Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Стамбулга түрк парламентинин чакыруусу боюнча иш сапар менен барды. Ушул күндөрү Стамбулда Кара деӊиз экономикалык кызматташтык уюмунун саммити да өтүп жатат.
Сапар жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы аталган өлкөнүн премьер-министри Биналы Йылдырым жана парламентинин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолукту. Чыныбай Турсунбеков жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакаларды өнүктүрүү тууралуу сөз болгонун билдирди:
- 2013-жылы Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга сапары учурунда эки өлкө ортосундагы соода-сатык мамилелерди чыңдоо жана жалпы көлөмдү 1 миллиард долларга жеткирүү маселеси боюнча кеп болгон. Айтор эки өлкөнү кызыктырган маанилүү маселелер талкууланып, ага жетишүү үчүн тараптар даяр экенин билдирдик.
Кыргызстан менен Түркиянын жетекчилигинин мамилеси акыркы бир жылда солгундай түшкөн. Турсунбековдун визити Түркияда былтыр ишке ашпай калган төңкөрүш аракеттеринен соң Кыргызстандын жогорку расмий жетекчилеринин ичинен алгачкы сапар болду.
Муну түрк өкмөт башчысы Биналы Йылдырым да белгилеп, акыркы учурда "Себат" билим берүү мекемесинин айланасындагы маселелер эки өлкө алакасына өз таасирин тийгизгенин белгилеп өткөн.
Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, түрк өкмөт башчысы Кыргызстандын агартуу тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик "Маариф" билим берүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууну сунуштаган.
Былтыр июль айында Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракетинен соң түрк бийлиги бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерин айыптаган.
Анда Түркия "гүленчилердин" таасири Кыргызстанда күч экенин айтып, аларга тыюу салууну суранган эле. Бул боюнча түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушлогу бир нече жолу кыргыз тарапка чакырык менен чыккан. Кыргыз бийликтери Анкаранын суранычын аткаруудан баш тарткан.
Кыргызстанда Гүлендин кыймылынын жолдоочулары түздү делген окуу жайлар, маданий жана кайрымдуулук жаатында иш алып барган уюмдар бар. Алардын эң ириси “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси жергиликтүү уюм катары каттоодон өтүп, өткөн айда аталашы "Сапат" болуп өзгөртүлгөн.
Буга кошумча былтыр жыл аягында Бишкекте өтчү түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү кийинкиге жылдырылган. Анын себептерин расмий Бишкек так түшүндүргөн эмес. Ошондой эле буга чейин бат-бат катташып турган кыргыз-түрк өлкө жетекчилери акыркы бир жыл аралыгында жолугуша элек.
Эксперт Орозбек Молдалиев эки өлкө мамилесиндеги солгундоо ачык эле сезилгенин айтууда:
- Бул кыймылдын айланасында кайым айтыш болбодубу. Түрк тышкы иштер министри буйрук бергендей жапкыла деп чыкты. Биздин органдар ага жооп кылды. Чынында эле башка өлкөнүн министри өзүнүн кол алдындагыдай эле жапкыла деп атса, ага биздики да карап тура албайт эле. Мына ушул ачыкка чыккан маселе мамилени солгундата түштү. Бирок кызматташтык уланып эле, жогорку бийлик жетекчилери жолукпаса да, эки өлкөнүн мамлекеттик органдары ортосундагы кызматташтык жүрүп эле жатат.
Ал эми мурдагы тышкы иштер министри, учурдагы депутат Руслан Казакбаев кыргыз-түрк мамилеси сууй түшкөн деген пикирлерге кошулбайт:
- Эки өлкө мамилеси салкындай түштү деген пикирлерге кошула албайм. Себеби, биздин мамлекеттерди тарыхый, саясий, маданий алакалар бекем байланыштырып турат. Ал эми тышкы саясатта өлкө кызыкчылыктарына жараша убактылуу активдешүүсү же жайлап калышы болуп эле келген көрүнүш.
Ошол эле кезде түрк тарап жаңыдан сунуштаган "Маариф" билим берүү мекемеси кызыгуу жаратты. Расмий маалыматтар боюнча, бул фонд 2016-жылы июнь айында түзүлгөн. Мындай жол менен түрк бийлиги АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери чет өлкөлөрдө ачты делген билим берүү мекемесинин ордуна мамлекеттик мектептерди ачуу ниетин көздөгөн.
Буга чейин Африканын бир нече өлкөсүндө Гүлендин жабылган мектептеринин ордуна "Маариф" фондунун мектептери ачылганы белгилүү.