Бул жолку Олимпиада Бразилиянын өзүндө да, дүйнөдө да ири талаш-тартыштар менен башталууда. Анын бири - допинг жаңжалы.
Кызытма менен кармалгандар буга чейин деле болуп келген. Бирок бул жолкусу мамлекеттик, балким андан да жогору деңгээлге көтөрүлдү.
2014-жылы башталган чатактан кийинки текшерүүлөрдө ондогон спортчулар мурдагы эки Олимпиадада кызытма колдонгону ашкереленип, медалдарынан кол жуушту. Бул тизмеде Орусия алдыга чыкты. Оор, жеңил атлетика федерациялары толугу менен, баары биригип 100дөн ашуун спортчусу Олимп оюндарынан четтеди.
Буга байланыштуу дүйнөлүк Допингге каршы агенттиги (WADA) көз карандысыз иликтөө дайындады. Анын жыйынтыгы жуп Оюндар башталарда, июлда чыгып, атлеттер Орусия Спорт министрлигинин уруксаты менен допинг колдонгон деп табылды. Мындан улам WADA бүтүндөй орус курамасын Олимиададан четтетүүнү талап кылды.
Бийликтин айынан спортчулар жабыркабашы керек деген Эл аралык Олимпиада комитети “тазалыгын” далилдеген спортчу катыша берсин деди. Акыры талаш-тартыш менен 4-августта гана 271 орусиялык спортчу оюндарга катышууга уруксат алышты.
Бул арада оюн өтүүчү Бразилиянын өзүндө нааразылык акциялары басылган жок. Алар Олимп оюндарын өткөрүүгө эбегейсиз каражат (12,3 млрд доллар) коротулганына каршы. Жада калса Риодо Олимп отун кубангандар менен катар жүздөгөн демонстранттар да тосуп алышты.
Экономикалык каатчылыкты саясий кризис коштоду. Чыгымды дагы көбөйтүүнү көздөп, бюджеттеги анык таңсыктыкты жашырган делип, президенти Дилма Русеф териштирүү учурунда кызматынан четтетилди. Азыр Бразилияны убактылуу президент башкарууда.
Ушул күндөрү депутаттар Русефтин маселесин кароодо жана тагдыры Олимпиада жыйынтыгы менен кошо, августту аяктай чечилиши күтүлүүдө. Импичмент жарыяланып, бийликтен таптакыр кетиши да ыктымал.
Бразилиядагы Олимп майрамынын маанайына суу сепкен дагы бир маселе - Зика вирусу. Чиркейлерден жуккан бул илдет менен өлкөдө миллиондой киши ооруп, сакайды. Вирус өзгөчө ысыкта күчөгөндүктөн, оюнга келчү конокторду, спортчуларды чочутууда. Ушуга жана дүйнөдөгү акыркы теракттарга байланыштуу көрүүчүлөр аз болот деген кооптонуулар күчүндө.
Ошентсе да, бийлик Оюн учурунда жарым миллион турист, алардан 1,7 млрд. доллар түшөрүн күтүүдө. Келип калгандарынын айрымдары шаар тууралуу ойлорун бөлүштү.
Испаниялык Кристина Гарсиа: Менимче, шаардын өзү көп деле көңүлгө толорлук эмес. Өзгөчө мындагы адамдардын мамилеси. Бул мен көргөндөрдүн эң жаманы. Метро маселеси да бар. Аны мурда эле куруп бүтүшү керек эле. Эми ага да мейли. Бирок мындагылардын аракет, даярдыгы жакшы. Шаарды Олимпиадага жакшы даярдашыптыр.
Италиялык Моурисио Белли: Келгениме эки күн болду. Бирок маалымат каражаттарынан уккан көйгөйлөр бар деп ойлобойм. Зика, чиркейлер жок. Кылмыштуулук жагынан да проблема көрбөдүм. Полиция, аскер адамдарынын көп экени кубантат. Чынында чочулабай эле жүрө берчү жер экен.
85 миңден ашуун полиция жана аскерлер коопсуздукту күзөтмөй болууда. Мурдагы Лондон Олимпиадасында коопсуздук үчүн тартылган полициячы менен аскерлер 30 миң болгон.
XXXI жайкы Олимп оюндарынын ачылыш аземи Рио-де-Жанейро убактысы боюнча 5-августта кечки 8де, Бишкек убактысы боюнча 6-августта таңкы 5те башталат. Ага 207 өлкөдөн он миң ашуун спортчу катышат. Кыргызстандан 19 спортчу жөнөп кетти.
Спортчулар бул жолу рекорддук сандагы, тагыраагы 300дөн ашуун медаль комплектилери үчүн таймашат.