Орусия паралимпиадага катышпайт

Орусиянын паралимпиада курамасынын мүчөсү

Эл аралык паралимпиада комитети сентябрда Бразилияда өтө турган оюндарга Орусиянын курама командасын толугу бойдон катыштырбоону чечти. Бул тууралуу Рио-де-Жанейро шаарында өткөн пресс-конференцияда комитеттин жетекчилиги билдирди.

Орус курамасы буга чейинки оюндарда кызытма колдонгон деп айыпталууда. Ал эми Орусия Эл аралык паралимпиада комитетинин бул чечимин өтө катаал жана адилетсиз деп атоодо.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында азыр өтүп жаткан дүйнөлүк жайкы олимпиаданы улай сентябрь айында ушул эле жерде паралимпиада оюндары болот. Дүйнө жүзүнүн жүздөгөн өлкөлөрүнөн майып адамдар спорттун 30дан ашуун түрү боюнча таймашат.

Адатта паралимпиадага орусиялык спортчулар да активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлеп келет. Бирок быйылкы оюндарга алар катышпай турганын, буга Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) “Орусияда спортчулар арасында кызытма колдонуу мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп, ар тараптан колдоого алынып келгени” тууралуу доклады себеп болгонун 7-августта Эл аралык паралимпиада комитетинин жетекчиси Филип Крэйвен билдирди.

“Кандай гана жол менен болбосун, эптеп медаль алууну көздөгөн, байгени абийирден да жогору койгон орус бийлиги өз спортчуларын ушунчалык уят кылды, алар системанын курмандыгы болуп калды” деген Крэйвен Орусиядагы допингге каршы системаны “толугу бойдон коррупциялашкан, талкаланган” деп атады. Анын белгилешинче, орусиялык спортчулардын 2012-2015-жылдардагы анализдери кайра текшерилгенде алардын канындагы кызытманы жашырууга Орусиянын Спорт министрлиги, Федералдык коопсуздук кызматы жана башка мамлекеттик органдар активдүү катышканы тууралуу далилдер табылган.

Филип Крэйвен Орусияда мындай саясат мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп келгенин таймашка таза, допингсиз чыккан башка спортчуларга карата жасалган катуу чабуул деп атады жана Эл аралык паралимпиада комитетинин курамына кирген орусиялык уюмдун иши токтотулганын жарыялады:

- Башкаруучулар кеңеши Орусиянын паралимпиада комитетинин ишин тез арада токтотуу чечимин кабыл алды. Себеби ал допингге каршы программаны ишке ашыра албасын, өз милдеттерин аткара албасын көрсөттү, - деди Филип Крэйвен.

Ал арада орус тарап Эл аралык паралимпиада комитетинин чечимин сотко бермей болууда. Спорт министри Виталий Мутко аны “акылга сыйбас чечим” деп атады.

- Мамлекет паралимпиада комитетибизге бардык жактан колдоосун көрсөтөт. Лозаннадагы Арбитраждык сотко кайрылабыз. Эгер бул да жетишсиз болсо, анда териштирүү жарандык негизде уланат. Муну токтотууга убакыт келип жетти. Себеби чечимдер бир нерсеге негизделиш керек да, - деди Мутко.

Орусия Эл аралык комитет өз чечимин негиздеп берчү “далилдерди келтирбей, кызытма колдонду деген спортчулардын аты-жөнүн так атабай жатат, демек конкреттүү фактыга таянбаган жалпы докладдын негизинде курама команданы кезектеги олимпиададан четтетүү чечими адилетсиз болду” деп атоодо.

Анын үстүнө буга чейинки паралимпиадада орусиялык майып спортчулар жалпы эсепте биринчи орунду ээлегендиктен “бул жолу бизден коркуп” жатышат деген да көз караш бул өлкөдө өкүм сүрүүдө.

Бирок Эл аралык паралимпиада комитетинин Спортчулар кеңешинин төрагасы Тодд Николсон далилдер жетишүү дейт:

- Сочидеги паралимпиадада алынган анализдердин ар бирин жакын арада дагы кошумча соттук-медициналык экспертизага жөнөтөбүз.

Расмий докладда допингге шектелген 35 орусиялык паралимпиадачынын аты аталды.

Жалпысынан кезектеги оюндарга Орусиядан 270 спортчу катышканы жаткан.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик өткөн айда орус спортундагы кызытма, анын колдонулушуна жол берди деген мамлекеттик органдар тууралуу чуулгандуу докладын жарыялап, натыйжада Орусиянын Рио олимпиадасына катышуусу күмөн жараткан. Бир катар териштирүүлөрдөн кийин 100дөн ашуун спортчу Бразилияга баруу укугунан ажырап, калгандары гана Риого жөнөп кеткен.