Лаборатория АКШдагы Cureline Biopathology компаниясы менен Салымбеков университетинин кызматташтыгы аркылуу ачылган.
Медицина илимдеринин доктору, онколог Рысбек Абдылдаев менен жаңы лабораториянын артыкчылыктары, рак ооруларын дарылоонун заманбап ыкмалары, Кыргызстандагы онкологиялык дартка байланыштуу көйгөйлөр тууралуу маектештик.
Жасалма интеллект кантип жардам берет?
- Рысбек мырза саламатсызбы? Кыргызстанда ушул жылы 6 миңге жакын онкологиялык илдеттер аныкталганын окуп калдым. Рак оорулары Кыргызстанда эле көбөйүп жатабы же бул дүйнөлүк тенденциябы?
- Бардык өлкөлөрдө ушундай тенденция болуп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), Франциянын Лион шаарындагы Рак ооруларына каршы уюмдун божомолдорунда жакынкы 10-15 жылда рак менен ооругандардын саны 30-70% өсөт экен. Калктын саны көбөйүүдө, ага жараша оорунун көрсөткүчү да жогорулай берет.
- Биз азыр мына ушул рак илдеттеринин бир канча түрүн аныктаган, жаңы, заманбап лабораторияда отурабыз. Муну ачуу идеясы кимге таандык, бул лаборатория башкалардан эмнеси менен өзгөчө?
- Лабораторияны ачуу идеясы Калифорниядагы Cureline Biopathology компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Ольга Потаповага таандык. Кыргызстанда төрөлгөн, №61 мектептин бүтүрүүчүсү. Ал кишинин демилгеси, меценат Аскар Салымбековдун колдоосу менен эки жылдан ашуун иштеп, ушул долбоорду ишке киргиздик.
Борбор Азияда мындай лаборатория биринчи жолу Кыргызстанда ачылды. Ушул жерде турган жабдыктар уникалдуу, чөлкөм боюнча бизде эле бар. Эң мыкты компаниялар, атайын экспертизанын негизинде алдык. Жабдыктарды экспертиза кылардын астында беш-алты абройлуу университетке байланышып, алардын кеп-кеңешин уктук. Экинчиден, кадр маселесин чечтик.
Бул жерде онкологияны жакшы билген адам иштеши керек. Бишкектеги Медициналык академияны аяктаган эки кыз, бир жигитибизди Санкт-Петербургда онкологияны окуп, ошол жакта иштеп жаткан жеринен таптык. Аларды алып келип, патология боюнча кайра окуттук, экзамен тапшырып, сертификат алышты.
- Бул лабораторияда бейтаптардын маалыматтык базасын, жасалма интеллектин жардамын колдонобуз деп жатасыздар. Ошондо менин анализм келип түшсө, дүйнөдөгү онкологдор да аны көрүп, өз сунушун айтабы? Жасалма интеллект кантип жардам берет?
- Санарип лабораториялар АКШда, Кытайда иштеп жатат. Биз буга жетүү үчүн бир нече кадамды жасадык. Дүйнөдөгү онкологдордун түйүнү бар, биз ошого мүчө болдук. Калифорниядагы, Израилдеги, Санкт-Петербургдагы, Кытайдагы онкологиялык илимий борборлор, абройлуу университеттер менен келишим түзүп, кол койдук. Жакында Жапония менен да сүйлөшүү жүргүздүк. Биздин лабораторияны, адистерди көргөндөн кийин көбү кызматташууга кызыкдар болууда. Биздин программаларыбыз ар бир микроскоптун үстүндө турат. Анын үстүндөгү рак клеткасы сканер аркылуу жалпы түйүнгө түшөт. Бизге өнөктөш болгон окумуштуулар аны көргөндөн кийин биз койгон диагноз боюнча кошумча ой-пикирин билдирет. Ооруну дарылоодо экинчи-үчүнчү адистин пикири болгону маанилүү.
Биздин жабдыктарга жасалма интеллектти колдонуу программалары орнотулган. Аны кантип колдонобуз? Биз дагы бир атайын жабдык алганы жатабыз, адистерди да окуттук. Эгер гинекологдор Кыргызстандагы кыз-келиндердин баарынын анализин бизге чогултуп берсе, ошол жабдык эки жума ичинде бүт баарын карап чыгат. Анан мага "мен 17 миң анализди карадым, бул клеткалар күмөндүү" деген сунуш берет.
Биринчиден, ал жатын моюнчасынын рагын пайда кылган вирусту табышы мүмкүн. Экинчиден, ракка өтө турган ооруларды, үчүнчүдөн рактын өзүн көргөзөт. Бул ыкма бизге чоң жардам берет. Бирок биз ЖИге эле ишенип калбайбыз, бейтапты кайра текшерүүдөн өткөрүп, анан диагноз коебуз.
Кийинки кадамыбыз - санариптик оорукана. Ага имарат куруунун деле кереги жок. Адистерди окутуп, кошумча жабдыктарды гана алуу керек. Анализдерди кайра эле дүйнөдөгү күчтүү онкологдорго жиберип, ошонун негизинде дарыласа болот. Азыр ошол долбоордун үстүндө иштеп жатабыз.
Өзбекстандын үлгү болчу кадамдары
- Ноябрь айынын соңунда Өзбекстандын президенти 25-30 жаштан жогору аялдарды жатын моюнчасынын жана эмчек рагына каршы милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү буйругуна кол койду. Расмий статистиканы карап көрсөк, бизде дагы аялдар арасында ушул эки илдетке чалдыккандар көп экен.
- Өзбекстанда бул иш үч-төрт жыл мурда башталган. Бул эл аралык программа, ага мен да барып катышып калдым. Бүт облустарында диагностиканы жакшыртып, Ташкенттеги улуттук онкология борборуна жаңы жабдыктарды алып, мыкты адистерди чакырышкан. Булар азыр ракты эрте аныктап, ошого жараша дарылоого басым кылып жатышат. Өзбек бийлиги эмчек жана жатын моюнчасынын залалдуу шишигин акысыз диагностика кылабыз, акысыз дарылайбыз, мамлекеттик деңгээлде көзөмөл кылып, кадрларды даярдайбыз деген жарлык чыгарды. Мурдагы союздук республикалардын бири да мындай кадам жасай элек. Беларус лидери Александр Лукашенко бир кезде ушуга жакын иштерди кылган. Ошон үчүн бул өлкөдөгү онкологиялык борборлордун деңгээли Европаныкына жакын десек болот.
Дагы караңыз Өзбекстан: Ракка чалдыккан аялдар бекер дарыланатӨзбекстанда келе жаткан жылы дагы бир чоң долбоор - биздин чөлкөмдөгү биринчи протон терапиясы ишке киргени жатат. Аны орнотуу оңой эмес, мамлекеттин уруксаты менен жабдыкты жасаган заводго күн мурунтан буюртма берүү керек. Протон терапия - рактын айрым түрлөрүн нур менен дарылаган жаңы ыкма. Өзбекстан кылып жаткан бул иштерди биз деле кылсак болот. Анүчүн мамлекеттик деңгээлде системаны жакшыртып, аракет кылуу керек. Мен Өзбекстанга бат-бат каттап, кесиптештериме жолугуп турам. Алардагы иштер бизде да жасалса деп ойлойм.
- Жатын моюнчасынын залалдуу шишигин айтып калдыңыз. Окуп көрсөм, аны жыныстык жол менен жуккан папиллома вирусу пайда кылат турбайбы. Кыргызстанда бир-эки жылдан бери өспүрүм кыздарды ушул вируска каршы эмдеп жатышат.
- Жатын моюнчасынын рагы вирустан пайда болору такталган маалымат. Ал организмде топтолуп отуруп, клеткаларды өзгөртөт да, рак пайда болот. Бул дарт кыргыз кыз-келиндери арасында көп жайылган. Биринчиден, элет жеринде шарт жок. Көзөмөлдөө, ооруну алдын алуу иштери жүрбөйт. Экинчиден, коомдун адеп-ахлак жактан бузулганы да папиллома вирусунун жайылышына салым кошууда. Эмне дегенде вирус аялга көбүнчө эркектен жугат. Күйөөсү тышка иштегени кетип, үйүнө келгенде жубайын ооруткан учурлар бар.
Кыргызстан азыр жатын моюнчасынын рагы боюнча алдыңкы орунда. Көбүнчө 30-35 жашка жеткенде пайда болуп, кыз-келиндер катуу кыйналып, каза табууда. Ага жол бербеш үчүн өспүрүм кыздарды эмдеш керек. Бул иш бир жылдык акция бойдон калбай, жыл сайын жүрүшү зарыл. Жатын моюнчасынын рагы кээ бир өлкөлөрдө жок, анткени аларда эмдөө жакшы жүргөн. ДССУ мындай аракеттерди колдойт, адистерди үйрөтөт, акысыз вакциналарды берет. Бирок эл арасында эмдөөдөн чочулагандар көбөйдү. Оорунун алдын алууга ар кандай түшүнбөстүктөр тоскоолдук кылууда.
Дагы караңыз "Рак илдетинен арылуунун жолу - эмдөөдө"Залалсыз шишиктерди операция кылуу туурабы?
- Эмчектин залалдуу шишиги тууралуу айтып калдык. Бирок залалсыз да шишиктер да бар да. Мисалы, бир аялдын эмчегинен фиброаденома табылды дейли. Биздин Онкология борборунда аны операция жолу менен алып, шишик залалдуу же залалсыз экенин аныкташ үчүн биопсияга жиберет экен. Бирок анын жыйынтыгы деле көп учурда туура чыкпай калат деп уктум. Башка өлкөлөрдө биопсияны бычак тийгизбей, шприц менен алышат турбайбы. Эмнеге андай ыкма бизде жок? Дарыгерлерде даяр эмеспи же ал кымбат процедурабы?
- Ошол абдан чоң көйгөй. Буга кеңешип бир чечимге келишибиз керек. Мен өзүм фиброаденома же башка залалсыз шишиктерди операция кылууга каршымын. Себеби, cүт бездери – эндокриндик орган, эмчекке бычак тийгенде патологияга айланып кетүү тобокелдиги бар. Азыр дүйнөдө мындай шишиктерди аныктай турган заманбап жабдыктар жетиштүү. Биз азыр бир адисибизди даярдап жатабыз. Ал бейтаптан биопсияны ийне менен алып ушул лабораторияда текшерет. Андан кийин рак клеткалары бар же жогуна жараша, бейтапка кайсы дарыгерге көрүнүү керектигин сунуштайт.
Эмчектеги залалсыз шишиктерди алуудан мурда себебин издеш керек. Булар көбүнчө гинекологиялык оорулардан улам пайда болот.
Бирок бизде ультра үндүү диагностика жасоо, залалсыз шишиктерди алып салуу чоң бизнеске айланып кетти. Экинин бири эле өзүн "маммолог" атап, туура эмес иштерге барууда. Негизи маммолог деген адистик жок, онколог-клиницист деген бар. Макул, алар залалсыз шишикти кесип алып салды дейли. Жыл аягында канча операция болгонун ким сурап жатат? Ошол бейтаптар кайра текшерүүдөн өттүбү, көзөмөлдө турабы?
Мындан эки жыл мурда чет элдик профессор менен Ош менен Бишкектеги 300дөн ашуун аялды текшерүүдөн өткөргөнбүз. Ошондо 70% аялдын же диагнозун, же дарылоо ыкмасын өзгөрткөнбүз. Бул эми биздин медицинанын артта калганы да.
- Көйгөйдү кантип чечсе болот?
- Студенттерди окутуу, дарыгерлерди даярдоо жол-жобосун өзгөртүү керек. Медициналык окуу жайлардын окуу усулдарын өзгөртүп, жаңы жабдыктарды алуу зарыл. Бул иштерди жасаса болот, көп деле каражаттын кереги жок. Элге да түшүндүү иштерин жүргүзүү керек.
Дагы караңыз "Ооруп жатсам күйөөм урган". Эмчек рагына чалдыккан аялдар- Азыр Онкология борборунда диагноз коюлган адамдардын көбү Түркияга дарылануу үчүн кетип жатат. Арасында жакшы болуп келгендери да, жыйынтыгы кейиштүү бүткөндөрү да бар. Мамлекет өз бейтаптарын өз өлкөсүндө дарылоону качан колго алат?
- Мен өкмөт жетекчилердин бири менен сүйлөшүп, бул боюнча оюмду айттым. Июль айында Стамбулга барганда бир профессор онкологго кезигип, ушул маселени талкуулаганбыз. Ал “түрк дарыгерлери биздей профессорлорду уят кылып жатат, ар бир бурчта акча алып, онкологияны бизнеске айлантышты” деп менден кечирим сурады. Ал кишинин эсебинде Түркияга кыргызстандык бейтаптардан жылына 50 миллиондон ашуун доллар түшөт экен. Мен бул өлкөдө дарыланган бир жигитти билем, түрк ооруканасына барган сайын 15-20 миң доллар төлөчү экен. Ага карабай туура эмес диагноз коюшкан экен, ошол бойдон дарылана берсе көпкө жашамак эмес. Биз дарылоо ыкмасын өзгөртүп, аман алып калдык.
Албетте, Түркия бизге боордош мамлекет, бирок дүйнөлүк конференцияларда түрк окумуштууларынын онкология жаатында доклад кылганын уга элекмин. Анткен менен Бишкекке жума сайын түрк профессорлору келет. Бул жактагы дарыгерлерге бейтаптарды жибергени үчүн 10-20% үлүш берип, кызылдай бизнеске айландырып алышыптыр.
Онкология борборунун маңдайында "Түркияга келип дарылан” деген чоң билборд илинип турат. Бул эми коррупциянын чокусу да. Башка өлкөдө мындай кылса, соттолуп кетишмек. Адам диагнозун билип нес болуп чыкса, маңдайында бакыйып, телефону жазылып турат. Медициналык туризм деп Ошто, Бишкекте кеңселерин ачып коюшкан. Акча табуу эле максат болуп, адамдын тагдыры экинчи орунга жылып калды.
Бейтаптардын бир даары Түштүк Кореяга да кетип жатат. Бул өлкөнүн системасы жакшы, корей окумуштуулары илимий конференцияларга катышып жүрөт. Бирок медициналык туризмдин кесепетин бул жактан да көрсөк болот. Котормочулардын көбү медик эмес, бейтаптын айтканын дарыгер, дарыгердин айтканын бейтап түшүнбөйт. Ортодогу акчанын цифрасы гана түшүнүктүү.
- Рактын эң оор түрлөрү өтүшүп кеткенде гана билинет, айрымдары МРТдан да көрүнбөйт деп жүрөт. Кыргыз медицинасы ракты аныктоо, дарылоону жакшыртуу үчүн кандай жабдыктарга муктаж?
- ПЭТ – компьютердик томография Кыргызстанда жок. Жеке ишкерлер Түркиядан бирди алып келип орноткон экен. Бирок анын иштеши мүмкүн эмес. Анткени ага керектүү радиофармпрепараттын мөөнөтү жасалгандан бейтапка сайылганга чейин эки гана саат. Андан кийин күчүн жоготуп, диагноз туура чыкпай калат. Бизге аны Түркиядан 8-10 саат жол жүрүп алып келип жатпайбы. Саламаттык сактоо министрлиги аны түшүнбөй эле лицензия берип коюптур. Ошол дарыны жасай турган жабдык өзүбүздө болсо жакшы болмок, бирок аны алыш үчүн Венадагы атомдук энергетиканы көзөмөлдөгөн МАГАТЭ уюмунун уруксаты керек. Ал эми уруксатты өкмөт гана сурай алат. Анткени радиофармпрепаратын жасаган аппарат көзөмөлдө болбосо, жаман иштерге да колдонулуп кетиши ыктымал. Экинчиси, бул жабдык менен иштей алган кадрларды даярдашыбыз керек. ПЭТ керек, ансыз биз рак кайсы стадияга өтүп кеткенин биле албайбыз. Орнотуу үчүн ашып кетсе 5 млн доллар кетет, бул Түркияга чыгып кеткен акчанын 10% эле болуп жатпайбы.
- Өткөндө онкологиялык илдети бар бейтаптар Ирандан алып келген дарынын сапатына нааразы болушту. Маалыматтарды карап көрсөк, рак илдетине керектүү дарылардын көбү Батышта жасалат экен. 2019-жылы эле Израилде жаңы дары чыгыптыр. Дегеним, ракты же оор илдеттерди дарылоодо геосаясат да роль ойнойбу?
- Биздин лаборатория ошол геосаясатты туура жүргүзүп, АКШ менен дагы, Кытай, Орусия менен дагы илим үчүн, рак ооруларына каршы биргеликте иштешебиз. Дары саясатын албетте жөнгө салуу керек, Кыргызстанда ракка каршы сатылган дарылардын көбү өтө кымбат. Аны сүйлөшүү жолу менен арзан алса болот. Албетте, дүйнөдө фармацевтика күчтүү бизнеске айланган. Маалыматтарды карап көрсөк, дүйнөдө быйыл эле 1 трлн 300 млрд долларга дары сатылган экен, анын 80% рак ооруларыныкы. Биздин жаныбыздагы Индия фармация боюнча держава. Америка дарынын көбүн ушул өлкөдө жасатат, рыногунун 30% Индиянын дары-дармеги ээлейт. Биз алардын туура фирмаларын тандап, келишим түзүшүбүз керек. Кээ бир сейрек дарылар АКШда эле колдонулат. Аларды окумуштуулар "сатыкка чыгарууга болот" деп бүтүм бергенче күтүүгө туура келет. Чыкса да кымбат болушу мүмкүн.
Дагы караңыз "Сапатсыз дары берип коюшту". Рак илдетине чалдыккандардын көйгөйү"Эмчек рагы тукум кууйт"
- Рак тукум кууй турганын айттыңыз. Батышта мындай клетка өзүндө бар-жогун билиш үчүн алдын ала генетикалык анализ тапшыргандар да бар экен. Бул лабораторияда дагы келечекте ушундай анализдер алынабы?
- Эмчектин рак оорусу тукум кууйт. Эгер ошол факторду молекулярдык-генетикалык изилдөө менен тапсак, жаш кызга “рак болбош үчүн дайыма көзөмөлдө бол, кайсы бир жашка барганда сүт бездериңди алдыр” деп айтмакпыз. Дүйнөдө белгилүү аялдар арасында мындай жолго баргандар бар. Себеби, энеси же чоң энеси эмчек рагы менен ооруса, ал кийин кыздарына да өтөт. Кремний өрөөнүндөгү Сан-Франциско биотехнологиялык изилдөө жүргүзгөндөрдүн мекени. Ал жерде 1400дөй компания иштейт. Биздин компаниябыз ошонун бирөө гана. Ал жерде жаңылыктар болуп жатса, биз биринчи болуп билебиз.
Азыр АКШда, Европанын айрым өлкөлөрүндө клеткалык терапия иштей баштады. Бирок ал кымбат, АКШнын өзүндө эле бир бейтап үчүн 1,5 млн доллар турат. Кыргызстан үчүн бул чоң сумма. Бирок Индиянын окумуштуулары муну окуп-үйрөнүп, баасын 100 миң долларга түшүргөнү жатат. Керек болсо, 60-70 миң долларга түшүрөбүз деген дымагы бар. Бул терапия керек, анткени рактын айрым түрлөрүнөн айыгуу үчүн мындан башка жол жок.
Ачык айтуу керек, Кыргызстанда жакшы кадрлар да бар. Эл аралык симпозиумдарга катышып, илимий макалаларды окуп жүрүшөт. Аларды таптап, даярдоо учур талабы. Андан тышкары жабдыктарды жаңыртуу керек. Мисалы, республикалык деңгээлдеги лабораториялардагы микроскоптор эски. Андан рак клеткасын көрүү мүмкүн эмес. Дүйнө өзгөрүп жатса 30 жыл мурдагы шаймандар, ыкмалар менен отурабыз.
- Клеткалык терапия тууралуу айтып калдыңыз. 2018-жылы рак клеткасын соо клеткадан айырмалаган иммунотерапияны тапканы үчүн эки окумуштуу Нобель сыйлыгын албады беле. Ал терапиянын өзгөчөлүгү эмнеде?
- Ошол сыйлык алган окумуштуулар Калифорнияда, бизге коңшу Беркли университетинде иштешет. Бул ачылыш илимдеги чоң жаңылык болгону менен андан чочулаган окумуштуулар да бар. Туура эмес максатта колдонулса, атомдук энергияны ачкандай эле коркунучтуу дешет.
Канда иммундук клеткалар бар, алар ар бир эки-үч мүнөттө организмде пайда болгон рак клеткаларын жоготуп турат. Кайсы бир себептерден улам иммундук клеткалар өз функциясын аткара албай калышы мүмкүн. Нобелди алган окумуштуулар ошол клетканы рак клеткасын таба тургандай кылып оңдоп, канды кайра бейтапка куюуну сунуштаган.
Дагы караңыз Нобел сыйлыгын ракты ооздуктагандар алдыБиздин компаниянын Европадагы филиалында ал иш жасалып жатат. Биз бейтаптын канын алып, ал жакка жибергенден көрө жеринде жасаганыбыз жакшы. Демек, андай лаборатория Кыргызстанга керек. Ага кайра эле лабораториялык жабдыктарды алып, адистерди окутуу керек.
- ХХ кылымда ракты хирургиялык жол менен дарылашчу экен. Кийин радиотерапия, химиотерапия пайда болуптур. Азыр терапиянын башка түрлөрү пайда болгонун айтып жатасыз. Бирок бизде химиотерапиянын сапатына нааразы болгондор жок эмес, "аны бүт организмге эмес, локалдуу эле ооруган жерге бербейби" деген пикирлер бар.
- Балдардын лейкоз (ак кан) оорусу бар. Анын клеткасы кан менен бүт организмге тарайт. Андай учурда химиотерапияны жилик чучугуна же бооруна гана бергенге болбойт. Бардык жагына жеткидей болууга тийиш. Химиотерапияны ооруган жерге эле саюу керек деген туура эмес маалыматтын айынан пайда болгон түшүнүк. Мисалы, теринин меланома деген абдан агрессивдүү шишиги бар. Аны чукулап койсоңуз бат эле өсүп, жайылып кетет.
Бул жерде дагы бир маанилүү нерсе - туура диагноз коюп, рактын кандай түрү экенин аныктоо. Мисалы, өпкө рагынын сейрек кездешкен түрү бар, аны менен негизинен аялдар ооруйт. Эгер ошол ооруну тапсак, бир эле дары менен өстүрбөй кармап калсак болот. Эч кандай радиотерапиянын да, химиотерапиянын да кереги жок. Дары менен кант диабети, жүрөк оорусу бар адамдардай эле жашап жүрө берет. Кыскасы, онкология – өтө кызык, татаал илим. Жыл сайын чоң жаңылыктар болуп турат.
"Бака-жылан ракты дарылабайт"
- Азыр климат өзгөрүп жатат. Мындай учурда рак оорулары козголуп, жаңы оорулар пайда болушу мүмкүн экени айтылууда. Кыргызстанда ушундай шартта кантип өмүрдү узартып, рактан сактансак болот?
- Онкологияда үч чоң көйгөй бар – алдын алуу, туура диагноз коюу анан дарылоо. Сиз алдын алуу жөнүндө айтып жатасыз. Эгер тамеки чекпесе, адамда өпкөнүн рагы пайда болбойт. Бир чети чөнтөккө да пайда. Анан өспүрүм кыздар эмдөөдөн өтүшү керек, антпесе Кыргызстан жатын моюнчасынын рагын жеңе албайт. Аны бир жылы эле жасап койбой, жыл сайын жасаш керек. Эмчек рагынын алдын алуу аялдын өз колунда. Кантип өзүн текшерүү керектиги жөнүндө маалыматтар жетиштүү. Үчүнчүдөн, кыргыздар той-топурду жакшы көрөбүз. Эмне жеп-ичип жатканыбызды карашыбыз керек. Азыр малды бат семиртүү үчүн ар кандай гормондорду сайып, антибиотиктерди берип жатышат. Бул абдан чоң көйгөй. Ракты козгойт, экинчиден, денебиз антибиотикти тоготпой калат. Биз ошол тамак-ашты баштыкка салып, үйгө да алып келип жатабыз.
Анын жанагы кичине шишик болсо эле кесип, алып салганды токтотуу керек. Биздин кээ бир адистер аялдын соо жатынын алып жатат. Бирок аны “эмне себептен, кайсы оорунун негизинде алдың?” деген көзөмөл жок. 45-60 миң сомду операция кылган кыз-келин эмнеге берди? Акчасын да, таза органын да алып жатышпайбы. Саламаттык сактоо министрлиги текшерип, караш керек да. Анткени бул коррупция. Менин 50 жылдай эмгек стажым бар, 20 жылдай Кыргызстанда иштедим. Мен адегенде патологияга, морфологияга көңүл бурам. Канча операция болду, алардан эмне табылыптыр дейм. Анан дайыма таза органдарды алып салгандарын көрүп таң калам. Муну токтотууга убакыт келди деп ойлойм.
- Рак тууралуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керекпи? Анткени бизде муну “жаман оору” деп көп айткылары келбейт. Айрымдар жугуштуу оорудан бетер качат, бейтапты кодулаган учурлар да жок эмес.
- Рак жугуштуу ооруларга кирбейт. Бул вертикалдуу түрдө тарай турган оору. Энесинде, чоң энесинде змчектин залалдуу шишиги болсо кыз жагынан кете берерин айттык. Андан сактануу үчүн маркерду таап, адам соо кезинде эле сактанууга аракет көрүшү керек. Горизонталдуу түрдө рак адамдан адамга жукпайт. Айрым факторлордон мисалы, тамактан, зыяндуу адаттардан, радиациядан көбөйүп кетиши мүмкүн. Буларды түшүнүү үчүн элди сабаттуулукка, ооруну алдын алууга үйрөтүшүбүз керек. Эмчек рагын 1-стадияда 100%, 2-стадияда 80% айыктырса болот. Төртүнчү стадияда эч нерсе кыла албайбыз. Чет өлкөдө рак корко турган же уяттуу оору эмес, ооруп калса жаап-жашырышпайт. Анткени бул адамдын тагдыры, өмүрү өзүнө гана таандык.
Дагы караңыз "Ойноп жаткан балам ооруп калды". Рак тооруган балалыкБизде айрым бейтаптардын балдары ата-энесине диагнозун угузгусу келбейт. Бирок ооруган адамдан сурасаң, оорусун билет. Андан көрө кантип дарылайбыз, кимге көрүнүү керек деген суроого жооп издеш керек. Эң кымбат оору – онкология. Ошону дарылоонун оптималдуу жолун тандоо зарыл. Мага келген бейтаптардын көбү эки-үч жерден МРТ жасаткан болот. Бул баягы эле дарыгердин кызыкчылыгы. Анализдерди алсак да ушундай кырдаал болуп жатат. Биринчиден, анын баары акча, экинчиден андай ишеним жаратпаган борборлордун эмне кереги бар? Дагы бир суроо жараткан нерсе, биздин министрликтин иммуногистохимиялык анализди алуу үчүн менчик лабораторияларга лицензия бергени. Аларда аны текшере турган жабдык жок да. Орусияга же башка жактарга жиберишет экен, чыгымдын баары бейтаптын моюнуна түшүп жатпайбы.
- Сиз жашаган АКШда эмчек рагынан жакшы болуп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору экен. Бирок айрым органдардын залалдуу шишигин дарылоо азыр деле оор деп окудум. Алар дарылай албаган да рактын түрлөрү барбы?
- Ракты дарылоодо Кыргызстанда болсун, дүйнөдө болсун ортодон чыга калган "табыптар" тоскоолдук жаратууда. Мен 50 жылдан бери иштеп келе жатам, ошондон бери алар да жарышып келе жатат. Себеби, алар онкология кымбат оору экенин, ооруган адам айыгып кетүү үчүн акчасын аябай турганын билишет. Бизде чоң базарлардын тегерегинде ракты бака-жылан менен дарылагандар отурат, акыркы жылдары аларга аконит менен дарылайбыз дегендер кошулду. Балким илгери кылымдарда, билим, медицина өнүгө элек, дары жок кезде булар ооруну басаңдатууга жардам бергендир. Бирок азыр ал ыкмалар эскирген, жарабайт. Биз илим менен жашап, ракты ошонун негизинде дарылоого үйрөнүшүбүз керек.