Сот "Клоопту" жоюу тууралуу чечим чыгарды

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган. 9-февралдагы жараян кечке чейин уланып, сот чечими кечки саат 21:00гө барып чыкты.  

"Клооп" жогорку инстанцияга кайрылат

«Клооп» басылмасынын X социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Twitter) баракчасына жарыяланган маалыматта аталган коомдук фонд «Клооптун» юридикалык жактарынын бири экени белгиленген:

"Октябрь райондук соту "Клооптун" юридикалык тараптарынын бири "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу тууралуу чечим чыгарды. Фонд бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна даттанат", - деп жазылган анда.

Сот жана прокуратура органдары азырынча маалымат бере элек.

Бүгүн Октябрь райондук сотунда шаардык прокуратуранын «Клоопту» жабуу тууралуу арызын кароо уланган. Бул күнү Республикалык психиатрия борборунун адистери ишке байланыштуу чыгарып берген бүтүмү тууралуу көрсөтмө беришкен. «Клооптун» адвокаттары эксперттердин корутундусун четке кагып, ал негизсиз жана үстүртөн жасалганын билдиришкен.

Адвокат Нурбек Сыдыков корутундуну чыгарган адистер бир да адабиятка таянбай, методологиясын тааныштырбай, жеке тажрыйбасына гана таянып бүтүм чыгарышканын сынга алды. Ал ошондой эле эксперттер эч кандай статистикаларды келтиришпегенин белгилеп, корутундуну “мыйзамсыз” деп атады.

Мурдагы отурумдар 5-7-февралдарда өткөн. Анда да эксперттер суралган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Клооп" - коомдун керегине жараган жаштар

Прокуратуранын кайрылуусу, "Клооптун" жүйөсү

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клоопту” жабуу боюнча сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги былтыр сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

Дагы караңыз "Клооп" сайты бөгөттөлдү, журналисттер соцтармакка көчтү

Былтыр 8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана басылманын юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. Ошол эле жылдын 11-сентябрында Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

"Клооп" сайтынын орусча баракчасы былтыр сентябрдын ортосунда, ал эми кыргызчасы ноябрдын башында бөгөттөлгөн.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдирип келген. Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Күчтүүмүн, бул сыноого тике турам". Камалган журналисттер кимдер?