Эрдоган: Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүн ырааттуу колдойт

Түркияда жасалган “Гетьман Іван Виговський” (“Гетман Иван Выговский”) деп аталган украиндик чакан согуштук кеме деңизге салтанат менен узатылды. Стамбул, Түркия. 01.8.2024.

Түркия менен Украинаны Кара деңиз аймагы гана эмес, евразиялык тарыхтагы бир катар орток барактар да байланыштырып келет. Расмий Анкара расмий Киевди анын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн атамекендик согушунда да ырааттуу колдоого алууда. Орто жолдо Түркия кырым татарларына да боордоштук көмөгүн көрсөтүп келет. Тарыхчынын блогу.

Орусиянын авторитардык режими эгемен Украинаны “3–5 күндө чөгөлөтүп салам” деген дымак менен кеңири өлчөмдө баштаган баскынчыл согуш 1038 күндөн бери уланууда. Ал эми Кремлдин аскерлеринин Украинанын Кырым жарым аралын жана Донбасстагы айрым аймактарын убактылуу басып алгандыгынан бери 10 жылдан ашты.

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү Орусиянын баскынчыл аракеттерин кескин айыптап, президент Владимир Путиндин режиминен Украинанын аймагынан өз аскерлерин шартсыз чыгарып кетүүнү талап кылууда.

Дал ушундай талапты ырааттуу билдирип жаткан таасирдүү өлкөлөрдүн бири – Түркия жумурияты. НАТОго мүчө өлкө болгон бул жумурияттын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир нече ирет жолугушуп, өз өлкөсүнүн кызыкчылыктары үчүн дипломатиялык аргаларды жасап жаткандыгы да маалым.

Дагы караңыз Азиянын Батышы менен Чыгышынын Путин үчүн дарсы

Арийне, Түркиянын кызыкчылыктары Орусиянын кызыкчылыктары менен төп келе бербестиги Украинада гана эмес, Жакынкы Чыгыштагы окуялардан, асыресе Сириядагы Башар Асаддын режиминин кыйрашынан да айгинеленет. Түркиянын сириялык оппозициялык күчтөргө колдоосу жана Орусиянын Асаддын режимине соңку мүнөттөргө чейин таяныч болуп бергендиги кандай натыйжа менен аяктагандыгын дүйнө билет: быйыл декабрдын башында сириялык оппозициялык күчтөр борбор шаарды жана бийлик тизгинин ээлешти да, Башар Асад, илгери Аскар Акаев Бишкектен качкандай, Дамасктан Маскөөгө качууга аргасыз болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский (оңдо) менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Львов шаарындагы жолугушуусу. 18-август, 2022-жыл.

Украина жаатында расмий Анкаранын туруму кыйшаюусуз сакталып келет.

Президент Эрдоган 2024-жылы 8-мартта украин президенти Владимир Зеленский менен биргелешкен басма сөз жыйынында Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдой тургандыгын дагы бир жолу тастыктап айткан болчу.

Ал эми үстүбүздөгү жылы 11-сентябрда президент Эрдоган мамлекет башчылардын “Кырым аянтчасы” саммитинин төртүнчү отуруму (the Fourth Crimea Platform Leaders Summit) маалында видео кайрылуу жасап, өзүнүн Украинага каршы согуш жаатындагы турумун дагы бир жолу ачыктаган.

Президент Эрдоган: "Украинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин жана көз карандысыздыгын колдообуз – туруктуу бойдон. Кырымдын Украинага кайра кайтарылышы – бул эл аралык укуктун талабы", – деп баса билдирген.

Ал Түркиянын Кырым боюнча турумуна токтолуп, анын Украинага кайра кайтарылышы эл аралык укуктук стандарттарга төп келет, деп баса белгилеп тим болбостон, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында сталиндик режим тарабынан жазыксыз депортацияланган кырым татарлардын таламдарын да эскерте кетти.

(1944-жылы 200 миңден ашуун кырым татарлары сталиндик режим тарабынан Борбордук Азияга жана башка советтик чыгыш аймактарга күчтөп көчүрүлгөн. Кырым татарлары Кыргызстанга да көчүрүлгөн. Көчүрүлгөн жалпы элдин дээрлик 27 – 46 пайыздайы ырайымсыз депортациядан кийинки алгачкы үч жыл ичинде саламаттыкка, ачарчылыкка ж.б. байланыштуу ар кыл себептерден улам мерт табышкан. Тирүү калгандарга жана алардын бала-бакырасына 1989-жылга чейин өз Атажуртуна кайтууга уруксат берилген эмес. 1989-жылы жана андан соң Кырымга кайтып келгендерге өз үй-мүлкү кайтарылбаган).

Дагы караңыз Кырым – түркүн түстүү гүлдөр сымал этностордун мекени

Президент Эрдоган кырым татар улуту “сексен жылдан бери азап чегип” келе жатканын, алардын көйгөйлөрү болочокто адилет чечилиши керектигин да сөзгө алган.

Эрдоган 11-сентябрдагы сөзүндө кырым татар эли үчүн Украинада болочокто дурус шарттар түзүлөөрүнө өз ишенимин билдирип: “Алдыдагы мезгилде кырым татар түрктөрүнүн укуктарын чыңдоо үчүн кошумча кадамдар ташталат деп ишенем”, – деп өзгөчө белгилеп айткан.

Албетте, постсоветтик Киев кырым татарларды колдоого алып келет. Алардын бир өкүлү – Рустем Энвер уулу Умеров (Rustem Enver oğlu Umerov) мырза эгемен Украинанын коргоо министри кызматына дайындалган.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров (ортодо) жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Александр Сырский (оңдо) "Донецк" чукул аскердик амалдарды уюштурууучу тактикалык тобунун майдандагы бөлүмүндө. Донецк облусу, Украина. 13.2.2024.

2023-жылдын 6-сентябрынан бери Украинанын коргоо министри кызматын аркалап келе жаткан Рустем Умеров 1982-жылы Өзбекстандын Самаркан облусуна караштуу Булуңгур районунун борбору Булуңгур шаарында туулган.

Анын ата-бабаларынын бири – Сейит Ибрайим Кырымдагы Алушта шаарынын жанындагы бир кыштактын башчысы болгон. 1944-жылы май айында Умеровдордун үй-бүлөсү Борбордук Азияга депортацияланып, алардын бир катары 1990-жылдардын башында гана өз Атажуртуна кайтып келишкен.

Украинанын президенти Владимир Зеленский крым татар элинин лидери, Межилистин мурдагы төрагасы, эл депутаты Мустафа Жемилевге (оңдо) “Украинанын Баатыры” наамын ыйгарды. Киев. 13.11.2023.

1991-жылы негизделген Кырым татарларынын межилиси (Qırımtatar Milliy Meclisi) – кырым татарлардын улуттук курултайынын аткаруучу органы болуп саналат. Межилис азыркы тапта расмий Киевди ырааттуу колдоп, Орусиянын аскер күчтөрүнүн жарым аралдан чыгып кетүүсүн талап кылып келет. Албетте, согуштан кийинки Украинада алар кырым татарлар үчүн автономиялык укуктарды кеңейтүүнү самашат.

Дагы караңыз Чехия Сенаты крым-татарлардын жапырт депортацияланышын геноцид катары тааныды

2014-жылы 20-февралдан тартып орусиялык аскерлер Кырым жарым аралын бир тараптуу басып алган соң, 2014-жылдын март айында Украинанын парламенти (Жогорку Рада) Кырым татарларынын межилисин жалпы Украинанын аймагындагы кырым татарларынын жогорку өкүлчүлүк органы катары тааныган. Ал эми Орусия болсо 2016-жылы бул улуттук межилисти экстремист уюмдардын кара тизмесине киргизип, анын ишмердигине тыюу салган.

Дагы караңыз Жемилев: Кремлден кетмейинче Түрк биримдиги бекем болбойт

Баса, кесиби боюнча экономист, каржы адиси болгон Рустем Умеров 2007-жылдан тартып кырым татарлардын жолбашчысы Мустафа Жемилевдин кеңешчиси болгону да маалым.

Дегиңкиси, президент Эрдогандын кырым татарларынын көйгөйлөрүн чечүү тууралуу чакырыгы биринчи кезекте кырым татарларынын укуктары одоно тепселип жаткан орусиялык баскынчыл бийликтердин саясий тажрыйбасына каршы багытталган, десек болот.

Дагы караңыз Путиндин майнапсыз “блицкриги”

2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы баскынчыл согуштун кеңири өлчөмдөгү сереси башталган чакта, орусиялык баскынчылар коңшу Беларустун аймагынан да сүңгүп кирип келип, Киев шаарын көздөй жүткүнгөнү, бирок көздөгөн мүдөөсүнө жете албастан, Киев аймагынан жана башка бир катар аймактардан кайра артка чегингендиги белгилүү.

Бул кеңири өлчөмдөгү согуштун алгачкы айларында Түркиядан алынган “Байрактар” да украин аскерлерине орусиялык айрым баскынчы аскер топторун ойрон кылууда олуттуу огожо болгон.

Украиналык “Байрактар” учкучсуз учагы деңизде Змеиный аралына жакын сүзүп бара жаткан "Серна" түрүндөгү орусиялык десанттык кемеге сокку урган маал. Видеодон үзүндү сүрөт. 07.5.2022.

Адистердин белгилешинче, азыркы тапта бул өтө баалуу учуучу курал Украинадагы орусиялык баскынчы аскерлерге мурдагыдай түздөн-түз сокку уруу үчүн пайдаланылбастан, өзүнүн мыкты оптикасынын жана сапаттуу электрондук жабдууларынын аркасында ободон чалгындоо иштеринде көбүрөөк колдонулуп жатат.

Түркиялык “Baykar Makina” компаниясы украиндерге “Байрактардын” бузулуп калгандарын Украинанын эле аймагында оңдоого жана өзүнүн жаңы аскердик дрондорун биргелешип өндүрүүгө көмөк көрсөтүүдө.

Акын Тарас Шевченконун элеси жана “Байрактар” тартылган карикатура. Юрий Журавель тарткан сүрөттө “Байрактардын артынан улам жаңы Байрактар келүүдө. Тиякта болсо – өлүм жана мүрзө!..” деп жазылган. 24.03.2022.

Украинанын президенти Зеленский Түркиянын бийликтерине жана анын азыркы мамлекет башчысы Эрдоганга карата жылуу сөздөрүн байма-бай айтып келет.

Маселен, 2022-жылы 4-мартта президент Зеленский өз шериги Эрдоганга өзгөчө ыраазычылык билдирген.

Зеленский мырза Режеп Тайып Эрдоган – Украинага чындап көмөк көрсөткөн дүйнөлүк лидерлердин бири экендигин, мында сөз жалаң гана “Байрактар” тууралуу кетип жатпагандыгын 2022-жылы 4-мартта журналисттер менен баарлашуусу маалында баса белгилеп айткан.

Ал эми 2023-жылы 8-июлда Украинанын президенти В.Зеленский путиндик Орусия өз өлкөсүнө каршы кеңири өлчөмдө согуш аракеттерине өткөн 2022-жылдын 24-февралынан бери алгачкы жолу Түркия жергесине иш сапар менен келген.

Президент Режеп Тайып Эрдоган президент Владимир Зеленский менен Стамбулдун Үскүдар ооданындагы Чеңгелкөй жергесинде жайгашкан айтылуу Вахдеттин аксарайында (Vahdettin Köşkü) жолугушкан.

Болжол менен эки жарым саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин эки лидер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшкөн.

Дагы караңыз Түркиянын 100 жылдыгы жана тарыхый сабак

Эрдоган мырза акыркы жылдардагы согушка байланыштуу окуяларга карабастан, түрк-украин достугу ого бетер чыңдалгандыгын жана украин эли согушта өз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүн коргоп жаткандыгын баса белгилеп сүйлөгөн.

Түрктөр Украинанын көз карандысыздыгын бардык эл аралык аянтчаларда (платформаларда) колдой тургандыктарын баса айтып, президент Эрдоган: “Эл аралык укуктун негизинде сүйлөшүү жолу менен согушту токтотуу үчүн эң көп аракет кылган өлкө болдук”, – дегени маалым.

Дагы караңыз НАТО: жаңы коркунучтар, Украинага колдоо

Айтмакчы, 2023-жылы 8-июлда президент Эрдоган Украинанын НАТО мүчөлүгүнө татыктуу экенин да айрыкча белгилеген:

“Адилеттүү тынчтыкта утулгандар болбойт. Украинаны бутуна тургузуш үчүн ар түрдүү колдоолорду көрсөтө бермекчибиз”, – деп Эрдоган айткан.

Дагы караңыз Украинада Орусиянын соккусунан Түркия жараны жараат алды

Экономика жаатында да Түркия менен Украинанын карым-катнашы ырааттуу өнүгүүдө. 2022-жылы 3-февралда (Орусиянын Украинага каршы согушунун кеңири өлчөмдөгү баскычына чейин дээрлик 3 апта мурда) Түркия менен Украинанын өкмөттөрүнүн ортосунда “Эркин соода келишимине” кол коюлган.

Согуштук кырдаалга байланыштуу 2022-жылы 30-декабрда Киевде кабыл алынган токтомго ылайык, Украинанын Мамлекеттик статистикалык кызматы кайсы өлкөлөр менен кандай деңгээлде тышкы соода алакаларын жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматты ачыктабай келет.

Арийне, 2021-жылы Украина менен Түркиянын ортосундагы соода 7,4 миллиард доллардык көлөмдү түзгөн (бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 53 пайызга көбүрөөк). 2022-жылдын ичинде Түркия Украинага 476,3 миллион АКШ долларына тете көлөмдөгү капиталдык салым киргизген.

Дагы бир мисал катары Украинанын 2022-жылдын биринчи жарымындагы өз дан эгиндерин Кара деңиз аркылуу экспорттоодогу түйшүгүн эске салсак болот.

Солдон оңго: Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш биргелешкен маалымат жыйынында. Львов, 18.8.2022.

Түркия менен БУУнун кийлигишүүсү жана кызматташтыгы аркылуу гана Украина путиндик Орусиянын аскер деңиз флотунун украиндердин Кара деңиздеги соода жолун камалоосун жеңе алган.

Албетте, 2023-жылдын жайынан тартып Түркия өз дыйкан чарбаларынын кызыкчылыктарын коргоого алуу үчүн украиналык дан эгинин сатып алууга убактылуу бажы салыгын киргизген учур да болду, бирок бул чектөөлөр Украинанын деңиз жолу аркылуу башка өлкөлөр менен эл аралык дан соодасына эч бөгөт түзгөн жок.

Дагы караңыз Украинадан уурдалган эгин тартып бараткан кеме Түркияда кармалды

Гуманитардык көйгөйлөргө келсек, Түркия сунуштаган ар тараптуу көмөктүн бир өңүтү – 2014-жылдан бери Кырым жарым аралында запкы чегип жаткан түрк тилдүү түпкү элди – кырым татарларын маданий колдоого байланыштуу.

2022-жылдын башында бир нече жүздөгөн кырым татар жеткинчектери жана өспүрүм окуучулары Түркияга, анын ичинде Эскишехир шаарына алынып келинген.

Анатолия жергесинде бул бозгун балдарга ар тараптуу педагогдук жана кайрымдуулук көмөктөр көрсөтүлүп келет.

2024-жылы 9-июлда Эскишехирдеги кырым татар балдары окуган интернатка өлкөнүн “Биринчи айымы” – Эмине Эрдоган айым келип, алардын акыбалы менен жакындан таанышкан.

Украинадагы согуштун азабынын айынан Түркияга алынып келген кырым татар балдар-кыздары Эмине Эрдоган айымга өз улуттук музыкалык өнөрүнүн үлгүлөрү камтылган концерт тартуулашкан.

Эскишехирдеги бул маданий чарага карылар үйүндө (huzurevi) жашагандар жана мамлекеттик коргоодогу жергиликтүү балдар да катышкандыгы кабардалган.

Түркия жалаң гана кырым татарларынын балдарын колдоп чектелбестен, башка да украиналык балдарды колдоого алууда.

2009-жылдан тартып иштей баштаган түркиялык Йунус Эмре институту (Yunus Emre Enstitüsü; Yunus Emre Institute) бул өлкөдө баш паана тапкан украиналык 15 түркологдун көмөгү менен украиндер үчүн түзүлгөн түрк тилинин башталгыч окуу китебин жарыкка чыгарды. Институт Түркияга алынып келген болжол менен 1200дөй украин жетим балдарына түрк тилин өздөштүрүү боюнча сабактарды уюштуруп жатат.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жубайы Эмине менен Киев шаарындагы аба майданда жылуу тосуп алынды. Украина. 03.2.2022.

Ошндой бекер сабактардын бири 2022-жылы 21-майда Анталия шаарында конок үйлөрдө жайгаштырылган украин балдарына окутула баштагандыгы, андан тышкары 16-июндан тартып түрк тили боюнча бекер онлайн курстар иштээри Йунус Эмре институту тарабынан маалымдалган.

Айтмакчы, Түркиянын “жумшак кубаты” катары таанылган бул эл аралык маданий жана агартуу институтунун кеңсеси Киев, Астана, Баку, Будапешт, Бээжин, Вашингтон, Казан, Лондон, Маскөө, Сеул, Тбилиси, Токио ж.б. шаарларда да ачылган, бирок алигиче Бишкекте ачыла элек.

Дагы караңыз Манас таануучулардын шеринеси

(Кошумчаласак, “Манас” улуттук академиясы да Кыргыз Республикасы үчүн ушул сыяктуу эл аралык “жумшак кубат” кызматын аркалай алат).

Учкучсуз “Байрактар” учагы Украинанын Эгемендиги күнү майрамындагы аскердик парад маалында. Киев. 24.8.2021.

Жалпылап айтканда, түркиялык калайык жана расмий Анкара өз мамлекетинин көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү, демократиячыл нугу жана Европа Биримдигине ыктоону тандоосун жүзөгө ашыруу үчүн каармандык менен күрөшүп жаткан көп этностуу украин элин жана расмий Киевди ырааттуу колдоп келишет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.