Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19

Орус спортчулары Риого аттанды


Орусиянын улуттук командасы 28-июлдун таңында Рио-де-Жанейрого учуп кетти. Орусия бир жылдан бери допинг жаңжалынын чордонунда болуп келатат. Акыркы күндөргө чейин алардын катышуусу күмөн болчу.

Орусия 5-августта башталып жаткан Рио оюндарына 250дөн көп спортчусу катышарын билдирди. Өлкөнүн Олимпиада комитетинин төрагасы Александр Жуков алар тиешелүү федерациялары тарабынан допинг колдонбогон деп табылганын айтты. Ал эми команданын 100дөн ашык мүчөсү, анын ичинде жеңил атлетчилер толугу менен жарыштан четтетилген.

Олимпиадачыларды узатуу жолугушуусунда президент Владимир Путин жеңил атлетчилерди бардыгын тегиз жазалоо, анын ичинде бир да жолу допинг аныкталбаган бир нече жолку чемпион Елена Исинбаеваны четтетүү өтө адилетсиз деди:

- Бир да жолу допинг эрежелерин бузбаган жеңил атлетчилерибиздин дисквалификациясына макул эмеспиз. Бул ачыктан ачык дискриминацияны кабыл алуу мүмкүн эмес. Мунун бардыгы Олимпиада кыймылынын принциптерине таптакыр коошпойт.

Елена Исинбаева
Елена Исинбаева

Олимпиаданын эки жолку чемпиону Исинбаева Риого аттанып жаткан мекендештерин колдорунан эмне келээрин көргөзүүгө, өздөрү жана барабай калгандар үчүн күрөшүүгө үндөдү.

Жуков оюндарга катышуу укугун алган атлеттердин толук тизмеси 30-июлда жарыяланарын айтты. Бирок Орусиянын салттуу күчтүү командасы – 21 гимнасттын тагдыры тууралуу азыркыга чейин бир да сөз айтыла элек.

Гимнастика боюнча Эл аралык федерация апта башында кызытма колдонбогон орусиялык спортчулар такталганын, Эл аралык Олимпиада комитетинин жактыруусун күтүп жатканын маалымдаган.

Өткөн жекшембиде комитет орусиялык бардык спортчуларды Рио оюндарынан четтетүү сунушун четке каккан жана ар бир спортчу боюнча акыркы чечимди кабыл алууну тиешелүү федерацияларга калтырган.

Орусиянын улуттук командасын толугу менен Олимпиадага катыштырбоону Допингге каршы эл аралык агенттик – WADA өтүнгөн. Агенттик жакында жарыялаган иликтөөдө орусиялык лабораториялар тыюу салынган заттарды колдонгон спортчулардын анализдерин атайлап жашырышканы айтылган. Жергиликтүү спортчуларды Сочи Олимпиадасындагы көрсөткүчтөрүн жакшыртууну көздөгөн андай бурмалоолорго коопсуздук кызматтар да аралашканы белгиленген.

Ал эми былтыр ноябрда жарыялаган баяндамасында WADA орус жеңил атлетчилерин тыюу салынган дары-дармектерди пайдаланганы үчүн айыптаган. Эл аралык комиссиянын корутундусунда Орусиядагы допинг тест жүргүзүүчү лабораторияда эки миңге чукул допинг-тест жана кандын үлгүсү жок кылынганы аныкталган болчу. Кийинчирээк Орусиянын Жеңил атлетика боюнча федерациясы Эл аралык федерациялар уюмунан чыгарылып, орусиялык жеңил атлетчилерге бардык эл аралык мелдештерге, анын ичинде Олмпиадага катышуу укугунан ажыратылган.

Ал эми 27-июлда Оор атлетика боюнча Эл аралык федерация 2012-жылкы Лондон оюндарында алынган допинг анализдери позитивдүү болуп чыккан 11 спортчунун үчөө орусиялык медалисттер экенин билдирди. Алар боюнча акыркы чечим кабыл алына элек, бирок орусиялык оор атлетчилер командасы толугу менен дисквалификацияланышы мүмкүн.

Анализдеринде тыюу салынган анаболикалык стероиддер табылган калган спортчулардын көбү мурдагы советтик өлкөлөрдүн – Армения, Беларус, Молдова, Казакстан, Азербайжан жана Грузиянын жарандары болуп чыкты. Буга чейин допингге байланыштуу Болгария оор атлетчилеринин мелдешке катыштырылбасы белгилүү болгон.

Олимпиадаларда алынган анализдер эреже боюнча 10 жыл сакталып, аларды текшерүү ыкмалары өнүккөндө кайра ачса болот.

2008-жылкы Бээжин жана 2012-жылкы Лондон оюндарынын анализ үлгүлөрү кайра текшерүүдөн өткөрүлгөндө азыркыга чейин 98 спортчудан кызытма табылды. Алардын 31и оор атлетчилер.

XS
SM
MD
LG