Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Өз тилинде шыбырашууга, сүйлөшүүгө болбойт. Орусия мигранттарга жаңы эреже киргизүүдө


Эмгек мигранттары орус тили боюнча экзаменде. Орусия, архив сүрөт.
Эмгек мигранттары орус тили боюнча экзаменде. Орусия, архив сүрөт.

Орусияда борборазиялык мигранттардын жүрүм-туруму боюнча жаңы эрежелер иштелип чыкты. Анда өз тилинде шыбырашып сүйлөшүүгө, мал союуга тыюу салган бир катар чектөөлөр бар.

"Өз тилинде шыбырашууга да болбойт"

"Коммерсант" басылмасы 15-июлда Орусиянын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттигинин 70 мүнөттүк лекциясын талдап чыккан. Анда өлкөнүн миграциялык мыйзамдары, бул өлкөдө чет элдик жарандын өзүн алып журүү эрежелери, мыйзам бузгандарга каралган жаза чаралары жана тарых тууралуу маалыматтар камтылган.

Федералдык агенттик иштеп чыккан эрежеге ылайык, борборазиялык мигрант Орусияда орус тилин билиши керек. Аларга тааныбаган кишилерге “брат" же "сестра" деп кайрылууга, башкаларды өз эне тилинде талкуулоого жана алардын көзүнчө шыбырашууга болбойт.

Орусия светтик мамлекет экени белгиленип, динге болгон мамилени ачык көрсөтүүгө, көчөдө диний жөрөлгө кылууга же коомдук жайда намаз окууга жана курмандыкка мал союуга болбой турганы эскертилген. Ошондой эле мигранттар ар кандай акцияларга, митингдерге катышпашы керек.

Азырынча Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиги эмгек мигранттары үчүн иштеп чыккан эрежени мыйзам менен бекитиле элек. "Коммерсант" басылмасы комментарий алган эксперттер адаптациялык курсту узак жашоону, иштөөнү жана жарандык алууну каалган мигранттарга милдеттүү кылуу керек экенин сунушташкан.

Мигранттар чочулап жатышат

Учурда айрым кыргызстандык мигранттар коомдук жайлардагы жүрүм-турум тууралуу жаңы эрежелерди массалык маалымат каражаттарынан эле окуп жатышат. Өзүн Асан деп тааныштырган жигит кыргызстандык мигранттар жаңы эрежелерден чочулап жатканын айтып берди.

“Бул жакта мыйзамдар күнүгө эле алмашып турат, көрөбүз го кандай болорун... Кыргызча сүйлөп жатасың деп айып салышы деле мүмкүн. Ушундайда Кыргызстанга эле кетсемби же Америкага барсамбы деген ойлор кетет. Бул жакта тынч болбой жатпайбы", - деди ал.

Ал эми Максат аттуу дагы бир кыргызстандык жаңы эрежелер мигранттардын үстүнөн акча жасоого гана жол ачарын билдирди.

“Мигранттардан болбогон нерсе үчүн тыйын жасоону, коррупцияны күчөтөт. Кээ бири жөн эле бирөө менен сүйлөшүп турсаң кыжыры келе берет. Бул эч нерсени өзгөртбөйт. Ошолорго (ред: полиция) коррупцияга жол ачып берип жатат. Мигранттар кыйналат. Тоталитардык режимдегидей унчукпай жүрүп калабыз го", - деди Максат.

"Коммерсант" басылмасынын жазганына караганда, өткөн аптада курс Калининград, Москва облустарында, Пермь жана Краснодар крайларында жана Якутияда пайдаланыла баштады.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү мигранттардын жүрүм-туруму жөнүндө жаңы эреже “сунуш” мүнөзүндө экенин, маалымат изилденип жатканын билдирди.

Орусияда адвокат болуп иштеген Эрланбек Токтосунов буларга токтолду.

"Чет өлкөлүк жаран Орусияга келип жашагандан кийин ал өлкөнүн мыйзамдарын сыйлап, сакташы керек. Орусиянын аймагына мигрант болуп келгендерге оор талап да болбошу керек. Ал жерге жөнөкөй адамдар жан бакканы барышат. Аларга чоң талап коюп, бардык мыйзамды жатка билиши керек деген туура эмес. Себеби, андай талаптарды көпчүлүгү аткара албайт. Көпчүлүгү айыл жергесинен барышат. Айрым борборазиялык мигранттар орус тилин жакшы билишпейт. Алар курулуш, көчө шыпырууга, кароолчу болуп иштегени келишет", - деди.

Токтосунов мигранттардын арасында дагы бейбаштык кылгандар жок эмес экенин белгиледи.

Орусиянын тарыхын окутуу

Мигранттардын жүрүм-туруму үчүн жаңы эрежелер төрт бөлүктөн турат. Акыркы бөлүгүндө Орусия менен Борбор Азиянын мамилеси, тарыхы камтылган. Анда СССРден бөлүнгөн каражат Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө жумшалганы, алардын калыптанышына салым кошкону белгиленет. Муну айрым эксперттер Орусия бийлигинин мигранттар аркылуу геосаясий кызыкчылыктарын арттыруу аракети деп баалап жатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант калганын быйыл 10-июнда билдирген. Орусия Украинага кол салган 2022-жылы бул сан расмий маалыматта 587 миң болчу, бейрасмий ал жактагы кыргызстандыктар 1 миллиондон ашуун экени айтылып келген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG