Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:22

АКШ, чуулгандуу иликтөө, демократтардын сыны


АКШнын башкы прокурору Уильям Барр. 18-апрель, 2019-жыл.
АКШнын башкы прокурору Уильям Барр. 18-апрель, 2019-жыл.

Орусиянын АКШдагы 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллердин баяндамасынын редакцияланган версиясы 18-апрелде Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Атайын прокурор Роберт Мюллердин баяндамасынын редакцияланган версиясы жарыялангандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо жасаган биринчи билдирүүсүндө күнү жакшы башталганын айтты:

- Көмүскө сүйлөшүү жана тоскоолдук эч качан болгон эмес жана болбойт. Биз муну аягына чыгарышыбыз керек. Мындай окуя башка президенттердин башынан өтпөшү зарыл, - деген Трамп Мюллердин командасы иликтеп чыккан баяндамадагы ага каршы айыптардын баарын «жалган жалаа» деп атады.

Трамп "Твиттердеги" баракчасына "менин сынчыларым жана радикал солчул демократтар үчүн оюн бүттү" деген жазуусу бар мем чыгарды.

Отчет жарыяланардан бир аз мурда Кошмо Штаттардын башкы прокурору Уильям Барр Мюллердин иликтөөсүндө Орусия 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүүгө аракеттенгени аныкталганын жана буга далилдер келтирилгенин айтты.

Баяндаманын редакцияланган версиясы жарыяланардын алдында 18-апрелде өткөргөн маалымат жыйында Барр иликтөөнүн алкагында президент Дональд Трамп жана анын шайлоо штабынын мүчөлөрү Орусия менен байланышта болгонунун далилдери табылбаганын кошумчалады:

- Эки жылга созулган иликтөө, прокуратурага чакыруулар, жүздөгөн сурактардан кийин атайын прокурор орус өкмөтү 2016-жылкы президенттик шайлоого мыйзамсыз кийлигишүү аракетин каржылаганын ырастады, бирок Трамптын кампаниясынын же башка америкалыктардын бул аракеттерге тиешеси болгонун тапкан эмес, -деген Барр баяндамада Орусиянын шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөрдүн алкагында Трамп сот адилеттигине тоскоолдук кылганы боюнча эч кандай далилдер жок экенин айтты.

Ал эми отчеттун редакцияланышы боюнча түшүндүрмө берип жатып башкы прокурор Трамп тууралуу материалдарга оңдоп-түздөө киргизилбегенин айтты, ошол эле маалда ал президенттин юристи редакцияланган версия менен таанышканын кошумчалады.

Мюллер эмнени иликтеген?

Атайын прокурор Роберт Мюллер Трамптын шайлоо штабынын мүчөлөрү анын жеңишин камсыздоо үчүн Орусия менен көмүскө сүйлөшүүлөргө барышканбы жана Трамп менен анын өнөктөштөрү бул боюнча иликтөөгө тоскоолдук кылуу аракетинде сот адилеттигине мыйзамсыз кийлигишүүгө аракет жасашканбы деген шек саноонун тегерегинде иликтөө жүргүзгөн.

АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер. 15-апрель, 2019-жыл. Вашингтон.
АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер. 15-апрель, 2019-жыл. Вашингтон.

Мюллердин иликтөөсү 22-мартта аяктаган. Төрт жүз барактан турган иликтөөнүн жыйынтыгын ал ошол күнү Баррга тапшырган. Эки күндөн кийин башкы прокурор Конгресске атайын төрт барак кат жөнөтүп, анда атайын прокурордун иликтөөсү боюнча өз бүтүмдөрүн келтирген. Ал катта да «иликтөөдө Трамп же анын шайлоо штабынын мүчөлөрү Орусиянын шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүүсү тууралуу Кремль менен көмүскө сүйлөшүүлөргө барганы аныкталган эмес» деп жазган.

Ошол эле убакта ал өз катында «президенттин мыйзам бузганы аныкталбаса да, бул аны толук жоопкерчиликтен бошотпойт» деп белгилеген. Баррдын бул резюме-катынан кийин демократ мыйзам чыгаруучулар андан Мюллердин толук отчетун Конгресске берүүнү жана коомго жарыяланышын талап кылышкан.

Баяндамада эмнелер айтылган?

Атайын прокурордун баяндамасынын редакцияланган версиясында Трамп Орусиянын шайлоого кийлигишүүсү тууралуу иликтөөнү өз көзөмөлүнө алганга жана Мюллер президенттин сот адилеттүүлүгүнө ыктымал тоскоолдук жаратуусун иликтеп баштаганда аны кызматтан четтетүүгө аракет көргөнү жазылган.

Баяндамада 2017-жылдын июнь айында Трамп Ак үйдүн адвокаты Дон МакГанга ошол кезде баш прокурордун милдетин аткарып жаткан Жефф Сешнсге Мюллерде кызыкчылыктар кагылышы жаралганын жана аны четтетүү керектигин айтууну тапшырганы айтылган. МакГан президенттин тапшырмасын аткаруудан көрө отставкага кетүү оңой деп чечкени да белгиленген.

Отчетте Трамптын мурдагы жеке адвокаты Майкл Коэн Конгрессте жалган көрсөтмө берердин алдында бир нече ирет Ак үйдүн адвокаты менен сүйлөшкөнү белгиленген.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Вашингтон. 18-апрель, 2019-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп. Вашингтон. 18-апрель, 2019-жыл.

Мына ушулар фактылардын ачыкка чыкканына карабастан, Мюллер Трамп сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жаратканбы же жокпу так аныктай албай жатканын өз баяндамасында билдирген.

Анда ошондой эле 12 барактан турган Мюллердин суроолоруна жазуу түрүндө берилген Трамптын жооптору камтылган.

Президент 2016-жылдагы саясий митинг учурунда Хиллари Клинтондун серверинен өчүрүлгөн электрондук каттарды таап берүү боюнча орусиялык хакерлерге жасаган кайрылуусу «тамаша жана какшык» иретинде айтылганын белгилеген.

Трамп шайлоо кампаниясынын маалында ал Орусиянын демократтардын компьютердик системаларына чабуул жасоо же кийлигишүү аракеттери тууралуу укпаганын жазган.

Трамп буга чейин Мюллердин иликтөөсүн сындап, бул процессти аны презденттиктен кетирүүгө багытталган «бийликти төңкөрүү аракети» деп атап келген. Демократтардын Конгресстеги жогорку даражалуу өкүлү Мюллердин баяндамасынын редакцияланган версиясы Трамп сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жаратканын далилдегенин айтты.

Демократтар нааразы

Баррдын редакцияланган отчету Конгресстеги жооптуу адамдарга дароо таркатылды. Вашингтондогу демократтар башкы прокурорду баяндама жарыяланардын алдында маалымат жыйын өткөрүү менен Трампты отчеттогу негативдүү маалыматтардан коргоо аракетин көрүп жатат деп айыпташкан. Өкүлдөр палатасынын юридикалык комитетинин төрагасы Жерролд Надлер:

- Мюллердин баяндамасынын толук эмес вариантында да президент Трамп сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жаратууга жана башка мыйзамсыз аракеттерге катышканы тууралуу тынчсызданткан далилдер келтирилген, - деп билдирди.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына “Башкы прокурор Барр Мюллердин баяндамасына позитивдүү өңүт берип, коомдук пикир жаратуу максатында Трамптын администрациясынын укмуштуудай аракеттерин бекемдеди”, - деп жазды.

Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер ушул эле социалдык тармакка «Трамптын кампаниясынын маалымат жыйын аяктагандан кийин Конгресс менен америкалык коомчулук баяндама менен тааныша турган убакыт келди”, - деп комментарийледи.

Песков: Баяндама Кремль үчүн маанилүү эмес

18-апрелде Орусиянын президентинин расмий өкүлү Дмитрий Песков "Мюллердин баяндамасынын жарыялынышы маанилүү эмес" деп айтты.

«Бул биз үчүн маселе эмес. Тынчыбызды ала турган же кызыктырган да нерсе эмес. Бул суроо боюнча буга чейин жарыяланган бардык отчеттердо кыска билдирүүлөрдөн башка эч нерсе болгон эмес», - деген Песков Кремлдин башка маанилүү жана кызыктуу иштери көп экенин кошумчалады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG