"Адилеттик!" деген ураандар менен коштолгон оппозициянын жүрүшү жекшембиде Стамбулда жыйынтыкталып, ал күнү көчөгө 100 миңге чукул адам чыкканы белгилүү болду. 15 миңдей полиция кызматкери ишке тартылды.
Демонстранттар Түркиядагы былтыркы төңкөрүш аракетинен кийинки тазалоолорду айыпташып, президент Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүнөн дээрлик бир жылдан бери өлкөдө өкүм сүрүп келаткан өзгөчө кырдаал режимин алып салууну талап кылышты.
Элдик-республикалык партиянын бул жүрүшү 25 күн мурда Анкарада башталып, аны баштан аяк партиянын лидери Кемал Кылычдароглу коштоп жүрдү. Оппозициячыл саясатчы бул акцияны партиянын депутаты Энис Бербероглу өкмөттүн беделине шек келтирген документтерди ачыкка чыгарды деген жүйө менен камалгандан кийин баштаган.
450 чакырымдык жүрүшкө баш-аягы 1,6 миллион адам катышканы кабарланганы менен бул санды расмий түрдө тастыктоого мүмкүн болгон жок.
Акыркы үч жумада күн сайын 20 чакырымдай баскан Кылычдароглу Стамбулдагы жыйында 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийинки түрк бийлигинин кадамдарын кескин сынга алды:
"Өкмөт 15-июндагы төңкөрүш аракетин пайдаланып, 20-июлда өзгөчө кырдаал режимин киргизүү менен өзү төңкөрүш жасады. Алар парламенттен бийликти тартып алышты. Биз муну "хансарайдын 15-июлу" деп атайбыз. Өзгөчө кырдаал режими жарандык төңкөрүшкө айланып, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигин бир адамдын колуна карматып койду".
Түркияда былтыркы төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөчө кырдаал режими бийликке буга чейин болуп көрбөгөн камоолорду жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Президент Эрдогандын өкмөтү төңкөрүш аракетин АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери уюштурду деп билдирип, Гүлендин кыймылына байланышы бар делген 120 миңдей адамды иштен айдады. 40 миңдей киши камакка алынды.
Гүлен жана анын "Хизмет" кыймылы бийликтин бул айыптоолорун бир нече ирет четке каккан.
Апрель айындагы референдумдан кийин өлкөнүн Конституциясы өзгөрүп, Түркия парламенттик системадан президенттик башкарууга өткөн.
Өлкөдөгү бир жыл ичиндеги мындай өзгөрүүлөрдү жактаган президент Эрдоган оппозициянын соңку жүрүшүндөгү талаптарды июнь айында четке каккан:
"Жүрөгү жоктук жана сотторго басым көрсөтүү адилеттикти камсыз кылбайт. "Адилеттик" деген плакаттарды көтөрүү - адилеттикти орното койбойт. Адилеттикти издеп жазсаң, Түркияда анын жери - парламент".
Кантсе да оппозициянын бул жүрүшү төрт жыл мурдагы Гези акцияларынан кийинки президент Эрдоганга каршылык билдирген ири акция болуп калды.
Financial Times басылмасы чоң масштабдагы бул жүрүш анын уюштуруучусу үчүн да, президент Эрдоган үчүн да күтүлбөгөн окуя болуп калганын жазды. Басылмага пикирин билдирген Стамбулдагы Билги университетинин политология боюнча профессору Илтер Туран соңку акция элдин колдоосуна ээ болгонун, өкмөттүн бул акциянын беделине шек келтирүү аракетинен майнап чыкпаганын айтты.
Түркия төңкөрүш аракетинен берки бир жылда ички саясатын гана эмес, тышкы саясатын да өзгөрттү. Өлкөнүн Евробиримдик менен алакасы кескин солгундап кетти. Түрк бийлиги бир нече ирет Фетхуллах Гүленди өткөрүп бербейт деп АКШны да сындаган.
Түркияга иш сапары менен келген АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон болсо 9-июлда Стамбулдагы мунай конференциясында төңкөрүштүн мизин кайтаргандарды мактап сүйлөдү:
"Дээрлик бир жыл мурда түрк эли, эр жүрөк эркектер менен аялдар төңкөрүштү уюштургандарга каршы туруп, өз демократиясын коргоп калышты. Мен алардын эрдигин тааныйм жана 15-июлдагы окуялардын курмандыктарын урматтайм".
Төңкөрүш аракетинен бери Түркияда рейддер жана камоолор токтоп кала элек. Маселен, 10-июнда баш калаа Анкарада жана Стамбулда жүргүзүлгөн операциялардан кийин 115 кишини камакка алуу чечими чыкканы белгилүү болду. Алардын басымдуу бөлүгүн университет мугалимдери түзөт.