Илдетке каршы күрөштү бурмалаган үч сайт

Орусиянын дезинформациясы тууралуу ЕБнын плакаты.

Орусиянын дезинформациясы тууралуу ЕБнын плакаты.

АКШнын расмий адамдары англис тилинде чыкчу үч веб сайтты аныкташканын, алар коронавирус пандемиясы тууралуу бурмаланган маалымат таратып жатканы аныкталганын билдиришти.

«Associated Press» (AP) агенттиги ошол аткаминерлерге таянып жазганына караганда, АКШнын пандемияны ооздуктоо аракеттерине көлөкө түшүрүүнү көздөгөн сайттардын башында мурда ГРУда иштеген эки киши турат.

«Associated Press» (AP) агенттиги 28-июлда америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме менен ошол сайттардын Орусиянын атайын кызматтары менен байланышы тууралуу кабарлады. Маалыматка караганда, Америкадагы жана Батыштагы окурмандарга маалымат таратуунун артында Орусиянын аскердик чалгын кызматы же ГРУда жетекчилик орундарды ээлеп келген эки киши турат.

Америкалык аткаминерлер AP агенттигинин кабарчыларына ал маалыматты бергенде кеңири коомчулукка таратуу ыйгарымдары жок экенин белгилеп, аттарын атабоону өтүнүшкөн.

Дагы караңыз Лондон Москваны айыптады

Пандемияга байланышкан бурмаланган маалыматтар тууралуу кабарлар буга чейин эле чыгып келген, бирок бул ирет ала кушту атынан атап, Орусияда каттоодон өткөн «InfoRos» маалымат агенттиги жана анын карамагындагы «InfoRos.ru», «Infobrics.org» жана «OneWorld.press» сайттары тууралуу айтылды.

Ушул майдын этегинен июлдун башына чейин ал сайттарда пандемияга каршы чараларга байланышкан 150дөй макала жарык көрүп, расмий адамдардын бири айткандай, айрымдарында Орусиядагы абал жагымдуу сүрөттөлгөн, башкалары АКШга жалган жалаа жапкан мазмунда жазылган.

Алсак, Орусия Кошмо Штаттарга пандемия менен күрөшүү үчүн ири жардам берген деген тариздеги баяндамалар, Кытайдын коронавирус биологиялык курал болушу ыктымал деген билдирүүлөрүн бекемдеген макалалар бар. Сайттар ошондой эле АКШнын бир катар шаарларында расалык теңсиздикке каршы акцияларды баса белгилешкен.

Чындыкка коошпогон маалымат таратуу маселесине АКШ ноябрдагы президенттик шайлоого даярданып жаткан тушта көп маани берилүүдө. Америкалык саясатчылар Орусия бул ирет да өнөктүккө кийлигишүүсү мүмкүн экенин эскертишүүдө. АКШнын коопсуздук түзүмдөрү жана Конгресстин комитеттери 2016-жылкы добуш берүүдө Москва социалдык тармактардагы жашыруун кампания аркылуу Дональд Трамптын талапкерлигин сүрөөнгө алган деген бүтүмгө келишкен.

Дагы караңыз АКШ, чуулгандуу иликтөө, демократтардын сыны

AP менен маектешкен расмий адамдар ошол сайттар тууралуу айтып жатканынын себебин азыртадан коңгуроо кагып, сөз болгон сайттар менен орусиялык чалгын кызматынын ортосундагы байланыштын бетин ачуу зарылдыгы менен түшүндүрүштү.

«"InfoRos"маалымат агенттигинде жетекчи кызматты ээлеген эки киши мурда ГРУда иштечү. Алар Денис Тюрин жана Александр Старунский экени аныкталган. Алар кызмат өтөгөн бөлүм аскердик психологиялык чалгын иштерине адистешет. Экөө тең ошол бөлүмдө иштегендер менен тыгыз байланышып турушат» , - деп жазат «Associated Press» америкалык аткаминерлердин бири айткан сөздөргө таянып. Агенттик «InfoRos» өкүлдөрүнөн комментарий алууга аракеттенгенин, бирок электрондук катка жооп келбегенин кошумчалады.

«InfoRos» «Фейсбуктагы» баракчасында өзүн «Маалымат агенттиги: Дүйнө Орусиянын көз карашы менен» деп тааныштырат.

Өткөн айда Еврошаркетти бутага алган жалган маалымат таратуучу булактар менен күрөшкөн «ЕU DisinfoLab» бейөкмөт уюму ошол агенттик менен «One World» сайтынын орус аскердик чалгын кызматы менен байланышын талдаган отчетун чыгарган. Ага чейин «The Washington Post» гезити да «InfoRos» ГРУ менен байланышта экенин жазган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​