"Тил билбегендер кетсин". Мамдума мигранттарга каршы мыйзамды кабыл алды

Аялдамада турган мигранттар. Красноярск, Орусия.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы полицияга чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгарууга уруксат берген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, Мамлекеттик Дума полицияга мигранттарды депортациялоого уруксат берди.

Эмил эки баласы, жубайы менен Кыргызстанга бир апта мурун Москвадан кайтып келген. Ал жашаган батирге июлдун башында полиция кызматкерлери кирип, жубайы экөөнү полиция бөлүмүнө алып кетишкен.

"Ал күнү үйдө бала караган кыргыз эже, үй-бүлөм менен болчубуз. чынын айтсам, биз деле башка мигранттардай катталган жерибизде жашабайбыз. Бирок калган документтердин баары так. Эртең менен бирөө такылдатып, жубайым эшикти ачса, полиция кызматкерлери экен. Алар дароо кирип эле эле документтерди карап, бизди алып кетишти. Үйгө жашы жете элек балдарыма да карашкан жок. Полиция бөлүмүндө 30 миң рубль сурашты. Мен андан аз күн мурда Бишкекке билет алып койгонмун. Ал учак билетин көрсөтүп, бир нече сааттан кийин үйүбзгө кайттык".

Эмилдин аялы Москвадагы базарлардын биринде соода тармагында, өзү такси кызматында иштеп келген. Жубайлардын балдары Орусияда төрөлүп, алар жети жылдан бери Москвада жашап жаткан.

"Акыркы айларда Бишкекке кетебиз деген ой күчөдү. Ошондуктан 15-июлга билет алып койгонбуз. "Крокустагы" окуядан кийин текшерүү күчөп, кадимкидей кыйналдык. Мен буга чейин өзүмдү Москвада эркин сезчүмүн. Бул жолу абал оорлоду. Полиция үйгө чейин басып келген учурлар чанда болчу. Азыр эми мыйзам кабыл алынат деген талкуу болуп жатканда мындай текшерүүлөр көнүмүш болуп калды окшойт. Тынч эле үйгө кетели деп кайтып келдик".

Дагы караңыз Өз тилинде шыбырашууга, сүйлөшүүгө болбойт. Орусия мигранттарга жаңы эреже киргизүүдө

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 23-июлдагы пленардык жыйында миграциялык көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдардын топтомун кабыл алды.

Ага ылайык, полицияга чет элдиктерди депортациялоого уруксат берилди. Буга чейин мигранттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин сот же Чек ара кызматы гана кабыл алчу.

Андан тышкары визасынын же жашоого уруксат берүүчү кагаздын мөөнөтү өтүп кеткен жарандарды "өлкөдөн чыгаруу режими" киргизилди. Визасыз жүрүү режими 180 күндөн 90 күнгө кыскартылды.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Орусиянын мыйзамдарын сактабаган же мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер өлкөдөн чыгарылышы керектигин билдирди.

Вячеслав Володин

"Мыйзам бузгандар өлкөдөн чыгарылышы керек. Тил билбегендерди, салтыбызды, маданиятыбызды сыйлабагандарды киргизбешибиз керек. Бул мыйзамдын негизинде тартипти орнотуп, чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Ошондо баары жакшы болот!".

Аталган мыйзам долбоорун ушул жылдын апрель айында Мамдумадагы бардык беш фракциянын өкүлдөрү сунуштаган. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр "чет өлкөлүк жарандардын Орусиянын аймагында жүрүү укугуна көзөмөлдү күчөтүүгө гана жардам бербестен, алардын макамын мыйзамдаштырууга түрткү берет", - деп айтылат документтин түшүндүрмөсүндө.

Мыйзам боюнча "Өлкөдөн чыгаруу режиминдеги" чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Алардын артынан соттун уруксаты жок техникалык каражаттар менен аңдып жүрүүгө уруксат берилет.

"Учурда жалпысынан 25 мыйзам долбоору каралууда. Андан тышкары мыйзамсыз миграцияны уюштурганы үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү демилгелери киргизилүүгө даярдалууда", - деп кошумчалады Вячеслав Володин.

Жаңы эрежелерге ылайык, депортация чечими сот жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү тарабынан гана эмес, ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан чыгарылат. Мыйзам бузган чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды атайын мекемелерде кармоо мөөнөтү 48 сааттан ашпайт.


Ошондой эле мигранттар полицияга баш ийбей, жалган айтса, майда бейбаштыкка барса, экстремисттик же нацисттик эн белгилерди пропагандаласа депортациялоого уруксат берилет.

Укук коргоочулар бул мыйзам полициянын ыйгарым укуктарын кеңейтип, коррупцияга жол ачаарын белгилешет. Алардын бири Мирлан Токтобеков.

Мирлан Токтобеков.

"Орусиянын полициясы коррупциялашкан орган болгону эч кимге жашыруун эмес. "Өлкөдөн чыгаруу режиминдеги" чет өлкөлүктөрдүн көптөгөн укуктары чектелет. Полиция алардын үйлөрүнө чейин басып кирип, кармап кете алат. Полициянын укуктарын кеңейтип жатышат. Чет өлкөлүк жарандар өз укуктарын сот аркылуу коргой албай калат. Бул абдан репрессивдүү катаал мыйзамдардын катарына кирип калды ".

Орусиянын Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, жыл башынан бери ички иштер органдары тарабынан миграциялык мыйзамды бузган 65 миң адам Орусиядан чыгарылып, дагы 120 миң чет элдик жаранга өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Өткөн жылы 170 миң чет элдикке ушундай чара көрүлгөн.

Укук коргоочулар бул мыйзам тууралуу эмне дешет жана анын мигранттарга кандай таасири болушу мүмкүн?

“Инсан-Лейлек” коомдук фондунун миграция боюнча адиси Рахат Шералы:

"Мыйзамда мигранттарга тоскоолдук кылган бир нече беренелер бар. Анын башкы максаты - мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү. Полиция каалагандай кармап, мигрантты өлкөдөн чыгара алат. Ошол эле кезде аларды бир эле жумуш берүүчүгө байлап коюшту. Аталган мыйзам топтому мигранттарды чектеп, аларга түздөн түз залакасын тийгизет".

Валентина Чупик укук коргоочу:

Валентина Чупик.

"Мага эксперттердин бири бул мыйзам долбоорун алып келип, өзү аны окубаганын айткан. Көлөмү чоң китептей болчу. Мен аны бир нече күн ичинде окуп чыгып, шок болгом. Эч ким бул мыйзам менен таанышып чыкпай турганын билип, анын урунттуу жерлерин камтыган презентация жасадым. Ага катышкан эксперттер ошондо гана маселенин төркүнүн түшүнүштү. Бул мыйзам ИИМдеги коррупцияны күчөтөт. Ишке аша турган болсо, полиция жолдо бараткан катардагы адамды токтотуп, текшерип, пара талап кылышы мүмкүн. Жарым жыл мурда эле полиция талап кылган паранын орточо өлчөмү 5 миң рубль болчу. Ушу тапта анын өлчөмү 20 миң рублга чейин жеткен".

Ушул эле мыйзам долбооруна ылайык, чет элдиктер жумушка орношуу үчүн белгилүү бир иш берүүчүдөн иштөө укугун ырастаган атайын документ алышы керек.

Мында келишим менен келген мигрант уруксат кагазына ылайык белгилүү бир иш берүүчүнүн алдында гана иштеши керек. Эгер андан кетип, башка профилде иштей турган болсо, Орусиянын аймагынан чыгарылат.

Дагы караңыз Орусия катаал мыйзам менен мигранттарга басымды күчөтөбү?

Ошол эле кезде Москвадагы юрист Арлтан Чоянов аталган мыйзам борбор азиялык мигранттардын милдеттерин арттырат деп эсептейт:

"Орусияга жарандары иштегени келген өлкөлөрдүн өкмөттөрү аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Мыйзамга ылайык, сиз Орусияга келгенге чейин эле кайда иштеп, жашарыңызды билишиңиз керек. Мигранттардын ушул өңдүү милдеттери орус мыйзамдарында буга чейин жазылган. Бирок буга чейин мигранттарды кирди-чыкты кылганына Чек ара кызматы көз жуумп келген. Ушул көрүнүштүн өзү деле мыйзам бузууга жатат. Болгону азыркы тапта бул окуялар тууралуу көбүрөөк айтыла баштады. Буга кабылбаш үчүн Орусияга келатканда эле миграцияга даярданып келиш керек. Өзүңдүн милдеттеринди да билип алышың керек. Кайсы өлкөнүн өкмөтү болбосун анын тургуну кайда жашап жатканын билүүгө тийиш. Бул улуттук коопсуздук".

Ал тапта Орусияда мигранттар тууралуу маалымат бергендерге 100 миң рубль төлөп берүү сунушу көтөрүлдү.

Мындай демилгени көтөргөн депутат Сергей Каргиновдун айтымында, каражат мыйзамсыз мигранттардын келүү каналдарын аныктоого жардам берген маалымат үчүн төлөнөт.

"Бул мыйзам чек арадан мыйзамсыз өткөндөргө тиешелүү. Мындай учурлар жалпы чет элдиктерге залакасын тийгизүүдө. Ошондуктан мыйзамсыз мигранттар кайда жашап жатканын аныкташ керек. Эл берген маалыматтан пайдаланып, Ички иштер министрлиги менен ФСБ аларды өлкөгө мыйзамсыз ташып жаткан адамдарга чыга алат".

Дагы караңыз

"Сахарово": Кордук көргөн мигранттар

19-июлда Орусиянын Тергөө комитети Мамлекеттик Думага өлкөнүн миграция мыйзамдарын катаалдаштыруу боюнча кезектеги сунушун берди. Мекеме орус жарандыгынан ажыратууга негиз боло турган себептердин тизмесин кеңейтүүнү, Орусиядагы мыйзамсыз мигранттар кылмыш кылса, алардын бул өлкөдө уруксатсыз жүргөнү үчүн айыбын оорлотуучу фактор катары кароону сунуштоодо.

Тергөө комитети иштеп чыккан чаралар Орусияга кирген жана чыккан чет элдиктердин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүгө жардам берери белгиленди. Мындай чаралар арасында биометриялык каттоо, дактилоскопия, геномдук каттоо, иштеген жана жашаган жери боюнча маалыматты санарип каттоого алуу, бир батирге көп кишинин жапырт каттоого туруусуна бөгөт коюу бар.

Орусиянын жарандыгын алуу аскердик каттоого туруу менен чогуу жүргүзүлүшү керектиги да сунушталууда.

Мигранттар маселеси соңку жылдары Мамлекеттик Думада, орус өкмөтү тарабынан утур-утур көтөрүлүүдө. Азыр сөз болуп жаткан мыйзамдардын топтому Мамлекеттик Думага "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин киргизилген. Анда 145 кишинин өмүрү кыйылып, 500дөн ашууну жараат алган.

Кылмышка шектүү катары Борбор Азиянын бир нече жараны кармалган. Бул окуядан кийин Орусияда мигранттарга каршы риторика күчөдү. Борбор Азиянын бир катар мамлекеттери өз жарандарына Орусияга барбай турууну эскертишкен.