тагдыры, абактан кайрылуу, кадр саясатына сын

- Парламенттеги жыйында биринчи окууда берилген сунуштар эске алынбай калганын айтып чыктыңыз. Ал кандай сунуштар эле? Сиздин эле сунушуңузбу же бардык сунуштар эске алынган эмеспи? Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Примов сунуштарды карап чыкканын айтып жатпайбы.

- Депутат Жамиля Исаева экөөбүздүн сунушубуз эске алынбай калды. Исаеванын айтымында, чыккан тик нурлар бири-биринен ажырап турат, ошону бириктирип коюу керек. Менин сунушум тууну өзгөртүүсүз калтыруу же өзгөртүү керек болсо, аны референдум менен чечүү болчу. Ал өткөн жок.

- Мыйзам долбоору эми жалпы палатада каралат. Бул курултайда да көтөрүлүп, символдун өзгөрүшү боюнча жоопкерчиликти президент Садыр Жапаров өзүнө алды. Эми депутаттар туунун өзгөрүшү тууралуу кандай позицияда болот?

- Ар бир депутаттын өзүнүн туюмунан, добушунан көз каранды. Бул жерге келгенде мен парламентти, депутаттарды сыйлайм. Эгер көпчүлүк добуш менен өтүп кетсе, эми ал көпчүлүктүн тандоосу болот. Мен эртең жыйында бул мыйзам долбоору кабыл алынып калат деген оюм бар.

- Буга президент мыйзам долбоорунун жоопкерчилигин өзүнө алганы таасир этиши мүмкүнбү?

- Бул фактор да депутаттардын добуш беришине таасир этиши мүмкүн.

Дагы караңыз "Тууну коргоо кылмышпы?". Кар алдындагы акция, камалган активист

- Бирок эл шайлаган депутаттардын жоопкерчилиги кала берет да?

- Кандай жоопкерчилик болушу керек? Абийир, эл, туу, эгемендик алдында жоопкерчилик болуш керек. Тууну өзгөртүү сунушу башынан туура эмес берилип калды. Башында авторлордон сунуш келди деп айтышкан. Кийин ал авторлордон эмес, депутаттардан келгени айтылды. Элдик курултайда башка жактан сунуш берилгени ачыкка чыкты. Кыскасы, муну жаап-жашырбай эле ачык айтып, коомду дүрбөлөңгө салбай алып чыкса жакшы болмок.