Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Назарбаевдин сүйүүсү: Элбасы элин эмнеге алдаган?


Жакында Казакстандын биринчи президенти, өлкөнү отуз жыл башкарган Нурсултан Назарбаев “Менин өмүрүм. Көз карандылыктан эркиндикке карай” деп аталган жаңы мемуарын коомчулукка сунуш кылды. Саясатчы көлөмдүү эмгегинин жеке жашоосуна арналган чакан бөлүгүндө мусулманчылык шарты менен никелешкен экинчи аялы, андан төрөлгөн эки уулу барын шардана кылган.

Дүйнөлүк таанымдагы саясий лидердин бул сыры коомдук-саясий айдыңда кызуу талкууга түшүп, батыш басылмалары да көңүл бурду. Ушундан улам мамлекеттик деңгээлдеги саясатчылардын жеке жашоосунун ал башкарган коомго таасирине, кош стандарттуу мамилесине, чоң саясаттагы адамдардын эл алдындагы моралдык жоопкерчилигине байланышкан суроолорго талдоочулар менен чогуу жооп издедик.

Бул талкууга адабиятчы-окумуштуу, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовду, "Мутакалим" коомдук бирикмесинин лидери Жамал Фронтбек кызы жана "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Асылхан Мамашулы катышты.

"Назарбаевдин сыры казак коому үчүн жаңылык эмес"

- Асылхан мырза, Назарбаевдин жаш аялы, андан төрөлгөн эки уулу бар экендигин мемуарында ачыкташын казак коомчулугу кандай кабыл алды? Күттү беле? Же бул күтүүсүз жаңылык болдубу?

Асылхан Мамашулы: Күтүүсүз жаңылык болгон жок. Негизи Назарбаевдин ушундай аялы бар экендигин коомчулук мурдатан эле билчү. Бул тууралуу ар кандай маалыматтар, түрдүү пикирлер айтылып эле жүргөн. Ютубда 2008-2009-жылдары чыккан видеолор бар. Ошол видеолордо Назарбаевдин токолу делген аял менен экөөнүн сүйлөшкөн сөздөрү бар. Өткөн жылы офшордон токолдун атында уурдалган 30 миллион доллар табылганы айтылган.

Негизи коомчулук Назарбаевден башкача нерсени күткөн болчу, бирок андай болгон жок. Бирок, бу саам Назарбаев өзү расмий түрдө моюндады. Ал менин токолум бар жана андан эки уулум бар деген сөздөн башка эч нерсе айтпады. Бул элдин күлкүсүн гана келтирди.

- Бул жаңылыкты жаштар кандай кабыл алды? Жаштар арасында кызыгуу болдубу?

Асылхан Мамашулы: Жаштарда эки ача пикир жаралды. Бул Назарбаевдин жеке турмушу, токол алабы, башка алабы өзү билсин дегендер болду. Албетте, сындагандар да болду. Назарбаевдин жашы сексенден ашып кетсе, токолу андан эки эсе кичүү болуп жатпайбы. Көпчүлүк Назарбаевдин "жүрөктүн амирине айла жок" дегенине карабай, "чал колунда бийлик турганда жаш кызга күчтөп үйлөнүп алган" деген көз караштан карады. Негизи жаштар муну оң кабыл алган жок.

- Осмонакун мырза, сиз биринчи президент Аскар Акаев менен иштешип калдыңыз, ал кезде Мамлекеттик катчы болуп турдуңуз. Президенттин, дегеле саясий лидерлердин жеке жашоосу тууралуу коомчулук билиши керекпи? Бул маанилүүбү? Эгер маанилүү болсо, эмне үчүн маанилүү?

Осмонакун Ибраимов: Колдон келсе президенттердин жеке турмушу дайыма элдин назарында болушу шарт. Ден соолугу, үй тиричилиги, башкасы кандай дегендей. Бирок бизде андай эмес. Батышта баарын алаканга салгандай байкап турушат. Батыш цивилизациясынын, маданиятынын шарты ушундай.

Эми Назарбаевдин сиздер айтып жаткан маселеси боюнча менин пикирим мындай: Мамлекеттик ишмердин Казакстанды кантип курганы, кандай иштерди жасаганы тууралуу жазган көлөмдүү китебинин ичинен ушул теманы бөлүп алып талкуулап отурганыбыздын өзү чынын айтканда, - майдачылык. Анын 30 жыл ичинде жасаган иштери келечекте том-том болуп жазылат. Азыр, албетте, элдин баары Назарбаевге асылып жаткан кези. Бул чоң саясатчылардын көпчүлүгүнүн башына келе турган тагдыр. "Караңдарчы, кыргыздарды минтип атат, тигинтип атат" деп, бизге дайыма сын тагып, бизди мокочо көрсөтүп турар эле. Ошол тагдыр өзүнүн башына келди. Учурда Назарбаевди күнөөлөш өтө оңой, бирок аны коргош кыйын. Менин аны коргоюн деген оюм жок. Жанагы маселеге келсек, арийне, президенттик макамынан пайдаланып, бирөөнүн алмончоктой кызына үйлөнүп алганы жакшы нерсе эмес. Мунун колдогонго да, жактаганга да болбойт. Күчкө салып үйлөнүп алды да.

- "Жүрөккө буйрук бере албайсың" деп жазып жатпайбы?

Бирок бизде "эл эмне дейт" деген жакшы сөз бар. Президент, чоңдорубуз эмне кылар экен деп, эл байкап турат. Эркеч каякка баштаса, артындагы кой-эчкилер да ошол жакка баштанат. Биздин чоңдордун жасаган ишинин – жакшысы да, жаманы да - баары бир элге таасири тиет.
Осмонакун Ибраимов.

Осмонакун Ибраимов: Ал калп! Бул жерде эч кандай жүрөктүн тиешеси жок. Мага гүл берген бир кызды сүйүп калган болчумун дегени Назарбаевдин көп калптарынын бири, тилекке каршы. Бул диктаторлордун заманынан бери болуп келе жаткан көрүнүш. Илгери, Сталиндин тушунда, атайын кызматтын башчысы Лаврентий Берия бирөөнү жактырып калса, аны таптырып келиш ал үчүн эч кыйынчылыкка турган эмес.

Азыркылардан Лукашенкону алалы. Беларустун сулуусу атыккан кызга ачык үйлөнбөсө да, дайыма жанында алып жүрөт, жеке дарыгерим, тигил-бул деген шылтоону айтып. Биздин президенттерге Кудай ынсап берсин дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. Чоң кызматтагы кишилер эмне кааласа жасай бериши мүмкүн. Бирок бизде "эл эмне дейт" деген жакшы сөз бар. Президент, чоңдорубуз эмне кылар экен деп, эл байкап турат. Эркеч каякка баштаса, артындагы кой-эчкилер да ошол жакка баштанат. Биздин чоңдордун жасаган ишинин – жакшысы да, жаманы да - баары бир элге таасири тиет.

Мен Аскар Акаевич менен иштеп калдым. Ал кишиде мындай "өнөр" жок эле. Сулуу кыз-келинди же актрисаны көрсө шынаарламай адаты жок болчу. Адеп-ахлак жактан Акаев өтө таза адам эле.

"Бакиевдин тушунда көп аял алууну мыйзамдаштыруу аракети болгон"

- Кыргызстанда мындай көрүнүштөрдөн таптакыр эле тазабыз деп айтканга болбойт го. Мурдагы президент Курманбек Бакиев буга жол берген да.

Осмонакун Ибраимов: Ырас, Курманбек Бакиев өңдүү-түстүү аял көрүнсө эле анын артынан түшкөн неме болчу. Ал эми Акаевде андай бирөөнүн кызына же келинине көз артмай адаты жок эле деп так айта алам.

- Менин айтайын дегеним, кош никени мыйзамдаштыруу маселеси бизде да маал-маалы менен көтөрүлүп жүрбөйбү. Бул маселе алгачкы жолу 2007-жылы козгологон эмес беле…

Осмонакун Ибраимов: Туура, ошол кезде Бакиевдин көп аялдуулугун мыйзамдаштыралы деген аракет болгон. Бирок мыйзам долбоорун биздин парламент өткөрбөй койду да.

- Бирок, мындан ары кандай болору деле бүдөмүк. Жамал айым, Назарбаевде шариятты бетке кармап, өзүн-өзү актоо аракети болуп жатат деп айтышууда. Саясатчылар, коомдук ишмерлер арасында мындай учурлар Кыргызстанда да бар экендиги тууралуу көп эле имиштер айтылууда. Көп аял алууга ислам кандай карайт? Шарият жол береби?

Жамал Фронтбек кызы: Бизде калктын токсон пайызы мусулмандарбыз дейбиз. Добуш алыш үчүнбү же жөн эле элге жагыш үчүнбү, көп саясатчылар кайсы бир аятты же хадисти бурмалап айтып, динге таяна калышат. Адам өзүн мусулманмын деп айткандан мурда исламда жазылган бүт эрежелерди аткарганга аракет кылыш керек. Анын ичинен өзүнө ылайыктуусун бөлүп алып эле, мен ушундаймын деп айтпаш керек. Негизи көп аялдуулук ислам дининде бар. Бул сүннөт маселесине кирет. Бир аятта төрт аялга чейин алсаң болот деген жери бар, ошол эле жерде "сен баарына бирдей мамиле кылып, адилеттүү болушуң керек" деп айтып жатат. Бирок кийинки эле аятта "сен адилеттүү боло албайсың" деп жазылган. Демек, адилеттүү боло алса гана ушул ишке барыш керек.

Тилекке каршы, бизде кош стандарттар өтө көп болгондуктан, экинчи-үчүнчү аял болгондор көп. Алардан төрөлгөн балдардын фамилиясы кандай болот? Андай аялдарга мүлк берилбей жатканы да өзүнчө көйгөй жаратууда. Ошол себептүү биз кандай мыйзам менен жашашыбыз керек жана андай тагдырга туш болгон аялдардын келечеги кандай болот - өлкө башчыларын ойлонтууга тийиш. Бул боюнча ушул убакка чейин бир дагы иш козголгон эмес. Кимдин канча аялы бар экенин баарыбыз билебиз. Мен баланчанын никесин кыйганмын, мен минткенмин, мен тигинткенмин деген молдолор да көп.

- Элдин башында жүргөн саясатчылар тууралуу айтып жатасызбы?

Жамал Фронтбек кызы: Ооба, алардын арасында да көп аялдуулукту үгүттөп, ага уруксат берген мыйзам кабыл алабыз дегендер да жок эмес. Өзүнө керек убакта динди жамынып, керек болбой калганда аны танбаш керек. Көп учурда динди жөн эле өз пайдасына колдонуп жатышат.

- Албетте, мусулманчылык аркылуу кыйылган нике Кыргызстанда расмий нике деп эсептелбейт, мамлекет тааныбайт. Кош нике кылмыш деп саналат. Бул тууралуу Кылмыш кодексинин 176-беренесинде мындай деп жазылган. Бирок бул өтө оор кылмыштын катарына кирбейт. Анткени, эркинен ажыратуу каралган эмес. Асылхан мырза, мындай мыйзам Казакстанда да бар экенин билебиз. Ал сиздерде кандай иштейт?

Асылхан Мамашулы: Чынын айтсам, биздин административдик же Кылмыш кодексинде бул кандай каралганын билбейм. Бирок менин жеке байкоомдо Казакстанда эки аял алганы үчүн соттолгон адам жок. Жоопко да тартылбайт, айып пул да салынбайт. Бизде мыйзам боюнча экинчи аялы расмий катталбайт, ошондуктан эки аял алса да экинчи аял алган болуп эсептелбейт. Тек бир аялы бар эркек болуп саналат. Ал эми экинчи, үчүнчү же төртүнчү аялы менен шарият негизинде же жарандык никеге туруп жашай берет.

- Кош стандарт экендигин коомчулук көрүп турат да, туурабы? Бул маселеге коомчулуктун алдыңкы катмары - интеллигенциянын көз карашы кандай?

Асылхан Мамашулы: Көп аял алуу маселеси бизде, коомчулукта көптөн бери талкууланып келе жатат. Бирок парламенттин деңгээлине чыккан жок. Анткени, парламентте жана башка жогорку кызматтарда жүргөндөрдө эки аялдуулар өтө көп, ошондуктан, бул маселе ал жакта талкууланбайт. Мен сизге бир нерсени айта кетейин. Мунун жарасы бир гана бийликтегилерде эле эмес. Бизде 2013-жылдардан баштап Сирияга кеткендер өтө көп болду. Алардын айрымдары кайтып келишпедиби. Алар ал жакка баргандан кийин бир нече нике алмаштырган, бул жерде да үч-төрт аял алган. Келечекте ошолорго байланыштуу мыйзам жүзүндө маселелер жаралышы мүмкүн. Ошол кезде бул маселе мыйзам негизинде көтөрүлүшү ыктымал. Учурда парламентте бул маселени мыйзам боюнча караган эч ким жок.

Башчылар адеп-ахлакты сактап, напсини тыйбаса коом бузулат

- Осмонакун мырза, сиз батышты эске салбадыңызбы. Батышта чоң саясатта жүргөн, жогорку кызматта отурган лидерлер үчүн бул кечирилгис нерсе катары саналат. Мисалы, Клинтон жөнүндө укпадыкпы. Катчысы Моника Левински менен мамилеси бар делип, аз жерден ага импичмент жарыяланып кала жаздабадыбы. Эгерде губернаторлордо ушундай маселе жаралып калса, жок эле дегенде отставкага кетишет. Азия өлкөлөрүндө, Кыргызстанда же калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн өлкөлөрдө тескерисинче, көрмөксөн болгонго же легалдаштырууга аракет кылабыз. Исламдын шарттарын бетке кармаган чоң саясаттагы лидерлердин, дегеле саясатчылардын адеп-ахлактык жоопкерчилиги кандай болуш керек?

Осмонакун Ибраимов: Бизде адеп-ахлак деген нерсе унутулду. Биз адеп-ахлак деген сөздү сейрек айтып калдык. Бул өтө жаман нерсе. Мен бул тууралуу бир нече жолу жаздым. Саясатчылардын мындай былыгы илимий тилде имморализм деп аталат. Жөнөкөй айтканда - аморализм. Бизде саясатчыларда достук жок, кызыкчылыктар гана бар деп айтылат. Бул эми сабатсыздык. Ал эми батыштагылар канча жылдык прогресстин негизинде ушуга келип жетти да. Нечендеген улуу окумуштуулар, саясатчылар, философтор бул жөнүндө жазышкан. Мындайыраак эле чатактар үчүн кызматтан айдап салышкан учурлар болгон. Мисалга алсак, Голливуддагы атактуу кишилердин бири, мыкты тасмалардын продюсери Харви Вайнштейнди актрисалар "мени 20-30 жыл мурда зордуктаган болчу" деп арызданышканы үчүн көп жылга соттошту.

Өкүнүчтүүсү, бизде мындай болбойт. Саясатчылардын адеп-ахлак маселеси жогорку деңгээлде козголбосо, жүрүп отуруп толугу менен деградацияга туш болобуз. Бийлик чөйрөсүндөгүлөрдүн көп аял алып жатканы тууралуу кеп кылып жатпайбызды. Аларды ооздуктабаса, мындан да жаман иштерге барышат. Коом бузулат. Бул өтө чоң маселе.

Азыркы президент бийликке жаңы келгенде бир жакшы жарлык чыгарды эле, аны даярдоого мен да анча-мынча кол кабыш кылган болчумун. Ошондо мамлекеттик кызматчылардын моралдык жоопкерчилиги каралган эле. Мисалы, бизде кандайдыр бир чатакка аралашып кызматтан кетсе, эртеси эле кайра келип ордуна отуруп алгандар болуп жатат. Бир жолу "биздин түрмөгө түшкөнү да бат, чыкканы да бат бир министрибиз бар, кайра келип эле ошол кызматка отурат" деп күлдүм эле. Түрмөгө түшүп чыккандарды көрүп жатпайбызбы, Берлинге туу сайып келгендей, тим эле шаңыраңдап жүрүшөт. Уялуу, "эл эмне дейт, бала-чака эмне дейт" деген сөз жок. Аморализм деген ушул.

- Назарбаев жүрөккө буйрук бере албайсың же тукумумду улай турган адам пайда болду, ошого бактылуумун деген мааниде жазып жатпайбы. Жамал айым, ушундан улам сизден сурайын деп жатам. Элдин башында турган, жалпы элдин жоопкерчилигин алган адамдардын жеке напсиси коомго канчалык зыяндуу?

Жамал Фронтбек кызы: Албетте, напси менен күрөшүү өтө кыйын, диний тил менен айтканда, бул жихаддардын эң күчтүүсү. Чоң саясатка келген же мамлекетти жетектеп жаткан адам өзүн бардык жактан көзөмөлдөп туруш керек. Мындан тышкары, мыйзамдар, дагы башка тийиштүү институттар андай кишилердин адеп-ахлагына тыкыр көз салып турууга тийиш. Эгерде эч кандай чектөө жок болсо, адам тескери жолго азгырылып, же башка жаман иштерге барышы турган иш.

Назарбаев жөнүндө айта турган болсок, анын Казакстанга эле эмес, Борбор Азияга да кошкон салымы чоң. Бир дагы президент жаңы шаар курганы жок, ал Астананы курду. Мен жакында эле Астанадан келдим, алар "биз бир миллиондон ашуун казактарды көчүрүп келдик, аларды турак жай менен камсыз кылдык, Дубайдан да жакшы жашап калдык" деп мактанып жатышат. Борбор Азияда биз лидербиз же лидер болушубуз керек деген да чоң дымактары бар. Мүмкүн ал киши азгырылды же өзү жазмакчы, чын эле артында туяк калтыргысы келгендир. Мен анын эмгегин абдан баалайм жана кыргыз жараны катары эмне үчүн бизден ушундай президент чыкпады деп өкүнөм. Алар бизге окшоп тиричиликтин айынан талаалап кеткен жок. Албетте, алардын табигый байлыктары көп. Бирок казак тилинин макамын эл аралык деңгээлге көтөргөнү - анын эрдиги. Бир сөз менен айтканда, Казакстанды мамлекет катары түптөп кетти. Биздеги чоң саясатка келген кишилер да элиме, журтума кызмат кылсам, менден да бир жакшы эмгек калса деп тилек кылышса оңдуу болмок.

Осмонакун Ибраимов: "Менин өмүрүм" деген чоң китепте Назарбаев өзү жасаган иштерди санап өтсө керек. Бүгүнкү Казакстан - дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин бири. Назарбаев эмне иштерди кылды экен деп, салмактап көргөндүн ордуна жанагы маалыматты үзүп алып, үйлөнгөн экен, эки баласы бар экен деп талкуулап жатабыз. Интернеттен байкасам, алар да ушул маселени кеп-сөз кылышууда. Чынын айсам, казак-кыргыз, баарыбыз артта калган, феодалдык көз караштагы эл экенбиз. Астананы эле эмес, бүт Казакстандын инфратүзүмүн оңдоп, дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына кошту. Өзү эл аралык саясатта аты чыккан саясатчыга айланды.

- Асылхан мырза, Назарбаевди отуз жыл даанышман саясатчы деп келишпедиби, биздеги коноктор да ал иш жүзүндө зор иштерди жасаганын ырастап жатышат. Эмне үчүн ал жеке турмушун ачыктады? Кээ бир маалымат каражаттары бул ушуну менен өзүнүн чынчылдыгын көрсөткүсү келди деп жазышууда. Сиз кандай ойлойсуз?

Асылхан Мамашулы: Анын үгүттчүлөрүн уксак, Назарбаевден ашкан зор саясатчы жок. Бирок, үгүт деген үгүт. Эгерде ага ишене турган болсок, Назарбаевден улуу инсан да жок. Албетте, учурда объективдүү да, субъективдүү да баа берилип жатат. Бул агам (Осмонакун Имбраимов – ред.) китептен 15 бетти бөлүп алып, ошону гана талкуулап жатасыңар деп айтып жатпайбы. Ал айтканыңыз да ырас. Себеби 700 жүз беттик китепти али эч ким окуп бүтө элек.

Китеп жакында гана чыкты, ал көпчүлүктүн колуна тие да элек. Азырынча эл ошол 15 беттик гана жаңылыкты талкуулап жатат. Эртең эл толук окуп чыкса, ошондо биротоло баасын берет. Баарын Назарбаев жасады деп, азырынча калыс баа берүү кыйын. Келечекте тарых өз баасын берет. Астананы курганы ырас, бирок кандай акчага курду деген маселе да көтөрүлүүгө тийиш. Токсонунчу жылдары да көп аракеттерди жасады. Анын саясий мурасына алдыда калыс баа берилет.

Осмонакун Ибраимов: Албетте, Назарбаев баягы эле үгүтүн улантып жатат. Ал үгүт жүргүзгөндү өтө жакшы көргөн саясатчылардын бири болчу. Бул жагынан дүйнөдө ага тең келе турган саясатчы жок. Баарын ачык жазып жатам деп жатпайбы, эгерде ошондой болсо Заманбек Нуркадилов, Алтынбек Сейсембаев сыяктуу казактын чыгаан саясатчылары кантип каза болгондугу тууралуу аргументтер келтирип, өз версиясын айтса дурус болмок. Мындан тышкары, эмне үчүн көзүнүн тирүүсүндө борбор калаа Астананы Нурсултан деп өзгөртүүгө макулдук бергендиги тууралуу да айтышы керек эле. Булар тууралуу эч маалымат жок.

- Назарбаевдин 700 беттен турган жаңы мемуарында кандай маселелер камтылгандыгы алдыда дагы талкууланаар. Мемуардын биз талкуулап жаткан бөлүгүнө талдоочулар саясий жаңжал, чуулгандуу билдирүү катары да баа беришүүдө. Постсоветтик өлкөлөрдүн башчыларынан көп аял алгандыгын биринчи жолу мойнуна алган саясатчы катары да баалап жатышат. Келечекке кандай таасир этээр экен деп кооптонгондор да бар. Назарбаевдин билдирүүсү саясатка, коомчулукка кандай таасир этиши мүмкүн?

Осмонакун Ибраимов: Чынын айканда жакшы көрүнүш эмес. Цивилдүү коомдо мындай нерселер болбош керек. Бийлигине таянып эле бирөөнүн кызына үйлөнүп алган туура эмес.

- Асылхан мырза, бул жугуштуу илдет сыяктуу кийинки саясатчыларга жаман жөрөлгө болуп бербейби? Көп аял алууну легалдаштырууга алып келбейби? Же кандайдыр бир сабак катары кабылданабы?

Асылхан Мамашулы: Жок, сабак болот деп ойлобойм. Анткени, ал буга чейин эле терс таасирин тийгизип койгон. Кыргызстанды билбейм, бирок Казакстанда жогорку кызматта отурган аткаминерлердин көпчүлүгүнүн эки аялы бар. Назарбаевдин үч аялы бар экендигин эл билет жана анын айланасында жүргөн кишилердин да экиден, үчтөн аялы бар экендиги маалым. Азыр муну эч ким осол кабылдабайт, тек, "аялы бар турбайбы" деп коёт. Ушундай көнүмүшкө айланды. Мамлекет башчысы өзү ушундай осол үлгү көрсөтүп жатат. Коомчулук да муну тескери көрүнүш катары айыптабай калган.

- Жамал айым, айтсаңыз, бул сабак алчу көрүнүшпү? Тескерисинче, көп аял алууну Кыргызстанда да легалдаштырууга шыкак бербейби?

Жамал Фронтбек кызы: Көп аялдуулукту легалдаштырыбыз керек дегендер да чыгышы мүмкүн. Анткени, ушу тапта экинчи, үчүнчү аялдарынан неберелүү болуп жаткан эркектер жок эмес. Назарбаев эки аял алгандыгын моюнуна алып жатат. Казакстанда мыйзам канчалык деңгээлде иштейт муну убакыт көргөзөт. Бизде көп аял алууга тыюу салган мыйзам бар. Бирок ушундай жолго барган кишилер мамлекеттик кызматтарды ээлегенге акысы жок деген ченемдер иштелип чыгып, мыйзам күчөтүлүшү зарыл.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG