Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

Украинада Орусиянын соккусунан Түркия жараны жараат алды


Украина. Харьков.
Украина. Харьков.

Украина Орусиянын кезектеги ракета жана дрон чабуулунан 2-октябрда кеминде бир жараны каза болгонун, бир нече киши жараат алганын, жабыркагандар арасында Түркиянын жараны бар экенин билдирди.

Жалпысынан шаршембиге караган түнү Shahed дрондорунан 32си учурулганы, алардын 11и Кировоград, Одесса жана Сумы облустарынын аймагында атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Херсон облусунда дрон соккусунан Антоновка кыштагында жүргүнчү ташыган автобуста бараткан 69 жаштагы аялдын өмүрү кыйылганын, 54 жаштагы аял оор жараат алганын облустук администрация башчысы Александр Прокудин айтты.

Одесса облусунда дрондун соккусунан улам өрт чыгып, эки киши жараат алды. Облус башчысы Олег Кипер «Орустар портту жана чек ара инфраструктурасын бутага алышты. Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу болгон эки киши жараат алды. Алардын бири Түркиянын жараны. Учурда жаракат алгандардын абалы орточо оор, алар ооруканада. Бардык зарыл жардамды алып жатышат», — деди.

Харьков шаарын 2-октябрда Орусия авиабомба менен аткылаганын, беш киши жараат алганын, алардын арасында 14 жаштагы бала бар экенин облустук администрация башчысы Олег Синегубов кабарлады.

Азыркы тапта соккулардын жана атышуунун айынан Днепропетров, Донецк, Сумы, Харьков, Херсон, Черкасск жана Чернигов облустарынын айрым райондорунда электр энергиясы өчүк турганын өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

Орус аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарагынын көптөгөн түрлөрүнөн – согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келе жатат. Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун орус бийлиги четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат. (RK)

XS
SM
MD
LG