Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:53

Париж Киевге инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө 200 млн евро берет


Зеленский жана Макрон
Зеленский жана Макрон

Украинанын жана Франциянын президенттери Париждеги жолугушууда согуштан жабыркаган инфратүзүмдү калыбына келтирүү үчүн 200 млн евролук жардам фондун түзүү келишимине кол коюшту. Мунун ичинен 60 млн евро энергетикалык тармакты калыбына келтирүүгө жумшалат.

Париж Украинанын жергиликтүү долбоорлорун колдоо үчүн Франциялык өнүктүрүү агенттигинин мандатын кеңейтет. Бул тууралуу Жолугушуу соңундагы маалымат жыйынында француз президенти Эммануел Макрон журналисттерге билдирди. Анын сөзүнө караганда 20 техникалык эксперт Украинанын түрдүү министрликтерине жиберилет.

Макрон мурдараак Франция Украинага "Мираж 2000-5" кыргын салуучу учагын берерин жана украиналык 4,5 миң аскер кызматкерин окута турганын билдирген.

Владимир Зеленский Францияга Нормандиядагы аскердик операциянын 80 жылдык иш-чарасына катышуу үчүн барган. Зеленский ал жакта АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушту. Американын лидери Киевге жаңы аскердик жардам катары 225 млн доллар бөлүнгөнүн жарыялады. Байден аскердик жардам кечиктирилип жатканы үчүн алгачкы жолу ачык кечирим сурады.

Согуштун алгачкы бир жылында Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен орус аскерлеринин чабуулдарына каршы туруп, айрым тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алууга жетишкен. Бирок былтыртан бери фронтто абал кыйла өзгөрдү, украин бийлиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG