Түркия бийлиги Дарвинди чанууда
2019-жылга чейин Түркиянын орто мектептеринде Чарльз Дарвиндин эволюция теориясы мектеп программасынан алынып салынат. Бул президент Режеп Тайып Эрдоган башында турган бийликтин дагы бир консервативдүү кадамы болорун The Telegraph гезити баяндайт. Түркиянын Билим берүү министрлигинин өкүлү Алпарслан Дурмуш: "Кайчылаш көз карашка жол ачкан, илимий негизи талаш-тартыш жараткан темаларды окуучуларга жөн эле окута бербейли деп чечтик. Анткени 9-класстын окуучулары "Жашоонун келип чыгышы жана эволюция" тууралуу ой жүгүрткөнгө даяр эмес да", - деген пикирин билдирген. Мындай сунушту Түркия лидери Режеп Тайып Эрдоган да колдоп жатат. Бирок түркиялык илимпоздордун тобу бул чечимди Сауд Арабиясын тууроо катары баалап, сындап чыгышты. Ал эми түркиялык диний аалымдар болсо эволюция теориясы Куранга шек келтирерин бетке кармашууда. Ошондой эле өлкөдө Мустафа Кемал Ататүрктүн өмүр жолун окутуу кыскарып бара жатканын, секулярдуу Түркия Республикасын түптөгөн улуттук көсөм саналган лидерди Эрдогандын бийлиги мусулмандардын укуктарын басмырлаган деп сүрөттөй баштаганын жазат The Telegraph.
Тактыны каалабаган ханзаада
Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө британ ханзаадасы Гарринин падышалардын жашоосу тууралуу айткан пикири эң көп талкууланган тема болду. Newsweek журналына ханзаада Гарри атайын маек куруп: "Апам каза болгондо 12 жаштагы тестиер бала болчумун. Миңдеген адамдардын көз алдында анын табытын ээрчип басуу мен үчүн абдан оор болгон. Мындай оор жүктү көтөрүү кыйын эле", - деп эскерип, монарх болуу абдан оор түйшүк экенин, ушундан улам тактыга отурууну каалабай турганын айткан. Гарри өзү тактыга мураскерлер тизмесинде атасы Чарльз, агасы Уильям жана агасынын балдарынан кийинки бешинчи орунда турат. Апасы Диананын өлүмүнөн кийин бир топ психологиялык соккуга кабылганын айтып, чоң апасы ханыша Елизавета неберелерине эбегейсиз эркиндик бергенин айтат. Бул көлөмдүү интервьюда ханзаада падышалык үй-бүлөнүн коом алдындагы милдети абдан чоң жана оор экенин, британ армиясында кызмат өтөө менен мындай оор жүктөн арылганын билдирип, катардагы эле атуул болууну абдан каалаарын кошумчалаган. Агасы Уильям менен жеңеси Кейт 21-кылымда монархиянын жүзү катары калаарын, акыркы 60 жылдан бери падышалык үй-бүлө дүйнөгө позитивдүү көз карашты калыптандырды деген пикирин кошумчалайт.
Эрдоган мечитте эсинен танды
Түркияда чыккан Cumhuriyet басылмасы 25-июнь күнү Орозо айт учурунда өлкө лидери Режеп Тайып Эрдоган мечитте намазга келип, өзүн жаман сезгенин жарыялады. Президент Эрдоган Стамбулдагы Мимар Синан мечитине айт намазын окуганы барган. Ал диний жөрөлгө учурунда эсинен танып, жан сакчыларынын курчоосуна алынган. Мечиттин имамы Эрдогандын акыбалы дурус экенин айтканы менен дарыгерлер мечитке барышып, атайын текшерүү жасашкан. Ошондон кийин Эрдоган басма сөз өкүлдөрү менен жолугушуп, кан басымы начарлап кеткенин айткан. "Кант диабетине байланыштуу кан басымым өйдө-ылдый болуп жатат. Кичине өзүмдү жаман сездим. Бирок азыр жакшымын. Партиялаштарым уюштурган айт майрамына байланыштуу атайын кечеге барамын", - деди Эрдоган журналисттерге.
Салык эмес, садага бергендер
New York Times гезитинин талдоочусу Мухаммед Ханиф мусулмандардын ыйык Орозо айында жана айт майрамында Пакистанда колунда бар кишилердин көбү зекетти мамлекеттик органдарга төлөөдөн баш тартып, түздөн-түз жакырларга жардам берерин баяндайт. Пакистандын мыйзамдарына ылайык, Рамазан айында шарттуу түрдө зекет чогултулушу керек. Бирок зекетти пакистандыктар азыр мамлекетке бербей, миллиарддаган рупий-акчалар колдон-колго ар түрдүү кайрымдуулук иштери аркылуу өтүүдө. "Эгер өкмөткө зекет берсек, алар көбүн уурдап азын гана кембагалдарга таркатат. Бизден уурдаган акчасына алар Мекеге барышып, Алланын алдында күнөөлөрүн жуугусу келет. Мындай уурулукка жол бербей, кем-карчтарга түздөн-түз кол сунуш керек эмеспи?" - дейт макаланын автору.
Рамазанды көптөрү аркы дүйнөгө инвестиция жасоочу ай катары кабылдашат. Бул айда окуган намаздар 70 эсе көбөйүп, Мекеге барса окулган дубалар жүз, миң эсе кабыл болот деп ишенгендер да бар. Ушундан улам бай пакистандыктар Орозонун акыркы он күнүндө Меке менен Мединага агылышып, кайрымдуулук капчыгынан ченемсиз акча чачып, мамлекетке салык төлөшпөйт.
Пакистанда абдан таанымал кайрымдуулук жаатындагы ишмер, маркум Абдул Саттар Эдхи өлкөдөгү чукул жардамга муктаж, жетим балдар жана зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга баш паанек жайларын ачкан. Бирок ал өзүндө акча жок калган учурда көчөгө чыгып кайырчылык да кылчу. Ошондо ал байларга караганда кедейлер эң көп акча садака кыларын, ал тургай өзүнө окшош тилемчилер да бир күндүк тапканын башкаларга берип койгонун эскерген. Эдхиге учурунда "Пакистандын Тереза атасы" деген лакап коюлуп, бир нече ирет тынчтык боюнча Нобел сыйлыгына да көрсөтүлгөн.
Пакистанда азыр миллионерлер кайрымдуулук жасап, аркы дүйнөдөгү мээримдүүлүктү сатып алгысы келсе, кедейлер тек гана бири-бирине Кудай үчүн жардам берип келишет дейт аналитик Мухаммед Ханиф.