Аналитиктер улутчулдардын позицияларынын жакшырышына баалардын өсүшү, мигранттардын көбөйүшү, Украинадагы согуш таасир эткенин белгилешет.
Франциядагы "саясий жер титирөө"
Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары белгилүү болору менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон Улуттук ассамблеяны – парламентти таркатып, 30-июнга жаңы шайлоо (экинчи айалмпасын 7-июлга) дайындады.
Эмне дегенде президенттин партиясы Марин ле Пен жетектеген ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясына утулуп, дээрлик эки эсе аз мандат алчудай.
Мамлекет башчы шайлоонун жыйынтыгы өкмөт үчүн өкүнүчтүү болгонун, ошол эле маалда француздардын эркин көз жаздымда калтыруу мүмкүн эместигин айтты:
"Бул абдан маанилүү, оңой эмес чечим. Бирок биринчи кезекте сиздерге, мекендештериме, биздин демократияга арткан ишеним, француз эли өзү жана келечек муун үчүн адилет тандоо жасоого кудуреттүү деп ишенем. Суверендүү элге добуш берүү укугун тартуулоо – республикачыл баалуулуктурабызга төп келет. Бул кайсы бир келишимдерге, чечимдерге караганда алда канча жакшыраак".
Президенттин парламентти таркатуу тууралуу күтүлбөгөн чечими өлкөдө жер титирөөдөй эле кабыл алынды. Жергиликтүү байкоочулар Макрон өзүнүн саясий келечегин тобокелге салганын айтышат.
Эми Улуттук биримдик парламенттик шайлоону утса, президенттин ички маселелерге таасири кыйла чектелип калмакчы.
Илгертеден эле мигранттарга каршы саясаты менен белгилүү улутчулдардын партиясын Европарламентке шайлоодо жаш саясатчы Жордан Барделла жетектеп барган.
Франциялык добуш берүүчүлөр экиге бөлүнүп калгандай:
"Жордан Барделла топтогон добуштар коомубузда болуп жаткан окуяларды эске алганда мени таң калтырбайт. Чындап эле биз кооптуу, зомбулук өкүм сүргөн, жумушуң бааланбай калган коомдо жашап калдык. Ошон үчүн мени жыйынтык таң калтырган жок. Мындан ары эмне болорун байкайлы".
"Балким сөздөрүм бир аз орой угулат, бирок француздар өткөн чакты тез эле унутуп койгон ушундай келесоо болуп калыптыр. 30-июнда жана 7-июлда демократия, Франция үчүн добуш беришет деп үмүттөнөм, атүгүл талап кылам".
Кремль Франциядагы эрте шайлоого көз саларын билдирди. Москва француз лидеринин Орусия саясатын “ачыктан ачык кас мамиле” деп сыпаттайт. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ошондой эле Европарламентке шайлоого жакындан байкоо салганын кошумчалады.
Макрондон тышкары Германиянын канцлери Олаф Шольцтун Социал-демократтар партиясы да бул жолку шайлоодо атаандаштарына утулуп, Христиан-демократтар менен ашынган оңчулдардын “Германия үчүн альтернатива” партияларынан кийинки үчүнчү сапка жайгашты.
"Оңчулдарга ыктаганыбыз мени шок абалда калтырды. Мен аларга мынча көп киши добуш бербейт деп үмүттөнүп жүрө бериптирмин. Германияда гана эмес Европада ашынган оңчулдардын партияларына ушунча киши добуш бергенин көргөндө кадимкидей коркуп калат экенсиң", - дейт Лоренц Финк аттуу германиялык шайлоочу.
Италияда болсо тескерисинче, премьер-министр Жоржа Мелонинин консервативдүү блогу позицияларын беекемдеп алды.
Борборчул-оңчулдар Европарламентте көпчүлүктү сактап калды
Жалпысынан ашынган оңчулдар ийгиликке жетишкени менен борборчул-оңчул Европанын Элдик партиясы (EPP) 720 орундуу Европарламентте көпчүлүктү сактап калмакчы. Алар атүгүл кошумча дагы 5 мандат жеңди.
Бул дагы бир мөөнөт Еврокомиссияны жетектөөнү көздөгөн Урсула фон дер Ляйен үчүн жакшы жаңылык.
Аналитиктер улутчулдардын ийгилигин баалардын өсүшүнө, мигранттардын көбөйүшүнө, жашыл экономикага өтүүнүн чыгымдарына болгон нааразылыкка жана Украинадагы согушка байланыштырып жатышат.
"Шайлоонун жыйынтыгын жалпылап айтканда: “Бир топ нерсе өзгөрүп, бир топ нерсе ошол бойдон калды” деп сыпаттайт элем. Себеби, өзгөрүүлөргө күбө болдук. Кээ бирлери буга чейин эле күтүлгөн болчу. Башкача айтканда, ашынган оңчулдар, борборчул-оңчулдар, Европа саясатындагы жалпы эле оңчул кыймылдары күтүлгөндөй добуш алды. Ашынган оңчулдар ийгилик жаратууну улантууда", - деген пикири менен бөлүштү европалык саясат борборунун директору Корина Стратулат.
Европарламенттин оңчул саясий күчтөргө ыктаганы коопсуздук, климаттын өзгөрүүсү, миграция, Кытай жана АКШ менен өнөр жай тармагындагы атаандаштыкка туруштук берүү өңдүү маанилүү маселелерде жаңы мыйзамдарды кабыл алууну кыйындатышы ыктымал.
Ал эми тышкы саясатка келгенде, жаңы шайланган Европарламент ири өзгөрүүлөрдү ишке ашыра албайт. Эксперттер Украинаны колдоо, шаркеттин кеңейүүсү өңдүү маселелерде блоктун позициясы ошол эле бойдон каларын болжолдошот. Кремлчил саясатты жактаган депутаттар олуттуу мыйзам чыгаруучу иш менен алектенбестен, парламенттин трибунасын Москванын айткандарын кайталоо үчүн колдонушу гана ыктымал.
Анын үстүнө тышкы саясатты аныктоо жана ал жаатта чечимдерди кабыл алуу мүчө-мамлекеттердин прерогативасы болуп саналат.