Бул мыйзам долбоорунда сөз эркиндигин, медианын эркин иштөөсүн чектеген беренелер бар экени айтылып, бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Ошого карабастан айрым чектөөлөр кала берген. Эл аралык уюмдардын, ЖМК өкүлдөрүнүн, укук коргоочулардын чочулоосун жараткан мыйзам долбоорунда кандай кооптуу беренелер бар?
“Сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт”
55 беренеден турган мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жана ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Долбоорго ылайык, маалымат сайттары тармактык жалпыга маалымдоо каражаты катары Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каттоосунан өтүшү керек. ЖМК катары каттоодон өтүү үчүн арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилет.
Мыйзам долбоорунда “Сөз жана басма сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жоопкерчилик” деген берене да каралган. Документте маалымат каражаттарынын иштөө тартиби, жалпы түшүнүктөр жазылган.
Мындан сырткары мыйзам долбоорунда “өз оюн эркин билдирүүнү, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбей турганы” (5-берене) белгиленген. Ошондой эле “Өз оюн эркин билдирүүнү, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин чектөөгө өзгөчө же согуштук абал шарттарында конституциялык мыйзамга ылайык жол берилери” да айтылат (1-берене).
Жалпыга маалымдоо каражаттарын ар кандай кызыкчылыктар үчүн пайдаланууга тыюу салынары жазылып, анын ичинде “бийликти зомбулук менен басып алууга же Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүн зомбулук менен өзгөртүүгө, массалык баш аламандыктарды уюштурууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды жайылтуу үчүн” деген да кошулган.
“Мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамынан да катуу”
Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылдын декабрында жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов жетекчилик кылган. Президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрү берген сунуштарды акыркы 5-вариантка киргизбей калган.
Мындан улам журналист, жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков “бул мыйзам долбоору толугу менен эле президенттик администрациянын варианты болуп калганын” белгилеп, “жарандык коом берген сунуштар такыр эске алынбаганын жана эмнеге андай болгону боюнча түшүндүрмө же диалог болбогонун” айтууда:
“Жумушчу топ алты айдын ичинде эки гана жолу жолукту. Президенттик администрация алып чыккан беш вариантында тең бир тараптуу, өздөрүнүн сунуштарын жазып койду. Биздин бир да сунуш өткөн жок. Ошондуктан азыр Жогорку Кеңешке келген мыйзам долбоорун бир тараптуу президенттик администрациянын мыйзамы деп атасак болот. Мыйзам долбоорунда ЖМКлар үчүн олуттуу тобокелчиликтер көп. Эң негизгиси милдеттүү түрдө каттоо болуп жатат. Биз аны четке кагуу керектигин бир нече жолу айтып, далил келтиргенбиз. Орусиядан көчүрүлгөн мыйзам деп жатпайбызбы. Керек болсо Орусиянын мыйзамында да медиалар өз каалоосу менен каттоодон өтөт, милдеттүү эмес. Бизде болсо мыйзам Орусияныкынан да катуу жазылып калды. Каттоону татаалдаткан дагы бир канча жагдай бар. Бул ЖМКны каттабай коюу үчүн жасалган. Азыр депутаттар жон териси менен сезип жатышат. Эртең өздөрүнүн укугу тебеленгенде, аларга журналисттерден башка эч ким жардам бербейт. Андыктан бул мыйзамдын дал азыркыдай абалда кабыл алууга жол бербеш керек.”
Семетей Аманбеков эгер мүмкүнчүлүк болсо, Жогорку Кенештин депутаттарына да өз сунуштарын айтууга даяр экенин кошумчалады. Аманбеков бул мыйзам долбоору көз карандысыз медианын толук кандуу иштешине тоскоолдук жаратуу үчүн жазылган” деп эсептейт. Буга чейин медиа коомчулук бул мыйзам долбоору 95% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган.
“Эркин медианы, жарандык коомду, активисттерди жок кылат”
“24.kg” сайтынын редактору Махинур Ниязова бул мыйзам долбоору боюнча Акыйкатчы институту баштаган мекемелер анализ жүргүзүп, журналисттерди дискредитациялаган жагдайлар бар деген корутунду чыгарып берген дейт. Анын айтымында, эгер бул мыйзам кабыл алынса, буга чейин кабыл алынган “анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам сыяктуу эле тандалма иштеп калышы ыктымал:
“Бул мыйзамда бүдөмүк, так эмес, кантип ишке ашары түшүнүксүз ченемдер бар. Бирок бул кандайча ишке ашарын мен түшүнүп турам. Бул мыйзам көз карандысыз медиаларга каршы колдонулушу мүмкүн. Азыр Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы да көз карандысыз медиаларга карата гана иштеп жатат. Башында айтылгандай, фейктерге карата иштеген жок. Бул мыйзам деле ошондой болот. Эркин медиаларды жөн гана каттабай коюшат. Бул мыйзам, андан соң кезекте турган “чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам кабыл алынса, көз карандысыз медиа да, жарандык коом да, пикирин ачык билдирген активисттер да жок болот”.
Буга чейин Гүлшат Асылбаева парламентте депутат болуп турганда жазган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамы узак талаштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган. Бул мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечимисиз эле жаап салууга укук берет. Анын негизинде “Азаттыктын” сайты 2022-жылдын октябрынан тарта 2023-жылдын июль айына чейин бөгөттөлүп турду. “Клооп”, “24.kg”, “ПолитКлиника” басылмаларына чыккан материалдарга каршы арыздар түштү. Журналист Кайыргүл Урумканова бул мыйзам цензурага жол ачат деген пикирде:
“Негизги мыйзамыбыз - Конституцияда Кыргызстанда цензура болбошу керектиги жазылган. Бирок бул мыйзам цензурага алып келет. Бул да чоң кооптуулук жаратат. Анткени цензура медиа тармагын өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизет. Өзүн-өзү цензуралоо башталат. Редакциялар иштегиси келбей калат. Бул тармак башка нукка өтүп кетет. Ошол эле учурда пропаганда күчөп, иштей берет”.
Деген менен мыйзам долбоорунун 8-беренесинде “цензурага жол берилбей турганы” жазылган. Ага ылайык, “мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, мекеме-уюмдар журналисттерден кайсы бир материалды алдын ала макулдашууга, алардын айрым бөлүктөрүн жарыялоого тыюу салууга жол берилбейт” деп айтылат.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.